ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Грузия

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ЭС АЛУУГА ЧЫГА АЛЫШАТ
Грузия бийлиги “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга “окуучуларга каалаган убагында дем алууга уруксат берилсин” деген өзгөртүү киргизди. Анын негизинде окуучулар негиздүү себептер менен каалаган мөөнөткө эс алууга чыга алышат. “Бул жаңы өзгөртүүгө ылайык, окуучу керектүү документтерди жыйнап, уруксат алынган мөөнөттүн ичинде окуусун таштап, кийин кайра уланта алат”,- дейт өкмөттүн катчысы Гия Хурошвили. Бирок бул мыйзамда кандай учурда дем алуу берилери жана сабактан калган окуучу кантип сабакка жетишери көрсөтүлгөн эмес.

Ливия

КАДДАФИНИН ОРДУНА ОКУМУШТУУ КЕЛДИ
Ливияда 5 талапкердин ичинен Өткөөл өкмөт башчылыкка триполдук окумуштуу Абдул Рахим аль-Киб келди. Тандоо Улуттук өткөөл кеңештин мүчөлөрү арасында ачык түрдө жүргүзүлүп, Аль-Киб 51 добуштун 26сын топтой алды. Аль-Киб – электроника тармагында изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана АКШдагы жогорку окуу жайларда эмгектенип келген окутуучу. Анын негизги атаандаштары болуп Нефть өнөр жай министри Али Тархуни, саясатчы Идрис Абу Файед жана Улуттук өткөөл кеңештин Европадагы өкүлү Али Зидан чыккан эле.

Палестина

ЮНЕСКО КАРЖЫ БУЛАГЫНАН АЙРЫЛАБЫ?
Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият тармагына Палестина автономиясын 195-мүчө кылып кабыл алды. Добуш берүүнүн негизинде 107 өлкө макулдугун билдирсе, 14 өлкө каршы чыкты. Каршы чыккан Израиль жана АКШ мындай чечимден улам бул уюмду каржылоодон баш тартышты. Айта кетсек, АКШ уюмдун бюджетинин 22 пайызын камсыздап турат. Эми Палестинаны өзүнчө өлкө катары кабыл алган ЮНЕСКО бюджетинин төрттөн бир бөлүгүн түзгөн каражаттан куру калышы ыктымал.

Молдавия

ТҮЗ АЛЫП БЕРҮҮДӨ СӨГҮНГӨН СПИКЕР
Парламенттик отурум түз эфирден берилип жаткан учурда парламент башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу Мариан Лупу уят сөз айтып жиберди. Бул окуя Молдавиянын башкы прокурорунун докладын талкуулоо учурунда кокусунан болду. Анткени Лупу микрофонун өчүрүүнү унутуп калган. Окуя дароо коммунисттер тарабынан чабуулга кабылып: “Сөзүңүздү баары укту. Бул сөз менен кимди сөктүңүз? Регламент боюнча, уят сөз үчүн сизди залдан чыгарып ташташыбыз керек”,- деди депутат Александр Петков. Мариан Лупу тексттин баарын румын тилинде окуганына карабастан, орусча ышкырта сөгүндү.

Орусия

МИЛЛИАРДЕРЛЕР ЧАБЫШЫ
"Сибнефть" (азыр "Газпром") компаниясынын негиздөөчүлөрү Борис Березовский менен Роман Абрамович 2007-жылдан бери Лондондо соттошуп келишет. Анын себеби экөө өнөктөш болуп иштеген убакта Абрамович “Сибнефть”, "Русале" жана ОРТ телеканалындагы Березовскийдин үлүшүн зордоп саттырган. Ушундан улам Березовский 3,7 миллиард фунт стерлинг (5 миллиард 923 миллион 700 миң доллар) төлөп беришин талап кылууда. Абрамович «Сибнефть» компаниясын Березовскийсиз түзө алмак эмесмин» деп моюнга алып, бирок анын доо арызы негизсиз деп билдирүүдө.

Казакстан

24 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ ӨЗҮН-ӨЗҮ ЖАРДЫРДЫ
Казакстандын Атырау облусунда күндүзгү саат 11 чамасында катуу жардыруу болду. Ал Сары-Арка кичирайонундагы №30-көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө орун алды. Анын артынан эле үйдүн алдында 1987-жылкы Атырау шаарынын тургуну Бауыржан өзүн-өзү жардырып жиберген. Жардырууга күбө болгондор ошол жердеги темир тосмо 80 метр аралыкка учуп кеткенин баяндашкан. Бир канча убакыттан кийин дагы бир жардыруу Атырау облустук акимчилигинин короосунда болду. Эки окуядан тең жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Бирок күч органдары бул жардырууларга кармалган диний секталардын мүчөлөрүн күнөөлөшүүдө. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
achi
2011-11-08 00:10:04
Ливия окмуштуну шайлабай эле аны кайра мугалим кылып иштетишпейби ато биздин Акайчике окшоп кооп кетет.
0
MaxKG
2011-11-11 08:02:29
Туура кооп кетет.
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан