КАЗАКТЫН ӨТПӨГӨН КӨМҮРҮ КЫРГЫЗГА САТЫЛГАН

“Бишкек шаарынын жылуулук электр станциясында Казакстандан сатылып алынган 80 миң тонна радиактивдүү көмүр жатат. Арзан алынгандыгы үчүн кайтарып берүү да мүмкүн эмес”,- деди депутат Райкан Төлөгөнов. Жылуулук электр станциясынын башкармалыгына Ахматбек Келдибеков тарабынан телефон чалып, Кыргызстанга мындай көмүрдү алып келүүнү спикердин жардамчысы көзөмөлдөгөнүн да билдирди. “Ата Мекен” фракциясы Келдибековдун жардамчысынын тиешеси бар же жогун аныктоону Башкы прокуратурага тапшырды. Айта кетсек, көмүр “Кулан ТБ” компаниясынан өзүбүздүн көмүрдүн 1 тоннасы 55 доллар болуп жатканда ал 23 доллардан сатылып алынган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
arlekino
2011-10-31 12:48:46
казактар негизи эле копту...сууну бууп койсо бир аз эстерине келет эле...
0
monchok
2011-10-31 13:45:46
казактар копту бул чындык. сууну бууп батыра албайбыз батыра турган жерибиз да жок.казак,сарттар ошону билип кооп жатышат
0
achi
2011-11-01 01:34:20
сууну кышындасы кобурак койоберип жайындасы азырак койоберип турса эле иш бутту дечи. Биз озубуздо деле ошондой комурлор бар жатат иштетилбей эле. Мен озум Маркай деген жерге жакын жерде жашайм,мындай комурлор жатат ташылбай эле. Арамза калк болобуз кытайларга окшоп иштегенибизде эмдигиче онугуп кетмекмиз.
0
kubik
2011-11-01 10:33:05
Бул жерде казактар куноолуу эмес. Алар оз пайдасы учун туура кылышты. А биздин колунан мындан башка эч нерсе келбеген атка минерлерибиз бир аз акчага атасын да сатып жбергенге даяр болуп калды. Ушуларды кулакка тартыш керек.
0
honestbek
2011-11-08 17:22:00
kubik, кошулам
0
Rooshan
2011-11-01 22:36:16
бул карандай калп,комур таптаза,бул маселени биринчилерден болуп Ширин Айтматова айтып чыккан,бирок экспертизанын жыйынтыгы 8-9 ноябрьда чыгат,ага чейин булар жон эле божомолдор,ортодон чыккан ушак,озубуздун комурубузду асмандын баасына сатышып эми казактар арзан комур алып келсе,коро албай аларга дагы устуно кошуп саталы деп сунушташкан,биздин эле аткаминерлер,гезиттер ушактарды жарыялабай элди дурбобой,жыйынтыгы чыкканча куто турушса болмок,бул чуунун усту "верхушка"баштаган,кара "пиар"
0
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан