Былтыркы жылы шайлоого карата 2 миллион 850 миңдей кишиге бюллетень чыгарылса, бир жылдан кийин добуш берүүчүлөрдүн саны 3 миллиондон ашып кетиптир. Айырмачылыгы 150 миңден ашуун кишини түзүүдө. Булар кайдан пайда болушту?
Эки-үч ай мурун Борбордук шайлоо комиссиясы 2 миллион 852 миң 751 шайлоочу бар экендигин айткан эле. Бирок президенттик шайлоо жакындаганда катталгандардын саны 3 миллион 34 миң 75 адамга жеткени белгилүү болду. Эки-үч ай аралыгында эле добуш берүүчүлөрдүн саны 150 миңге көбөйгөнү жазуучу Николай Гоголдун “Өлүк жандарына” окшоп жатат.
Ал эми бюллетендин узундугу былтыркынын тең жарымын түзөрү айтылууда. 29 партия катышкан парламенттик шайлоодо анын бою 70 сантиметр болгон. Бул сапар 23 талапкердин аты жазылган бюллетень 34 сантиметр экенин адистер билдиришет. Бюллетенге аты жазылып калганына карабастан, артты карай тайсалдагандар дале чыгууда. 27-октябрда БШК Алмамбет Матубраимов, Роман Оморов жана Жумабек Токтогазиевдин талапкерлиги алынып салынгандыгын кабарлады. Ошентип, ажолукка ат салышкандардын саны 16 талапкер менен токтоду.