Омар: «ТЕЛЕФОН ЧАЛГАН КЫЗДАРДАН БАШЫМ АЙЛАНАТ»

Кыргыз шоу дүйнөсүндө саналуу гана бойдок жигиттер калбадыбы. Биз сөз кылчу жигит учурда бойдок жана күйөрмандары күн санап өсүүдө. Кимиси ырчынын эмнесине арбалууда, аны байкап көрөлү.

– Омар, акыркы жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең...
– Буюрса, 17-18-ноябрь күндөрү жеке концерт бергени турам, жандуу үндө. Ошого азыр бутум бутума тийбей чуркап жүргөн кезим.
– Күйөрмандарыңды бир сүйүнтөт экенсиң да...
– Ооба, буюрса, концерт алардын купулуна толсо экен деп аракеттенип жатам.
– Күйөрман демекчи, күйөрман кыздар тажатышпай элеби?
– Биз, ырчылар, күйөрмандарым көп болсо экен деп аракеттенебиз да. Андыктан бул нерсе кайра жагымдуу десем болот. Кээде тагдырына таарынып, армандарын айтып ыйлаган кыздар кездешип калат. Алардын көңүлүнө катуу тийбей, түшүндүрүп айтууга туура келет.
– Кандай белектерди аласың көбүнчө?
– Ар кандай болуп калат, көбүнчө жумшак “мишка” оюнчуктар. Бирок мага акчага сатылып алынган оюнчуктарга караганда кол менен тарткан сүрөт, же өзү эмгек кылып убакытын кетирип жасаган нерселер жагат. Бир кыз Америкага кетер алдында бир чоң плакат берген эле. Анын бош жери жок, жалаң менин сүрөттөрүм менен кооздолуптур. Дагы бирөө калың дептерге менин болгон сүрөттөрүмдү чаптап, интервьюларымды бириктирип толтурган экен. Аны көрүп жүрөгүм жылып калды.
– Күйөрмандарың сен үчүн өзүн “жертва” кылган күндөр болду беле?
– Андай кызыктар көп болот. Жакында эле Токмокто концерт коюп жатканбыз. Сахна жакты эл өтпөсүн деп чоң маршрутка менен тосуп коюшкан. Бир маалда бир кыз ыйлап чуркап келатат. Ии, байкуш баласын жоготуп алса керек десек, ал түптүз биз жакка келип калса болобу. Көрсө, ал тосулган маршруттун астынан жөрмөлөп өтүптүр. Мирбек Атабеков экөөбүздү жакшы көрөрүн айтып, сүрөткө түшүп, сүйүнүп алып кеткен кайра.
– Кыздар сенин келбетиңе арбалабы же өзүңөбү, кандай ойлойсуң?
– Ар ким ар кандай болсо керек. Менимче, күйөрман сырткы келбетке караганда адамдык сапаттарга, чыгармачылыкка маани берсе адашпайт.
– Күнүнө канча СМС келет телефонуңа?
– СМС аябай көп келет. Жок дегенде күнүнө 20-25тей түшөт. Ал эми чалгандарынан башым да айланып калат. Көбүнчө жанымда менеджерим Миргүл жүрөт да, ошого берип коём же досум алат.


Кумирге кат

“ЭРДИҢДЕН СҮЙҮП АЛДЫМ”
– Омар, сенин балбылдаган кара көздөрүңө ашык болгонум качан? Канча сени унутайын десем да, жүрөк кургур баш ийбейт. Бир күнү сен катышкан концертке бардым. Концерттен соң фанат кыздардын катарына кошулуп мен да сахнанын артына жылдым. Биринен белек алып, экинчисине кол тамга берип шашкалактап айлаң кетип туруптур. Кандай күч экенин билбейм, бирок “топту жарып бар да, Омардын эрдинен өөп ал” дегенсиди мага. Кыздар менен сүрөткө түшүп жатканда далыңдан таптасам карай калдың эле, өөп алдым. Ошондогу сенин көзүңдүн алайганы... Бир кызарып, бир бозоруп, анан акырын кулагыма шыбырап “эми кантебиз?” дедиң. Сага жооп берейин десем үнүм чыкпайт, таптакыр үн жок менде. Атаганат, ойгонуп кетсем түшүм экен. Эй, ушул корей сериалдары күйгүздү, мен да сүйүнүп алганымды айт, чын эле мен сүйгөн Омарыма жеттимби деп. Алина


"БИР КЕЛИП КЕТЧИ ОШ ЖАККА"
2006-жылы Омар деген ысым кыргыз шоу дүйнөсүнө кандай кадам шилтесе, ошол эле убакта күйөрманы Бегимайдын жүрөгүнөн да орун тааптыр. Ал Омар чыккан гезит, журнал болобу, баарынан интервью, сүрөт дегендерди калтырбай кесип алып, атайын альбом кылып сактап келет. Ырчынын “Где ты?” деген армандуу ыры бир убактарда жаштар арасында хитке айланып, кыңылдап ырдап калбадык беле. Ошондо Бегимай да ырды күнү-түнү кайталап угуп, Омарга ашык болуп жүрүптүр. “Азыр чоңоюп калдым. Мурункудай үйдү Омар тууралуу маалымат менен толтурбасам да, анын ар бир ырын угуудан тажабайм. Ошко концертке Омар келди дегиче, канча күн болбосун, сөзсүз барам” дейт Бегимай.

“ТҮШҮМӨ КӨП КИРЕТ”
"Менин мурун күйөрмандык адатым жок эле. Омарды Америкадан келгенде бир көрдүм, ошол бойдон ал деп жашап келатам”,- дейт Элдина аттуу сулуу. Ноутбугунда Омардын сүрөттөрүнөн баш айланат. Кала берсе аны идеал тутуп, ким болсо да Омарга салыштыра берет экен. “Биригишкен кош жүрөк, шарт бөлүнүп кетеби?” деген саптарды уксам, көзүмдөн жаштар агып, тагдырыма нааразы болуп кетем”,- дейт Элдина.
Омар тууралуу кандай жаңылык кызыктырса, түз эле ушул күйөрманына барсаңыздар болчудай. Анткени Омар кайда, эмне менен алек экенинен дайыма кабардар. Болгону, кимдин колун кармап жүргөнүн биле албай жүрөгү уйгу-туйгу. Башка күйөрман кыздарынан, шоу чөйрөдөгү дос кыздарынан да кээде кызганып кетерин айтат. Көп ойлогондуктанбы, түшүнө көп кирерин белгиледи. Аны көргөндө кадимкидей кызарып-татарып, сөз таппай, өзүн жоготуп коёт экен. Албетте, чыныгы мырза катары да, чыгармачылыгын да баалайм деген Элдина Омарга арнап “Айтылбас махабат” аттуу ыр жазыптыр.
Жүрөгүмдүн азабын өзүм тартам,
Жаш жүрөктү махабатка айлантам.
“Жароокерим”, “жаным” деп эркелетсе,
Жүрөгүмдүн түпкүрүнө дайым сактайм.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (45)
bekSC
2011-11-09 22:06:44
салам мырзалар жана айымдар!прездидентти,депутатты эми ырчыны жамандап анан жакшысын кайдан табабыз?
0
DooZzyWooZzy
2011-11-09 23:49:31
Эххх Кыргыздар. Качан ынтымактуу калк болобуз м? :(((((
0
Zami
2011-11-10 10:36:31
Омар талантына соз жок, бирок концерт койгондон кийин куйормандарын менен коштошушту да билишин керек. Мен былтыркы концертине баргандан сон конулум калды.Мындай учур кайсыл жерде болгонун озун таап аларсын.
0
snejinka
2011-11-10 14:01:13
бул жер озунчоле дебаты болуп кеткен го....
андыктан Омардын таланттуу ырчы деп айта алам...анткени бул ырчы жигит бир канча деген эл аралык конкурстарга катышып-сыйлыктарга ээ болуп журот, ушундан улам бул ырчынын чыгармачылыгына ийгилик демекчимин. озу жонокой, коп мактана бербейт кээ бирлердей болуп. куйорман озу тандайт кумирин...ырчы тандабайт...ал жактан алдыда...
0
Rozi_Almaz
2011-11-10 21:01:15
акыркы учурда ырчы озуну коп пиарить этте баштады,бул жакшылыка алып келбейт....
0
akva
2011-11-11 01:20:58
Тозокто бир шайтан кичинекей шайтанчике уйротуп атат дейт:бул тозокто жаткан адамдар куноолулор чыгып барайткандале чыбык менен уруп кайра тушуруп сал дейт!!! деп уйротуп жаткан учурда бироо чыгып келе жатыптыр. чыбык менен уруп тушуруп салайынбы деп сураса чон шайтан; ээ ал деген кыргыз,тийбей эле кой. булар бирин бири коро албаган калк азыр ылдыйдан бироо тартып тушуруп салат, деген экен!!! ошону сынарындай бирибиринерди ушул интернеттен дагы коро албай жатасынарбы??? Кыргызбызда...
0
senchi
2011-11-11 13:50:43
кайда барбайлы кандай турмуш кечпейли кыргыз кыргызбыз деп кыргыздын жакшылыгын унутуп жамандыгын жанга жакын алып баратабыз качан кыргыз кыргызды колдойт ыя баарыбыз эле акылдуу боло берсек эгемен КЫРГЫЗСТАНДЫ жоготуп албайлы ОЙЛОНОЛУ ДОСТОР !!!!!!!!!!
0
solnyshko
2011-11-11 13:55:30
akva, Азаматсың!жакшы жазыптырсын!
0
2011-11-11 02:10:13
krasava!!!tak derjat'!!!
0
bemooon
2011-11-11 12:43:55
omar azamatsun
0
senchi
2011-11-11 13:58:04
Омар Пугачеванын сыйлыгына татыктуу жалгыз эле кыргыз кыйын болсонор ОМАРДАН отуп чыккыла анан эл сынасын
0
Likvidator
2011-11-11 14:56:19
Омар жакшы ырчы. Башка ырчыларга караганда жонокой . Сага чыгармачылык ийгилик каалайм !
0
narke1812
2011-11-12 00:24:19
Омар талантын оркундой берсин азаматсын
0
janym_88
2011-11-12 11:02:35
"Даяр ашка сын коп" деп бекеринен айтылбаган экен да. Сынай бербей озунор да бир ырдап коргулочу сахнага чыга албай жатып калсанар керек. Ошол озун кыйын сезгендер.Омар сага ийгилик каалайм!!!
0
77777
2011-11-12 14:17:56
урматуу Janet!!!Дауншифтинг бул омар учун эмес, балким сизге керектир, ушундай созду жазган,кыргыздын атын чыгарып келип аткан таланттуу ырчыны кулкулуу сындап, ырчыларды клон деген.Клон да клон болуш учун эмгек кылат физ жактан, сиз жок дегенде айтып жаткан созунуз ун башты бир аз иштетип койсонуз болмок.керек болсо камоктогу ырчылыр да, отургандар да сизчелик низко суйлобойт.)))))денгээлиниз корунуктуу!!!!
0
janet
2011-11-13 00:53:48
77777, ии ботом, сен да комокто ырдайсыңбы? Ажылдаганынан айтып атам да... эми силерге бул конумуш адат да. Дауншифтинг деген создун маанисин билесинби,имне сурабатам десен, сага кайдан андайды билуу. Хотя гуглить этип корсон тушуноорсун мээн жетсе. Анан атактуу Омарын наалыбай интервью бербейби, берсе, тим эле кокуй тажап кеттим, олуп кеттим дебей. Кыргыздын атын чыгарып дейсин, аша чаап кетпединби? Ким билет бул баланы? Европа, Американы айтпай эле коеюн, мына орусияга келип кочодон орус
0
janet
2011-11-13 00:54:40
орусияга келип кочодон орустардан сурап корчу билет бекен, сен мне чегип алдынбы дейт. Кыргызды Акаев менен Айтматов эле таанытты, керек болсо Бакиевинди да билишпейт башка олконун карапайым калкы. Жазат деселе жаза бербей мээнги иногда на секундочку включать этип койчу, байболгур!
0
simple_girl
2011-11-12 23:59:52
Omar krasav4ik!!! uda4i)
0
jaina
2011-11-14 09:09:28
janet, 77777, OdiNokaYa, темадан алыстап, кайым айтышууну токтотпосоңор, банга "жолдомо" аласыңар! Эскертүү!!!
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан