Вице-премьер Ибрагим Жунусов эмдиги жылдан тарта студенттердин стипендиясын 100 пайызга жогорулатуу тапшырмасын тиешелүү министрликтерге тапшырды. Эгерде ал 2012-жылдын бюджетине киргизилип калса, 58 миллион сом керектелет.
Өзбекстан бир жарым жыл мурун жабылган Кыргыз-Өзбек чек арасындагы “Дустлик-авто”өткөрүү пунктун ачты. Ал 26-октябрдантарта жазында эртең менен саат 8денкечки 8гечейин, кышында 6гадейре иштейт.
“Кыргызстан 46 өлкөгөвизасыз режим киргизет”,- деди Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев.
22-октябрда 23:00чамасында коюн издеп чыккан Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Суроо-Таш айылынын тургуну Сайитислам Кучкаровго карата өзбек чек арачылары Кыргыз-Өзбек чек арасына жакын жерде ок чыгарышкан. Ал операциядан кийин ооруканада дарыланууда.
Шайлоо учурунда күтүлбөгөн окуялар болуп кетсе, ИИМ 860 кызматкерин 2 сааттын ичинде учак, 10сааттын ичинде автоунаа менен тиешелүү аймакка жеткире алат.
Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, Ысык-Көл облусунун «смотрящийи» делген 41 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Жеңиш Токтобаевкармалды.
“Ош облусундагы “Кара-Суу” базарынын директору Абдалим Жунусовдун өлүмүнө шектүү делип 34 жаштагы Сапарали Аканов кармалды”,- дейт Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев.
Метеорологиялык борбордун маалыматына ылайык, 28-30-октябрь аралыгында күн кескин суук болуп, өрөөндүү райондордо карга айланган жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы күндүз 1-6 градуска чейин төмөндөйт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
monchok
2011-10-31 13:41:55
жакшы жанылык экен!!!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.