Интернет айдыңы дагы бир компроматтык видеого байыды. Анда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго өтө окшош бирөө токмок жеген. Кадыресе жашоого караганда видео боевик тасмасынын эле өзү. Ээн талаа, катуу ылдамдыкта келген унаалар, ичинен түшкөн чымыр денелүү жигиттер...
Бул видео ушул күнгө чейин кеңири таралган эмес. Бирок эл ичинде былтыркы жылдын Июнь окуясынан кийин “Мырзакматовду өзбектин тың чыкмалары сабап кетишиптир” деген кеп тараган. Ошондон улам Оштун мэри август айында “эс алуу” деген шылтоо менен Кытайга дарыланганы кеткени айтылып жүргөн. Аталган видеодо Мырзакматовбу же ага өтө түспөлдөш бирөөбү, шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт дей туралы. Балким, Мырзакматов мырза бул тууралуу өзү үн катып калат чыгар...