КУРМАН АЙТКА ДАСТОРКОН

КУРМАН АЙТ КАНДАЙ МАЙРАМДАЛАТ?
Бул ыйык майрамда мусулмандар Алла үчүн курмандык чалып, жыт чыгарып, дүйүм тамактарды жасашат. Айт намазын окуп, садага берип, тууган, кошуна-колоң, достордукуна барып, аларды куттукташат. Ар бир мусулман Айт намазга чейин төмөнкү нерселерди аткаруусу сунушталат: эртең менен эрте туруу; гусул алуу; тырмактарды алып салуу; эң жакшы жана кооз кийимин кийүү; тишти тазалоо; кубанычта, ачык маанайда болуу; мусулмандарды майрамы менен куттуктап, алардын курмандыктарын жана жакшы амалдарын Алла кабыл кылуусун тилөө; жакындары менен тааныштарына үйүндө даам сыздыруу.
Мусулмандар бул күндү чыдамсыздык менен күтүү менен бирге курмандык чалышат. Мусулман, акыл-эси жайында, балагатка жеткен, белгилүү мал-мүлккө ээ, тактап айтканда, дүнүйө-оокаты 1800 долларга жеткен же андан ашкан адам курмандык чала алат. Курмандыкка кой, эчки (1 жаштан жогору), уй (2 жаштан жогору) жана төө (5 жаштан жогору) чалынат. Жапайы жаныбарларды, анын ичинде жапайы уй тукумун, кийиктерди жана тоок-өрдөк сыяктуу канаттууларды курмандыкка чалууга болбойт. Союла турган жандыктар чоң, семиз болушу шарт. Оорукчан, кулагы кесилген, аксак, мүйүзү сынган жандыктар курмандыкка чалынбайт.
Курмандыктын этин үчкө бөлүп, анын бир бөлүгүн үй-бүлөсүнө калтырып, экинчисин туугандарына, жоро-жолдошторуна, үчүнчү бөлүгүн кедей-кембагалдарга таратуу керек. Муктаж болсо, эттин бардыгын өз үй-бүлөсүнө калтырса да болот. Кааласа, бардыгын кайыр-садага кылып жиберүү да мүмкүн. Союлган малды сатууга же ээсине киреше алып келчү башка бир нерсеге жумшоого шариятта уруксат берилбейт. Курмандыктын этин же терисин өз ээси сатса, андан түшкөн акчаны кайыр-садага кылышы керек.

ЧАРЧЫ БООРСОК

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 2 килограмм
Каймак же майонез – 200 грамм
Кумшекер – 150-200 грамм
Сүт – 1 литр
Ачыткы – 10 грамм
Май – 1 литр
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
Каймак же майонез, кумшекер, сүт, ачыткы кошуп жумшагыраак кылып камыр жууруп, жылуу ороп 1-2 саатка тыныктырабыз. Камыр ачыгандан кийин чактап үзүп алабыз да, калыңдыгы 1-1,5 сантиметр болгончо жаябыз. Жайылган камырды узатасынан тилип, ар бир тилимди чарчылап кесип алуу керек. Даяр болгон кесимдерди кайнап жаткан майга салып, сүзгүч менен аралаштырып турабыз. Кызарганда сүзүп алып, майын сарыктырып табакка салабыз. Боорсоктун ар бир салымы майдын көлөмүнө жараша болот. Тилимдерди чоң же чакан кесүү кожойкенин өз ыктыярында. Бышкан боорсокту жыгач себетке салып, муздагандан кийин целлофан баштык кийгизип койсоңуз, формасын жоготпой (борсоюп), жумшак боюнча турат.

ЧАК-ЧАК

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 1 килограмм
Жумуртка – 4 даана
Лимондун ширеси – 1 аш кашык
Май – 600-800 грамм
Татымына жараша туз
Ширесине 1 стакан бал, 1 стакан кумшекер жана 200 грамм мейиз же жаңгак керектелет

Даярдоо ыкмасы:
Жумуртка, лимондун ширесин кошуп катуураак кылып камыр жууруйбуз. Камыр бир аз тыныккандан кийин жука жайып, өзүбүз каалагандай формада кесебиз. Кесилген камырды майга кызарта бышырып, кагазга төгөбүз. Кагаздан майлыкка, майлыктан кагазга төгүп отуруп майын сарыктырып алабыз. Канчалык майдан арылса, ошончолук даамдуу болот. Анан ширесин даярдоого киришебиз. Алгач мискейге балды куюп, ага кумшекерди кошобуз да, жай отто тынымсыз аралаштыруу менен кайнатып алабыз. Качан гана кумшекердин бүртүкчөлөрү эригенде, шире даяр болот.
Чак-чакка мейиз менен жаңгакты кошуп аралаштырабыз да, ага ширени ысык бойдон куябыз. Жабышпас үчүн колубузду улам-улам суулап, каалагандай формага келтирип, сууган соң дасторконго коё берсек болот.

ЧАКЧАКЕЙ

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 1 килограмм
Сүт – 0,5 литр
Жумуртка – 4 даана
Ашкабак – 200 грамм
Кумшекер – 100-150 грамм
Май – 500-800 грамм
Ачыткы – 10 грамм
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
Алгач ашкабакты сууга бышырып, эзип алабыз. Анан жумуртка менен кумшекерди көбүргөнчө чалып, эзилген ашкабакты, сүт жана ачыткыны кошуп, катуураак кылып камыр жууруйбуз. Ачыгандан кийин аны чакан бөлүктөргө бөлүп, жука кылып жаябыз. Жайылган камырды ичке-ичке кесип, чакчакейдин формасындай кылып оройбуз. Камырдын учу жанып кетпөө үчүн ширеңкенин чийи же тиш чукуур менен бекитип, кызыган майга бышырабыз.

САНЗА

Керектелүүчү азыктар:
Жогорку сорттогу ун – 5 стакан
Жумуртка – 2 даана
Каймак – 2 аш кашык
Суу же сүт – 2 стакан
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
Азыктардан катуураак кылып камыр жууруп, 40-50 мүнөткө тыныктырып коёбуз. Андан кийин чакан кесимдерге бөлүп, майлап, лагмандай кылып чоюп, ороп, кызып турган майга бышырып алабыз. Дасторконго коёрдо үстүнө кумшекер упасын себелесеңиз да болот.

ТАТТУУ ТОКОЧ

Керектелүүчү азыктар:
Сүт – 1 стакан
Жумуртка – 3 даана
Кумшекер – 200 грамм
Маргарин же каймак – 150 грамм
Ачыткы – 10 грамм
Ун – 700-800 грамм
Ичине майдаланган жаңгак, майда тууралган алма же кыям салууга болот.

Даярдоо ыкмасы:
Алгач камырын жууруп алабыз да, 30-40 мүнөт жылуу ороп коёбуз. Камыр ачыгандан кийин калыңдыгын 2-3 миллиметрдей кылып жаябыз да, аны үч бурчтук түрүндө сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып салабыз. Анын жоон жагына туурамжыны салып ороп, үстүн жумуртканын сарысы менен майлап, 180 градуста духовкада 20-25 мүнөт бышырабыз.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Камырды жакшы эленген ундан жууруса, арасына аба кирет да, жакшы жуурулуп, ийи бат каныгат жана тез ачыйт.
  • Камырды жылуу сууга жууруу шарт. Ысык сууга жуурулган камыр катуу болуп калат.
  • 1 килограмм унга орточо көлөмдөгү сууга бышырылган 2-3 картошканы эзип кошуп жиберсе, камыр жумшак болот.
  • Камырга сууга бышкан бир кесим ашкабакты эзип кошуп жиберсе, камыр жумуртка кошкондой сапсары жана даамдуу болуп калат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
mira85
2011-11-07 12:14:05
RAHMAT KERETUU KENESHTER EKEN MEN DAGY OPIY KYLYP ALAIYN.
0
Rahima
2011-11-07 14:50:09
кенешинерге рахмат блокнотко жазып алдым.
0
2011-11-07 20:36:08
abdan jakwy kenewter rahmaaaaat
0
Kuzmich
2011-11-07 20:47:23
Рахмат!
Айт майрамыбыз мубарек болсун!
0
ROZI
2011-11-08 13:25:33
Жакшы кенеш! Рахмат!
0
jusupova
2011-11-08 19:11:10
Чон рахмат! Ушундай кенештерден коп коп берип тургула.
0
Аида
2011-11-08 20:49:37
ушундай жакшы кенештерди принтерин бар болсо кочуруп алсан.Айрыкча бетке маскаларды,ден-соолукка байланыштуу кенештерди ж.б баарын эске туюп алыш кыйын экен.
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан