Табышмакка жык толгон бул жашообузда көрүмчүлөр, орусча айтканда, “приведение” жөнүндө сиз да угуп жүрсөңүз керек. Борбор калаанын айрым жайлары тууралуу түрдүү сырдуу сөздөр айтылып келет. Андыктан биз андай кептердин канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин изилдеп көрүүнү чечтик. Күмөн туудурган жайларга “на всякий пожар” күндүзү эле бардым...
"ШААР БАШЧЫНЫН ҮЙҮН БУЗГАНДАР КАЗА БОЛОТ..."
Сырдуу сапарыбызды алгач Кычан Жакыпов атындагы сейил бактагы Пишпектин алгачкы старостасы (мэри) Илья Терентьевдин үйүнөн баштадык. Бул үй тууралуу эл оозунда ар кандай кептер айтылып жүрөт. Мисалы, “кимде-ким анын үйүн бузганга же оңдогонго аракет кылса эле ооруп, же каза болуп калат” деген кептер. Биз үйдүн жанындагы жашоочулардан сураштырсак, “андай кептерди укканбыз, бирок өзүбүз андай окуяга туш боло элекпиз” деп жооп узатышты. Ал эми 40 жылдан бери ушул үйгө кошуна жашаган карыялар “болбогон эле кептер, андай эч качан болгон эмес. Терентьевдин үйүндө канчалаган кишилер баш калкалап жашап кетишти” деп кесе эле айтышты. Пишпектин биринчи башчысы Илья Терентьев 1914-жылы, 66 жашында дүйнө салыптыр. Ошентип, эл оозунда айтылган сөздөрдү далилдеп бере алчу жан табылган жок.
Учурда Терентьевдин үйү коргоого алынган. Оңдолуп-түзөлгөндөн кийин үйдү музей кылуу пландар бар. Бирок ал иштер качан башталары белгисиз.
ФИЛАРМОНИЯ КӨРҮМЧҮЛӨРГӨ БАЙ
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы бир топ сырларды өзүнө катып жаткандай. Филармониянын ичинде ар кандай түшүнүксүз нерселер болорун атын атагысы келбеген кызматкерлери маалымдашты. Алардын бири иштеп келаткан 10 жылдын ичинде күн сайын ар кандай адамдардын сөлөкөтүн көрөрүн баяндады. “Айрыкча кыпкызыл чыптама жана ак көйнөк кийген кыз дайыма көрүнөт. Кээде басып бара жатканда артымдан бирөө ээрчип, ар бир дем алганы сезилет. Мен андай кезде келме келтирип коём. Жогорку кабаттардын бирөөндө 3-4 адам ар дайым эт бышырып жатканын байкайм, жанынан өткөндө кадимкидей шорпонун жыты келет”,- дейт ал. Дагы бир кызматкер “дайым оркестрдин ойногонун көрөм. Бирок мындай нерселерди баары эле көрө жана түшүнө бербейт. Алардын эч зыяны жок. Жөн гана бир кезде бул жерде мүрзө болгон деп уккам” деп денени бир дүргүттү.
ФРУНЗЕНИН АРБАГЫ МУЗЕЙИНДЕ ЖАШАЙБЫ?
Бишкектин Фрунзе көчөсүндө даңазалуу советтик аскер башчы, коомдук-саясий ишмер Михаил Васильевич Фрунзенин музейи жайгашкан. “Музейде анын арбагы жашайт” деген сөздөрдү дагы тактап көрүүнү чечтик. Бирок музейде көп жыл эмгектенген кызматкерлер андай бир өзгөчө аномалдуу эч нерсе жок экенин айтышты. “7-апрелден кийин бир айдай күнү-түнү кайтардык, болсо биз деле байкамакпыз да” дешти алар.
6 – КӨРҮМЧҮЛӨРДҮН ЖАКШЫ КӨРГӨН САНЫБЫ?
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан №6-окуу имаратында дагы түшүнүксүз нерселер өкүм сүрөт экен. Ал нерселер тууралуу кээ бир кызматкерлер айтып беришти. Бирок өз ысымдарын атагысы келген жок. Алардын айтымында, окуу имаратынын ичиндеги аудиторияларда бирөө жүргөндөй же сени карап тургандай сезилет. Дааратканадан дагы ошондой сезимдер болот. Кээде бирөө сени кадимкидей ээрчип келе жаткандай туюлуп, чочуп да кеткен кездер болгонун жашырышкан жок. Кызматкерлердин бирөөсүнө орус аял балдары менен ойноп жатканы көрүнөт экен. Бул нерсени алар “бир кезде бир орус аял балдары менен ушул жерде каза болгон экен. Балким, жерге тийиштүү түрдө берилбей, жаны жай албай калса керек” деп түшүндүрүштү. “Алардын эч зыяны деле жок. Жөн гана имараттын ээси болсо керек” деп ой бөлүшүштү.
МҮРЗӨНҮН ҮСТҮНӨ КУРУЛГАН КИНОТЕАТР
"Ысык-Көл” кинотеатры дагы өзүнүн коркунучтуу окуялары менен белгилүү. Анткени кинотеатр илгерки мүрзөлөрдүн ордуна салынган экен. Анын пайдубалы түптөлүп жатканда жер алдынан адамдын сөөктөрү чыккан. Ошондон кийин жергиликтүү жашоочулардын айтымында, ал жерге көмүлгөндөрдүн жаны жай албай калган. Кароолчулар түн ичинде ар кандай түшүнүксүз үндөр, адамдардын ары-бери баскан кадамдары угулары тууралуу айтып келишкен. Акыркы мезгилде бул кинотеатр толук кандуу иштебей келет жана жакын арада иштеши дагы күмөн.
ЖАЛПЫЛАП АЙТКАНДА
Санап келсе, Бишкекте ээси бар, ар кандай түшүнүксүз нерселер болуп турат делген жерлер бир топ эле экен. Алардын катарында КТРКнын имараты, Геологиялык институт, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры жана башка бир топ жайлар. Бирок андай өзгөчө нерселерди чындыгында бардык эле адамдар байкай беришпейт, көбүнчө андай нерселерди көрдүм дегендерге “ооруп калган го” же болбосо “коркконго кош көрүнөт” дегендей башкача карашат.
Балким, тийиштүү жол-жобосу жок жерге берилгендердин жаны жай албай, көзү өткөн жерде жаны жашай берет чыгар.
Азамат Абдраев
koom@super.kg