ЛОНДОН ҮЧҮН САЛГЫЛАШУУ ЖЕ АБРАМОВИЧТИН БАШ ООРУСУ КАЙРА БАШТАЛДЫБЫ?

Быйыл Англия Премьер-лигасы укмуш оюндары менен баарыбызды кубантууда десем бир да футбол күйөрманы каршы чыкпаса керек. Голдорго бай “МЮ”–“Арсенал” – 8:2, “МЮ”–“Манчестер Сити” 1:6 оюндары эсиңиздедир. Өткөн аптанын ишемби күнү кезектеги “Челси”–“Арсенал” лондондук дербиси Тумандуу Альбион биякта калсын, бүт футбол ааламын шаңга бөлөдү. Оюн алдында көпчүлүк стадиондун кожоюну катары жеңишти “Челсиге” ыйгарса, жыйынтыгы “Арсеналдын” 5:3 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Бул оюн азыр футболдун дүбүртү жеткен жердин баарында талкууланып жатат. Серепчилер айтмакчы, атаандаштар катуу тирештин артында коргонууну "таштандыга ыргытып", бүт күчүн чабуулдан чыгарышты. Кыскасы, лондондуктар 90 мүнөт ичинде өтө ачык жана мыкты оюн тартуулап бергенин чоң футболдо чанда кездешүүчү чоң эсептен билсеңиз болот. Кеченин каарманы 3 гол киргизген “Арсеналдын” капитаны, голландиялык Робин ван Перси болду.
“Челсинин” буга чейинки турда жеңилгенин эске алганда бул жеңилүү анын кожоюну Роман Абрамовичтин кабагына кар жаадырды. Атактуу машыктыруучу Моуриньюнун ордун басат деп чакырылган Андре Виллаш-Боаштын бул 3-ирет жеңилүүсү. Виллаш-Боаш жаңы Моуринью деген атын актабайт дешүүдө. Эске салсак, Рома байке “Челсини” сатып алганда катардагы команданы топ-клубдардын катарына кошкон португалиялык машыктыруучу Жозе Моуринью болгону маалым. Ошол Моуриньюга 3 жолу жеңилүү үчүн 64 оюн керектелген. Ал эми голдорго кайрылсак, ушул тапта “Челси” 10 турда дарбазасынан 15 топ алып чыгууга мажбур болду. Моуринью болсо алгачкы сезонунда 38 турда 15 гана гол өткөрүп, Абрамовичке чемпиондукту алып берген. Андыктан кожоюн Абрамович, салт болуп калгандай, башкы машыктыруучусун айдап, башка машыктыруучу издейби? Деги эле “Челсинин” бул кризиси эмне менен аяктайт болду экен?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
bakytbek07
2011-11-07 23:11:44
эх Рома байке
0
Ulan5
2011-11-12 00:39:33
4elsi ushunu körmök sebebi maga jakkpait
0
Kyzyltuu
2011-11-14 01:15:07
Eh futbol futbol.
0
Baha.kg
2011-11-14 02:00:37
ураааа! Арсенал женишине мен ишенген элем!
0
new_hacker
2016-06-08 16:56:21
жакшы
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан