ЖАШ ЫРЧЫЛАР КАРТАСЫ

ТУЗдар

Айжамал Кабылова
Аты айтып тургандай, жамалы айдай «Кыз Бурактын» ырчысы Айжамалдын мукам үнүндө кеп жок. Ар бир ырын элдин жүрөгүнө жеткире ырдап, көпчү­лүк­түн көңүл борборунан орун алып келет. Албетте, ырчы кыз жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын эмгегинин аркасында гана ийгиликке жетишип отурганы талашсыз. Эми бой жеткен кыздын жигити Түркиядан качан келип, ырчы кыз качан элине той жегизээр экен?!

Темир Назаров
Күйөрман кыздарынын далайынын жүрөгүнө чок салып, «Туулган жер» жана башка ырлары менен элге «дүң» дей эле түштү. Жылдызы жанган ырчы кыска убакытта эки ирет борбор калаага аншлаг менен концерт бергенге, продюсери Канат Култаев менен мыкты иштешүүгө, кайра андан бат эле ажырап кетүүгө жетише алды. Эми кызыгы, Темир болоттой курчуур бекен же?..

Султан Садыралиев
“Кудача кыз” ыры менен таанылып, көпчүлүк ыр күйөрмандарынын арзуусуна татыган бул ырчыбыздын талантына суктанбаган жан жоктур. Сахнага чыкса көлдөй толкуган кыздардын кыйкырык-сүрөөндөрү, өйдө көтөрүлгөн колдору Султандын башын эрте айлантып жибербесе эле болду.

Урмат Усенов
Шоу-бизнеске ар тараптуу өзгөчөлүк менен кирген Урматты кандай айтып мактасак да жарашат. Ырына жараша акча каражатына карабай жогорку деңгээлде клиптерди тарттырганын, костюмдарын өзүнө жараша тандап кийүүсүн, имиджинин башкалардан өзгөчөлүгүн айтып кетпесек болбос. Бирок, Урматтын сахнадагы кыймыл-аракетинен тартып, сакал коюп алганына чейин түрк туугандарга окшошуп алганын күйөр­мандары кандай кабыл алат болду экен?!

КОРОЛдор

Мирбек Иманбеков
Мирбек мырза таластык кыздарды гана тамшандырууга жетишпестен, бардык кыздардын көңүлүн бурдурууга эртелеп үл­гүрдү. “Тамшандырган ай, таластык кыз ай” деп ырдап жүрүп, эми өзү «тамшандырган ырчы жигитке” айланып кетти окшойт. Бирок, кызыгы, «Таластык кыздын» аты чыгып, элге сиңгенден бери автордон автор чыгып, чыры кошо угулуп келатат...

Мирбек Атабеков
Жакындан бери «Сени гана» деп обон созгон жаш жигиттин аты тез тарады. Албетте, азырынча жагымдуу кабарын гана угуп туралы.

Съездбек Искеналиев
Ырдын ырын тандап, жүрөктү козгоп ырдаган Съездбекте, оо, сөз жок го чиркин. Ыры обонуна шайкеш келип, ырчынын мыктылыгын көрсөтүп турат. Анан эмнеге ушундай таланты менен сахнаны дүң жарып чыгып кеталбай аткандыгынын өзү табышмак.

Ильяз Абдыразаков
Жаштыгына карабай аранжировканы катыра жасап, ырчылыкты да тизгиндеген Ильяз келечектен көптү үмүттөндүрөт. Бул жагынан алганда ага «Малыш» деп кличка койгондор жаңылып калгандай. Себеби, ал “малыш” кезден алда качан өтүп кеткендей. Не болсо да ырчы элдин мактоосунан улам кийин буту менен жер баспай көтөрүлүп кетпесе болду. Анткени, момурайган баланын азыртадан эле көз карашы башкача.

ДАМАлар

Анжелика
Көргөн адамдын көз кумарын талыткан сулуу кыздын жоодур көз карашы өзүн­чө эле керемет. Жети жашынан тартып устаты Айчүрөк Иманалиева менен кошо костюмдары, сулуулугу, таланты менен сахнанын ажарын ачып келет. Анан да татына кыздын бой жеткенден бери күйөрмандары көбөй­гөндөн көбөйүп келүү­дө. Эми айжаркын кыз «крутой» мырзанын тузагына илинип калып, жүзүн элден жашырып калбаса гана болгону.

Айя Садырова
Алгач казак, орус ырларын ыр­дап өз күйөрмандарын топ­то­гон Айянын учурда жылдызы жанып турган мезгили. Ырчы күйөрмандарынын көп­чү­лүгү «киргиздер» экенин сезип намыстанганбы, айтор, кыргыз ырларын ырдап чыгууга бел байлап турат. Эми кыргызча акценти жок так ырдап чыкса жарашып эле калчудай.

Сайкал Садыбакасова
Гүлшайырдын сүйкүмдүү эрке тайы Сайкалдын бат эле бой жетип, «Эстей жүр» деп сүйүү­гө нааразы болуп ырдап чыгып калганына таң калгандар көп. Болбосо кечээ эле «Мугалим» деп так секирип ырдаган секелек кыз көз алдыга тартылчу эмес беле?! Сайкалга кезек эми кел­ди көрүнөт. Андыктан, чамдагын “Кыз Бурактын ” келечектеги жетекчиси демекчибиз.

Неля
Назик үндүү, келбети келишкен Неляны сахнадан өз ордун тапты десек ашыкча болбостур. Карьерасы үчүн жаны тын­бай иштеп, окуусуна да үлгүрүп жетишкенине таң каласың. Анан ырчы кыз “жигитим” деп оозунан түшүрбөгөн сүйүктүү­сүнө жолугууга кантип убакыт таап, сейилдеп атканына ба­шың катат.

ВАЛЕТтер

Самандар
Оригиналдуу атынанбы, өзгөчө имиджиненби же досу Алексей Филатовдун жардамы мененби, айтор, сахнадан өз ордун таап чыга келди. Орусча ырдаганына карап «киргиз» экен деп жүр­сөк, «нукура кыргызмын» деп көкүрөк кагат. Эгер чын эле кыргызча түш жоруй турган болсо, анда качан кыргызча ырдайт болду экен?

Акбар Сүйүнбаев
Султан менен бирге «Махабатты» ырдап эл оозуна алынган Акбар сахнанын сырын билип калдыбы, чыгармачылыкка катуу киришти. Эми досторунун көлөкөсүндө калбай алдыга оозуп чыга алса экен деген тилек.

Ынак Осмоналиев
Ынак сахналаш кесиптештеринен айырмаланып өтө эле салабаттуу. Башкалардай секирип бийлеп ырдабастан жөн туруп эле элине жагымдуу ыр тартуулайт. Балким, мунун сыры Ынактын мусулманчылык жол менен кетип, беш маал намаз окуганындабы? Бирок, элди өзүнө тартуу жолун кошо өздөштүрүп кете албаса популярдуулугун өстүрө албай калабы дейсиң.

Сема
Өз ысымы Самарбек болсо да шоу-бизнесте Сема деп таанылган жаш ырчыны билбегендер аз болсо керек. Кызыгы, Сема сахнада кыргызча ырдап жатып, тыныгуу жерлерине келгенде орусча кошуп сүйлөй бермейи бар. Бул көрүнүш өзүнө жаккан менен башкаларга жага бербесин өзү билет болду бекен?

Даярдаган Рахбар Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 194, 21-27-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан