КЫШКА ЭЛЕКТР ЖЫЛЫТКЫЧ ТАНДАЙБЫЗ

Күздүн аякташын күтпөй эле суук өз өкүмүн жүргүзө баштады. Азыртадан кам көрбөсөк, Крыловдун тамсилиндеги ийнеликтей кыштын күнү дирилдей "бийлеп" каларыбыз бышык. Андыктан отун-сууну, аны менен кошо электр жылыткычтарын камдоо оң. Базар, дүкөндөрдөгү электр жылыткычтарынын түрлөрүнө жана алардын оң жана терс жактарына токтолсок.

МАЙ МЕНЕН ИШТӨӨЧҮ ЖЫЛЫТКЫЧ

Бул жылыткычтын сырткы көрүнүшү жана иштөөсү квартирадагы борбордук жылытуу системасынын батареяларына окшош. Болгон айырмачылыгы, ичиндеги суунун ордун май алмаштырып, ал электр тогу менен ысытылат. Мындай жылыткычтын көлөмү ар түрдүү жана ошого жараша жылуулук берүү кубаты 1 киловаттан 2,5 киловаттка чейин. Бизде үй жылытууда 1 жана 2 киловаттыктар колдонулууда.

Артыкчылыгы:

  • Абаны кургатпайт жана абанын ку­рамындагы кычкылтекти күйгүзбөйт.
  • Иштеп жатканда үн чыкпайт.
  • Белгиленген убакытта автоматтык түрдө иштейт (таймер). Мисалы, сиз жумушка кетип жатып кечки саат 5те иштесин деп жылыткычтагы убакытты тууралап коюп кеттиңиз дейли. Ал сиз жумуштан келгенче койгон убакта иштеп баштап, үйдү жылытып коёт. Ошондой эле белгиленген убакта өзү өчөт.
  • Температураны жогорулатуу жана төмөндөтүүгө мүмкүн. Үй жылыгандан кийин 1 киловаттык режимге коюп койсоңуз болот.
  • Электр тогуна туташкан ток өткөргүчтү эске албаганда, жылыткычтын өзүндө өрт чыгаруу коркунучу жокко эсе.
  • Үйдү жылытуу кызматын гана аткарбастан, ал жуулган кирлерди кургатууга да жардамчы. Кээ бир түрлөрүнүн көрсөтмөсүндө “кир жаюуга болбойт!” деп көрсөтүлгөн. Демек, андайларга кийим-кече кургатууга болбойт.

Кемчилиги:

  • Бөлмөнү жылытууга көп убакыт сарптайт. Бөлмөнүн аянтына жана жылыткычтын жылуулук берүү кубатына жараша 20 мүнөттөн 1 саатка чейинки убакытты талап кылат.
  • Башка жылыткычтарга караганда көлөмү чоң жана салмагы оор болгондуктан, бөлмөнүн ичинде бир топ орунду ээлейт.

Ушул эле түрдөгү жылыткычтын дагы экинчи түрү бул – вентилятору бар жылыткыч. Аталган жылыткычтын жогорудагысынан бир гана айырмачылыгы, өзүнөн чыккан жылуулукту вентилятор аркылуу бөлмөнүн ичине үйлөп турат. Бул бөлмөнү тезирээк жылытууга мүмкүнчүлүк берет.

Базардагы баасы:
Жылыткычтын көлөмүнө жараша 1500-2500 сомго чейин. Ал эми атайын тиричилик буюмдарын сатуучу дүкөндөрдө баасы көрсөтүлгөн баадан 200-500 сомго чейин кымбат.


ЗАВЕСТЕР

Дубалга орнотулуучу кыш-жай мезгилинде иштей турган жылыткыч-муздаткыч десек болот. Себеби кышында бөлмөнү жылытса, жайкысын салкындатуу режиминде иштейт. Иштөө принцибине токтолсок, муздак абаны төмөнкү жагында жайгашкан темир түтүк түрүндөгү электр жылытуучу (тэн) прибор менен ысытып, жылыган абаны жогору жагынан чыгарып турат. Жылуулук берүү кубаты 1,5 киловаттка чейин.

Артыкчылыгы:

  • Жылыткычтын өзүндө өрт чыгаруу коркунучу жокко эсе.
  • Жылуулукту бир калыпта сактоочу (термостат) прибор менен жабдылган.
  • Температураны жогорулатуу жана төмөндөтүүгө мүмкүн.
  • Бөлмөнүн ичин тез ысытат.

Кемчилиги:

  • Абаны кургатып жана кычкылтекти күйгүзүп жиберет.
  • Жылыткычтын ичине майда курт-кумурскалар же чаңдар кирип кетсе, аларды кошо күйгүзүп жиберет да, жагымсыз жытты пайда кылат.
  • Иштеп жаткан учурда үнү чыгып турат.

Базардагы баасы:
1400-1500 сом.


ПУШКАЛАР

Жылыткычтын бул түрү жылуулук берүүчү вентилятор сыяктуу иштейт. Жылуулук берүү кубаты 1,5 киловаттан 3 киловаттка чейин жеткендиктен, биздеги 1 фазалуу электр зымынын күчү жетпей калат. Андыктан 3 фазалуу электр зымына туташылган үйлөргө ылайыктуу.

Артыкчылыгы:

  • Тез жылытат.
  • Температура жогорулагандан кийин 1,5 киловаттык режимге коюуга мүмкүн.
  • Чакан болгондуктан, каалаган жерге жайгаштырууга мүмкүн.
  • Жылыткычтын өзүндө өрт чыгаруу коркунучу жокко эсе. Спиралын өчүрүп, салкындаткыч катары колдонсо болот.

Кемчилиги:

  • Автоматтык түрдө өзү өчүп калуучу системасы жок.
  • Спиралынын жылуулук берүү кубаты күчтүү болгондуктан, кычкылтекти күйгүзүп жиберет жана вентилятору ысыкты үйлөгөндө ысык толкун уруп турат.
  • Ички тарабына чаң, курт-кумурскалар оңой кирип кетүүгө мүмкүн болгондуктан, аларды спираль күйгүзүп, жагымсыз жыт пайда болот.
  • Иштеп жаткан учурда үнү катуу чыгат.

Базардагы баасы:
3000-3300 сом.


ИНФРАКЫЗЫЛ НУРЛУУ ЖЫЛЫТКЫЧТАР

Жылыткычтын бул түрүнүн башка жылыткычтардан айырмасы, абаны эмес, күн нуру сыяктуу жанындагы буюм-тайымдарды жылытат. Жылыган буюмдардагы жылуулук анан абаны ысытат. Жылуулук берүү кубаты 2,5 киловаттка чейин жетет.

Артыкчылыгы:

  • Кычкылтекти күйгүзүп жибербейт.
  • Тез жылытат.
  • Температураны жогорулатуу жана төмөндөтүүгө мүмкүн.
  • Иштеп жатканда үн чыкпайт.
  • Чакан болгондуктан, каалаган жерге жайгаштырууга мүмкүн жана дубалга орнотулуучу түрү да бар.
  • Өрт чыгаруу коркунучу жокко эсе.

Кемчилиги:

  • Жылуулук гана берет. Салкындатуу системасы жок.
  • Автоматтык түрдө өзү өчүп калуучу система менен камсыздалган эмес.

Базардагы баасы:
4300-4500 сом. Фирмалык дүкөндөгү баасы 5500-5700 сом.


КВАРЦ ТҮТҮКЧӨЛҮҮ ЖЫЛЫТКЫЧТАР

Мунун иштөө принциби инфракызыл нурлуу жылыткычка окшош. Артыкчылыктары жана кемчиликтери дагы бирдей. Жылуулук берүү кубаты 0,60 киловаттан 1,8 киловаттка чейин.

Базардагы баасы:
Көлөмүнө жараша 500-800 сом.

Кварцтык жылыткычтын суу менен иштей турган түрүндө бир артыкчылык бар. Анын артыкчылыгы – абаны кургатпай, андагы нымдуулукту сактагандыгында.

Базардагы баасы:
Көлөмүнө жа­раша 500-900 сомго чейин.


ЭЛЕКТР КОНВЕКТОРЛОРУ

Биздин өлкөгө жаңыдан келип жаткан электр жылыткычтын жаңы мууну. Полго коюуга жана дубалга орнотууга мүмкүн. Иштөө принцибине токтолсок, муздак абаны төмөнкү жагында жайгашкан темир түтүк түрүндөгү электр жылытуучу (тэн) прибор менен ысытып, жылыган абаны жогору жагынан чыгарып турат. Электр конвекторунун Европада колдонулганына 30 жылдай болуп калды. Мунун жылуулук берүү кубаты 2,5 киловаттка чейин.

Артыкчылыгы:

  • Аталган жылыткычтар май менен иштеген жылыткычка салыштырмалуу салмагы жагынан бир топ жеңил жана көлөмү да кичирээк.
  • Электр тогуна туташкан ток өткөргүчтү эске албаганда, жылыткычтын өзүндө өрт чыгаруу коркунучу жокко эсе. Муну менен бирге эгер жылуу аба чыгаруучу бөлүгү кандайдыр бир нерсе менен тосулуп калса же жылытуучу бөлүгүнө (тэн) башка буюмдар түшүп кетсе, автоматтык түрдө өзү өчүп калат. Мындан сырткары электр тогу мерчеминен ашыкча болуп кеткенде да өзү өчүп калат. Анткени электроконвектор жараксыз болуп калуусунан сакталган прибор орнотулган.
  • Жылуулукту бир калыпта сактоочу (термостат) прибор менен жабдылган. Мында бөлмөнүн ичиндеги жылуулук белгиленген температурага жеткенден кийин автоматтык түрдө кыска мөөнөткө өчүп, кайра иштеп турат.
  • Иштеп жатканда үн чыкпайт.
  • Температураны жогорулатуу жана төмөндөтүүгө мүмкүн.
  • Бөлмөнүн ичин тез ысытат.

Кемчилиги:

  • Абаны кургатып жана кычкылтекти күйгүзүп жиберет.
  • Жылыткычтын ичине майда курт-кумурскалар же чаң кирип кетсе, аларды кошо күйгүзүп жиберет да, жагымсыз жытты пайда кылат.

Электроконвектордун нымдуулуктан сактоочу атайын жабдуу менен жабдылган түрү бар. Бул болсо ванна жайгашкан бөлмөдө колдонууга жарайт дегендик.

Базардагы баасы:
1400-1500 сом.
Фирмалык дүкөндөрдө көлөмүнө жараша 2500-4000 сом.
Мындай жылыткычтардын түрү бизге жаңыдан гана келип жаткандыктан, базарлардан жана тиричилик дүкөндөрүнөн табуу кыйын.


ВЕНТИЛЯТОРЛОР

Аталган жылыткычтардын иштөө принциби кадимки чач кургатуучу фенди элестетет. Ички бөлүгүнүн алдыңкы бетинде жайгашкан спираль абаны ысытса, анын арткы бетиндеги вентилятор жылыган абаны үйлөп турат. Жылуулук берүү кубаты 0,75 киловаттан 2 киловаттка чейин.

Артыкчылыгы:

  • Өтө жеңил жана кичине көлөмдө болгондуктан, бөлмөнүн каалаган жерине: дубалга, полго жана столдун үстүнө коюуга болот.
  • Өрт чыгаруу коркунучу жокко эсе. Кулап кеткен учурда автоматтык түрдө өзү өчөт.
  • Температураны жогорулатуу жана төмөндөтүүгө мүмкүн.
  • Кышкысын жылытууга колдонулса, жайкысын спиралын өчүрүп коюп салкындатууга колдонсо болот.

Кемчилиги:

  • Кычкылтекти күйгүзүп жиберет.
  • Иштеп жаткан маалында үн чыгып турат.
  • Абаны ысытуучу бөлүгүнө чаң толуп, майда курт-кумурска өңдүүлөр кирип кетсе спиралы аларды күйгүзүп, жагымсыз жытты пайда кылат.

Базардагы баасы:
Көлөмүнө жараша 500-900 сом.


ЭЛЕКТР ЖЫЛЫТКЫЧТАРЫ КАНЧА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН САРПТАЙТ?
1 киловаттык кубаттыктагы жылыткыч 1 саатта 1 киловатт-саат электр энергиясын сарптайт. Ал эми 2 киловаттык 1 саатта 2 киловатт-саат энергияны коротот. Орто эсеп менен алсак, 2 киловаттык кубаттуулуктагы жылыткычты күнүнө 12 саат колдонсок, 1 айда акчалай эсеп менен 504 сом сарптайт.
2 кВт (жылыткыч) х 12 саат = 24 киловатт-саат электр энергиясы (1 күндө).
24 киловатт-саат х 30 күн = 720 киловатт-саат.
720 киловатт-саат х 0,70 сом (электр энергиясынын баасы) = 504 сом.
1 киловаттык кубаттуулуктагы жылыткыч 10-12 чарчы метр бөлмөнү жылытууга жарайт.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан