Жогорку Кеңештин алдында адилеттүү сот үчүн митинг уюштурган адамдардын алтоо жазага тартылды. 6-октябрда болгон митинг учурунда УКМКнын кызматкерлери парламенттин имаратынын эшиктерин жабышкан болчу. Көпчүлүк депутаттар да Жогорку Кеңештин имаратына кирбей калышкан. Мына ошондон улам Жогорку Кеңеш митингге байланышы бар күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча тапшырма берген. “Анын натыйжасында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 6 адам 300 сомдук айыпка тартылды”,- дейт Ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиев.