КЕЛДИБЕКОВ МЕНЕН ОТУНБАЕВАНЫН ТЕЛЕКАНАЛ ТАЛАШЫ

Спикер менен президент 5-канал үчүн тирешип отуруп, 21-октябрь күнү парламенттик каналды түзүү жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Роза Отунбаеванын айтымында, Жогорку Кеңеш бул каналга басым көрсөтүп, аны өз көзөмөлүнө алууну каалайт. Сөз эркиндигин кысуунун жаңы үлгүсү 5-каналдын тегерегиндеги окуялар болорун жашырган эмес.
ЖКнын төрагасы болсо 5-каналдын жетекчилигин алмаштыруу аркылуу иш баштаарын билдирген. Максим Бакиевдин убагында иштеп келгендер азыр дагы буюртма менен иштейт”,- деди ал. Коомчулукта Келдибеков 5-каналды ээлегиси келет” дегендер да бар. Бирок 5-канал кимдир бирөөнүн кожоюндугуна эмес, ЖКнын көзөмөлүнө өтүп жаткандыгы эске алынбай жатат сыңары. Келдибеков ээрден шыпырылган күндө деле 5-канал парламенттик бойдон кала берет эмеспи. Парламенттик республикага айланган Кыргызстанда ЖКнын ишмердигин чагылдыруучу телеканалдын болгону акылга сыярлык көрүнүш.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
bostars
2011-10-31 13:39:30
Туура,спикерге 5.....
0
Jakulinka
2011-11-01 03:10:21
ka4an ar bir korunuwtu ele oz kozomolubuzdun astyna algandy toktotobuz!tuura kanal mamleketke karasyn,birok jurnalistika jaatynda ilim bilimduu insan gana jetej4i bolup,kanal e4 bir mekeme je mamlekettin koz karandysynda iwtoosu tuura emes!demokratiya bolgondon kiyin,4ektoo koyuu tuura emes dep oiloimun!ansyz deke 1-telekanaly J.K kozomolundo!kanday gana janylyk
0
Likvidator
2011-11-03 01:40:31
Парламенттик олкодо спикердин айтканы мыйзам . Ал олконун башчысы .
0
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан