КТРКда президенттикке ат салышкан талапкерлердин дебатын алып барып жаткан Динара Сүймалиева президент Роза Отунбаева кудагыйы экенин агенттиктердин бирине айтыптыр. “Менин кызым Евгения Губина Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовго турмушка чыккан. Кадимкидей эле сүйүшүп үйлөнүшкөн. Бирок ушул жайда ажырашып кетишти. Ата-энелер буга аралашпады, чечимди балдар өздөрү кабыл алышты”,- дептир.
Айтмакчы, Евгения – 5-каналдагы таңкы эфирдин жүзү. Буга чейин «Отунбаева кайсы бир тууганы аркылуу 5-каналга таасир берип турат» деп айтылчу. Бирок Евгения «эч кандай саясатка аралашпайм, бир гана көңүл ачуучу программалар менен алекмин» дейт.