Алгач бул ырчы жигитибиз чыгыш ханзаадасы болуп чыга келгенде Аладдин деген атка конуп, канчалаган кара көздөр өздөрүн Жасмин элестетишти эле. Андан соң “Садагам” деп ырдап сүйгөнүнө жетпей калган жалгыз бойлордун жүрөгүн бир жаралады. Ортодо карагат көз кызга ашыктыгын ырдайм деп бир эмес, миң кызды сүйдүрдү. Өзү айткандай, талантынан да көздөрүнө ашык болгон кыздар ырчы Даниелди бура бастырбай келишет.
– Даниель, апаңды катуу сагынган окшойсуң. Ошто көпкө жүрүп келдиң...
– Чынында, Ошто 10-15 күнчө эле жүрүп келем дегем. Бирок бир айдан ашык жүрүп калдым. Апама болгон сагынычымды таркатканча ушунча болуп кетти окшойт. Апа деген ушундай жан, биринчи эле жытын сагынасың. Кучактап, жыттап-жыттап алсаң, өзүнчө бир керемет. Апам менен эжеме эркелеп, күндө түрлөп жасаган тамактарын жеп, семирип келдим. Таенем ооруп калганынан, анын жанында жүрүп калдым.
– Айыл демекчи, жакында бир айылга барып калсам, “Даниель деген ырчы барбы?” деп таң калгандарын уктум...
– Ооба, кээ бирлер чындап эле менин ырчы экенимди билишпейт. Кыргызстандын булуң-бурчуна гастролдоп чыга элекпиз да. Талантыма “5” деген баа бербейм. “3” же “4” демекмин. Кээде ал эмес, атымды алмаштырып алган учурларга өзүм да күбө болуп жүрөм. Көбүнчө Алихан экөөбүздү адаштыра беришет. Бир жолу концерт маалында Спорт Ордосунун алдында жыйылган элди аралап бара жатсам, “эй, мобу Алихан беле?” деп шыбырашып жатышпайбы. Ичимен жаман күлкүм келип, өтүп кеттим.
– Былтыр бир айча радиодо ди-джей болуп жүрдүң. Эфирге чыгып-чыкпай эле жоголуп кеттиң. Ди-джейлик оор бекен?
– Радиодо иштеген мага жакты. Мурда кыргызча сөздөрдү бири-бири менен айкалыштыра алчу эмесмин. Бир ай иштесем да сөз байлыгым кадимкидей кеңейип калды. Негизи, ди-джейликти улантып деле кетет болчумун, бирок убакыт тарып, башка эч нерсеге жетишпей, кол байланып калат экен. Кийинчерээк башкача программа менен кайрадан радиого барсамбы деп ойлонуп жүрөм.
– “Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат” болуп радиого кызыгып кетсең, ырчылыгың аксап, ыр жаздырам деп алагды болгондо ди-джейликти кыйрата албай калбайсыңбы?
– Жо-ок. Аракет кылсам жетишсем керек. Бирок азыр менин убактым спорт зал менен студиядан ашпай жатат.
– Кандай ойлойсуң, күйөрман кыздардын көбүн талантың менен таптыңбы же татына жүзүң мененби?
– Кандай десем... Үнүм, орусча айтканда, “шикарный” деп айта албайм. Мактангандан деле эмес. Мурда да бир интервьюларда “сен өзүңдү “Богом обрисованный” деп эсептейт экенсиң” деп жатпайбы. Бирок мен өзүмө мындай баа бербейм. Бул нерсени кыздар мага айтып жүрүшөт. Адам баласы өзүн жакшы көрүп, сүйүш керек. Ооба, мен өзүмдү жакшы көрөм, урматтайм. Ооба, кээ бирөөлөргө үнүм жакса, кээ бир күйөрмандарды келбетим менен таптым.
– “Өзгөнү коюп, биринчи өзүңдү сыйла” деген принцибиң жакшы экен. Фотошоп менен алек болгонуңду билем. Бул нерсенин жардамы менен болочок жубайыңдын сүрөтүн тартып кыялданып койсоң керек же реалдуусу барбы?
– Оо, жакшы идея экен, Жессиканын бутун, Жейлонун жамбашын алып жасап көрүү, ха-ха... Чындыгында, сүйгөн кызым жок. Бирок жактырган кыздарым көп, байкаштырып жүргөн.
– Азыр узун чачтуу жигиттер модада. Эмдиги жылы таз баштар мода болсо, чачты кырдырат белең?
– Чачымды алдырайын деген пландарым бар, жаңы чач өсүп чыксын деп. Буюрса, май айларында алам. Анткени мен он жашымдан бери чачымды кырдыра элекмин. Бирок мода кууп чачымды кырдырбайт болчумун.
– “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием!” тасмасында өбүшкөнүңдү көрүп, “баягы уялчаак Даниель чоңоюп калыптыр” дедик же жаңылыштыкпы?
– Мен беш жашымда эле өбүшкөм. Бирок чыныгы сезим менен өбүшүү 13 жашымда болсо керек. Эми бул сезимди сөз менен айтып бериш болбойт, аны өөп көрсөтүү керек, ха-ха-ха...
– Кичине кезиңде өжөр экенсиң. Эжең жиниңе тийсе, кирпич менен башка чаап жазалап. Азыр жиниңе тийген адамды кантип жазалайсың?
– Мактангандай болбоюн, боорукер эле адаммын. Бирок бир жиниме тийсе, мени досторум да токтото албай калышат. Былтыр жайында Көлдө эс алып жүргөнбүз. Бир күркөгө кирип бара жатсам, 3 бала тамеки сурайт. “Тартпайм” десем, “эмнеге тартпайсың?” деп өзүнчө эле кыйын боло башташты. Анан бирөө “эй, мобу ырчы бала да, акчасы көп” деп ызылдап башташты. Мушташа кеттик.
– Анан сага секиргендерден өзүңдү коргоп жатып муштум да жедиң?
– Жок, анча таяк жеген жокмун. Бирөө менен жулкулдашып жатсам, экөө качып кетиптир.
– “Сүйүү кары-жашка карабайт” дегенге ишенесиңби?
– Ооба, ишенем.
– Эгер ишенсең, Даниель өзүнөн 10 жаш улуу айымды сүйүп калды дейли...
– Сүйүп калсам, улутуна, жашына карабай үйлөнөм. Бир жолу Астанада жүргөндө көчөдөн өтүп бара жатсам, бир Жип сигнал берип калды. Карасам, ичинде өзүн жакшы караган 40 жаштардагы айым “отур, эс алып келебиз. Сен мага бир көргөндө эле жагып калдың” деп жатпайбы. Мен “жоок, рахмат” деп айтып, кеткиче шаштым.
– Кыз сүйдүрүш сен үчүн жеңил болуш керек, ээ?
– Менин бир көз карашым эле. Кыз эмне кыларын билбей калышы мүмкүн. Ошо, кыз сүйдүрүүдөгү менин куралым – көзүм.
– Көпчүлүк жылдыздар күйөрмандарын колдонуп, бирдик салдырганга чейин барышат экен. Сен бул жагынан кандайсың?
– Менде деле ушундай учурлар болот. 500-1000 сомго чейин бирдик салып коюшат. Мен “жөн, салба” деген учурда деле “жок, сиз мага жооп берип жатпайсызбы, ошон үчүн салып жатпаймынбы” дей беришет.
– “Сүйгөн жазуучум – Чыңгыз Айтматов” деп айтканың бар. Акыркы жолу кайсы чыгармасын окуп чыктың?
– Китептерин деле көп окубайм. Анын чыгармаларынан тартылган тасмаларын кайталап көрөм. Биздин элге ушундай адам президент болсо, өнүкмөкпүз. Ал кишинин көз карашынан эле билинип турбайбы, кандай адам экени. Негизи, мен адамды көз карашынан эле кандай жан экенин билип коймой жайым бар.
– Көзү ачык жайың да барбы?
– Ооба, адамды бир көргөндө эле кандай экенин билип коём. Жоромолум көбүнчөсү туура чыгат.
– Чынын айтканда, көз тийчү эле баласың. Тумар чийдирип, дем салдырып эле каласың. Бул нерсе динге көп туура келе бербейт го...
– Мурда көз тийгенден көп кыйналчумун. Денеме чейин көз жара чыгып кетчү. Азыр көз мончок тагып, тумар чийдирбейм. Кээде молдого барып дем салдырып калышым мүмкүн. Күндө туруп, бетимди жети жолу жууп “бетимди тунук кыл” деп суранам. Ошол себептен косметикалык каражаттарды колдонбойм.
– Маегиңе рахмат, кыздарды көп аркаңдан чуркатпай, татыктуу түгөй тап.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg