Алматы, Москваны түрө кыдырып гастролдоп жүргөн Курмангазы Азыкбаев жакында эле кызы Нурайымды күйөөгө узаткан. Нурайымдын заманбап тою 27-октябрда болуп өттү. Жалгыз, анан эрке кызына атасы 7000 доллардын көзүнө карабай сеп даярдады. “Эрке кызымдан акчамды аябайм, эң негизгиси, күйөө балам экөө бактылуу болушсун” дейт сүйүнгөн Курмангазы мырза.