ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?

Япон элинин учкул сөзү:
«Бир адам бир нерсе жасадыбы, демек,
ал сенин да колуңдан келет.
Ал жасаган жокпу, анда сен жаса».

(Башталышы өткөн сандарда)

Урматтуу окурмандар, биз буга чейин учурдагы Грузия мамлекети, андагы жасалган реформалар, анын натыйжасындагы ийгиликтер менен сиздерди тааныштырдык. Албетте, максатыбыз Грузияны мактоо менен гана чектелүү эмес, тескерисинче, ал өлкөнүн жасаган жакшы иштерин айтуу менен “келгиле, биздин мамлекетти да өнүктүрөлү” деген ойдо болду. Япон элинин “бир адам бир нерсе жасадыбы, демек, ал сенин да колуңдан келет. Ал жасаган жокпу, анда сен жаса” деген жакшы сөзү бар эмеспи. Ишенбай Абдуразаков: “Кээ бир жалкоолор бир адам бир нерсе жасаса, анда ал жасай берсин. Эгер анын колунан келбесе, сенин да колуңдан келбейт деп айтышат”,- дейт.
Мына, мурунтан “чогуу чоңойгон” өлкөлөр өз жолун таап, өнүгүүнүн жолуна түшүштү. Грузиядагы “Розалар революциясынан” кийин Михаил Саакашвили “Кечки Тбилиси” деген гезиттин 2004-жылкы 22-апрелдеги санына: “Грузиянын эң жакшы мүмкүнчүлүгү бар, анткени реформатор президенти, парламенти жана өкмөтү бар”,- деген.
Жалпылап айтканда, Грузиянын өнүгүшүнө 3 негизги себеп болгон:
1. Мамлекеттик аппараттын биригүүсү. Грузия реформасынын ийгилиги бир гана жасаганында эмес, кээ бир туура эмес иштерден кутула алгандыгында.
2. Көндүм мамиле. Бул нерсени Каха Бендукидзенин “эгер сен реформа жасап жаткан тобуңдан пикирлеш саясатчы таба албасаң, анда реформа бузулат” деп түшүндүргөнү бар.
3. Саясий капиталды натыйжалуу пайдалануу. Грузин эли бир жолу революция кылуу менен ушундай ийгиликтерге жетишти: “Transparency International” мекемесинин рейтинги боюнча, Грузия 2003-2009-жылдары коррупцияны жоюуда 1-орунду ээлеп келди. “Forbes” журналынын 2009-жылы берген баасы боюнча, дүйнөдө салык карызын жеңилдетүүдө 4-орунду ээлеген. “Doing Business-2011дин” баасы боюнча, бизнес ачууда түзүлгөн мыкты шарттар боюнча, дүйнөдө 12-орунду алышкан. Бардык мамлекет күрөшүп жеңе албай келген коррупцияны жоюуда, өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө ишкерлердин салымы абдан чоң эмеспи. Алар үчүн түзүлгөн шарттардын мыктылыгында, салык карызынын жеңилдетилишинде алдыга озушкан. Ушулар аркылуу алар өлкөсүнө инвестиция тарта алышты, өз ишекерлерине ишенимди бере алышты.
Реформа – кайсы бир саясий күчтүн өзүнө ылайыкташкан мыйзамдары же шарттары эмес, реформа – ошол учурдагы мыйзамга баш ийген жарандын жашоосун жакшыртуу, ишкерлерге сунушталган шарттарды жакшыртуу, инвесторлор үчүн ишеним, мыйзамды сактоо. Мына ушулар реформанын натыйжалары экен да. Учурунда Грузия чоң мамлекеттерден да бардык жагынан алдыда болобуз деп максат койгон. Демек, анысына жеткенин жогорудагы келтирген мисалдардан байкаса болот. Биз да Борбордук Азиядагы эң өнүккөн өлкөгө айланабыз деп максат койдук.
Екатерина Шарашидзе: “Грузияны мурунку советтик республика деп эмес, өзүнчө мамлекет деп билишти. Биз мына ушундан арыла алдык”,- дейт. Ооба, бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрү советтик доордон калган аң-сезимден арыла албай келатат. Андан кутулуп, жакшы жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин дал ушул Грузия мамлекети Орусияны баш кылып калган бардыгына көргөзө алды. Буга чейин бардык тармагы боюнча жасалган реформалар менен тааныштырдык. Жыйынтыктоочу макалабызда КМШ өлкөлөрүнө тиешелүү мисалдардан гана келтирели.
Биринчиден, экономика маселеси. Орусияга көз карандыбыз деген экономикалык саясат. Мына алар Орусия Федерациясынан болгон экономикалык көз карандылыктан арылышты. Биз дагы мамилебизди бузалы деген жокпуз. Болгону, биз да жыл сайын көйгөй болуп келген күйүүчү май жана башка маселелерди чечүүнүн башка альтернативдүү жолдорун таба билсек. Албетте, Грузиянын Орусия менен мамилеси бузулуп, айыл чарбасы бир топ артка кетти. Бирок калган башка тармактарын өнүктүрүп, ал аркылуу экономикасын көтөрө алды.
Экинчиден, өз алдынча ой жүгүртө билүү. Айталы дегенибиз, биз мамлекет катары, мейли кайсы гана тармакты алып карабайлы, өз алдынча ой жүгүртүп, өзүбүздүн “каныбыздан” чыккан долбоор, реформа менен иштей албай келебиз. Аң-сезимибиз өзгөрө элек. Андай кылса болорун грузин эли бизге көргөзө алды.
Жыйынтыктап айтканда, Грузия өзгөчө КМШ өлкөлөрүнө үлгү көрсөтө алган бирден-бир мыкты мамлекетке айланды. Өз элине чоң ишеним тартуулай алды. Мамлекет катары бир багытка түштү. Бирок алар тарыхты жасай элек. Тарых – кылымдарга созулчу нерсе. Ошентсе да алар өздөрүнүн ааламдашуу доорундагы жаңы тарыхына бет алышты.
Биз да алар жасаган нерсени жасай алабыз, жадакалса алардан да мыкты жасай алабыз, муну баары жасаса болот. Биз өзүбүздүн ынтымагыбыздын жоктугунан, ай караган текедей улам бир “өнүккөн мамлекетти” карай бергенибизден, өз алдынча чечкиндүү ишке бара албаганыбыздан өнүгүү жолун карай багыт ала албай жатабыз. Келгиле, биз да белди бекем бууп, саясий да, жарандык да аң-сезимибизди арттырып, мамлекеттик бюрократиядан арылалы. Эркин экономика куралы да, өрнөктүү өлкөгө айланалы!

(Аягы)

Эмил Үмөталиев,
Жаныбек Абидетегин,
Мирсулжан Намазалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
honestbek
2011-11-08 17:56:28
Кошулам оз алдынча аракет кылып бийиетиктерди багынтабыз деп ишенем же грузиндикиндей кыргызда акыл жок бекен?
0
alibai
2011-11-11 12:49:20
Керек болсо грузиндерден да акылдуубуз,алардан айырмаланып биз кыйла кеменгер калкпыз.Бийликтегилер эле жегенди бир аз азайтышса ,биз 3 жылда Грузияны басып отобуз.
0
Likvidator
2011-11-11 15:10:40
Бизде да болуп калаар " реформа " деген нерсе .
0
kyrgyzajym
2011-11-12 16:22:41
Eng mykty makala!Men toluk koshulamyn!
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан