БИЗДИН ВУНДЕРКИНДдер

Вундеркинд – жаш курагындагы балдардан айырмаланып, эрте ой жүгүртүп, эрте калыптанган өспүрүм. Статистикага таянсак, 7 жаштан өйдөкү вундеркинддер бардык өспүрүмдөрдүн 1 пайызын гана түзөт. Бул жолу бетибизди спорт тармагындагы кыргыз тың чыкмаларына арнамакчыбыз. Алдыңыздарда кыргыз спортунун келечеги, биздин көчөгө да майрам алып келе турган жеткинчектер.

ЭРБОЛ АТАБАЕВ

Атабаев Эрбол Канатбекович
Туулган жылы – 2001-жыл, 15-август.
Туулган жери – Кант шаары.
Амплуасы – Жарым коргоочу.
Кумири – Лионель Месси.
Лакап аты – Кичинекей Марадона.
Учурда Орусиянын Казань шаарында жашайт.

Бул каарманыбыз тууралуу канча жазсак да аздык кылат. Учурда орусиялык “Рубиндин” футболдук мектебинде окуп жаткан Эрбол тууралуу жакшы жаңылыктарды уктук. Жайында Татарстан аймагы боюнча өткөн мелдештерде анын командасы чемпиондуктун үстүндө гана болуп келгенин, болгондо да Эрболдун командада негизги “көзүр” экени жана бардык мелдештерде “Мыкты оюнчу” наамы менен сыйланып келгени абдан кубантты.

“РЕАЛДЫН” РЕАЛДУУ ЭМЕС МАМИЛЕСИ
Ооба. Мындан 2 жыл мурун "Абдыш-Атанын" футболдук мектебинин окуучусу Эрбол мадриддик “Реалдын” кароосуна аттанды" дегенде өлкө дуу болгон. Испаниялык клуб Эрболдун атайын жиберилген видеосун жана андагы мыкты оюндарын көрүп, көзү түшүп калган. Бирок ал сапар испаниялык тараптын жоопкерчиликсиздигинен улам ийгиликтүү болгон эмес. Дегенибиз, “Реал” 2009-жылы Эрболду кароодон өткөрүп, “биринчи турдан өттүң, экинчи турга чакырабыз” деп сылык узатып, ошол бойдон байланышты үзүп койгон.
Эрболго андан кийин “куда түшкөндөрдүн” саны арбып, Европа жана КМШ өлкөлөрүн кошкондо 27 өлкө расмий чакыруу жөнөткөн. Бирок “Реалдын” кайдигерлигинен көңүлү калган атасы Канатбек уулу менен кеңешип, алыс кетпей эле Орусиянын алдыңкы клубдарынын бири, казандык “Рубиндин” сунушуна токтолууну туура көрөт.

“УУЛУМ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ГАНА ОЙНОЙТ”
Ошентип, 10 жаштагы Эрбол “Рубиндин” футболдук мектебине кабыл алынып, өзү теңдүү балдар менен машыгууга өтөт. Талант үчүн клуб анын ата-энесин жана агасын Казанга көчүрүп барып, турак жай, жумуш менен камсыздап берди. Учурда алар Орусиянын жарандары. Угушубузча, атасы: “Бөтөн өлкөнүн жарандыгын алганыбыз – уулумдун мыкты футболчу болуусу үчүн жасаган аракетибиз. Мунун баары убактылуу. Буюрса, чет өлкөдөн тажрыйба топтоп, кыргыз футболуна салым кошобуз. Уулум Кыргызстан үчүн гана ойнойт”,- деп көп айтат экен.
Эске салсак, Эрбол топ менен там-туң басканда эле таанышкан. 5 жашка толгондо “Абдыш-Атанын” футболдук мектебине кирген. Анын курагындагылар үчүн команда түзүлө элек болгондуктан, өзүнөн 2-3 жашка улуу балдар менен топ тоголотчу.

КЫРГЫЗДЫН МЕССИСИ
Эрболду көпчүлүк учурдун №1-футболчусу, аргентиналык Лионель Мессиге салыштырышат. Көбүнчө алардын оюн стилин, чач жасалгасын, атүгүл дене түзүлүшүн окшоштурушат. Эрболду серепчилер “тубаса талант. Мессидей чыгаан футболчу болору шексиз” дешет. Ал өзү да Месси ойногон каталондук “Барсанын” күйөрманы. Айта кетсек, Мессиге 11 жашында дарыгерлер “өсүү гормонунун жетишсиздиги” деген диагноз коюшуп, “бою 140 сантиметр бойдон токтоп калат” деп коңгуроо кагышат. Машыккан клубу дарылоодон баш тартканда аны дарылатууну “Барселона” колго алган. Кичинекей баланын талантын баалап, келечекке ишеним артып, океандын ары жагынан ата-энесин көчүрүп келип, иш менен камсыз кылып, жашоо шартын түзүп берген.
Мессинин учурдагы абалы ошол кезде арзыбаган акчасын аяган “Ньюэллз Олд Бойз” футболдук клубунун жетекчилерин өкүндүрөрү турган сөз. Биз да Эрбол Атабаев мыкты футболчу болуп чоңоюп, атагы алыска тарасын, анан, албетте, “Реалдын” жетекчилеринин ичи ачыша тургандай болсун деп ниет кылалы.


СУЛТАН БУКЕЕВ

Букеев Султан Талантбекович
Туулган жылы – 1997-жыл, 31-май.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Бою – 169 см. Салмагы – 48 кг.
Бут кийиминин өлчөмү – 41.
Жетишкендиктери – Сууда сүзүү боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону (Индонезия, 2011), КРнын Президентинин кубогунун ээси (2011), Бишкек шаарынын көп жолку чемпиону.
Максаты – Профессионал спортчу болуу.
Кыялы – Олимпиада чокусун багындыруу.
Кумири – Майкл Фелпс.
Учурда №9-гимназиянын 10-“г” классынын окуучусу. Бишкекте жашайт.

20 ЖЫЛ КҮТТҮРГӨН ИЙГИЛИК
Жакында Индонезияда сууда сүзүү боюнча өткөн Азия биринчилиги өспүрүмдөр арасында 2 алтын менен эсте калды. Анда 100 жана 200 метр аралыкка сүзүү боюнча (брасс стилинде) 14 жашар Султан Букеев алдына эч кимди салбады. Кыргызстан эгемендикти алгандан бери мындай ийгиликке жетише элек болчу.
Султан борбордогу белгилүү спорт клубдардын биринде машыгат. Аны сууда сүзүү боюнча секцияга апасы 8 жашында алып барган. Аптанын бардык күнүндө ал таң эрте 5те туруп, бир жарым сааттык машыгууга барат. Андан чыгып сабакка жөнөйт.
Султан үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу. Апасы Залина чакан тигүү цехин иштетет. Ал эми атасы Талантбектин чакан бизнеси бар. Иниси Дастан – мектеп окуучусу. Калган маалыматты өзүнөн уксак.

“СПОРТЧУ БОЛУУДАН БАШКА ОЮМ ЖОК”
– Султан, 8 жашыңан бери спорт менен алышып келатыпсың, чоңойгондо ким болгуң келет?
– Негизи, ата-энем да айтып калат, “сени спортко хобби катары гана карап, олуттуу машыгат деп күткөн эмеспиз” деп. Мен азыр профессионал спортчу болуудан башка оюм жок. Спорт менен эле кетем.
– Бош убактыңда эмне менен алек болосуң?
– Аптада жекшемби күнү эле бош болом. Күндү сейил бакта сейилдеп, кинотеатрлардан кино көрүп өткөрөм.
– Эртең менен саат 5те туруп машыгууга, анан сабакка барат экенсиң. Кыйналып калбайсыңбы?
– Жок, кыйналбайм. Көптөн бери ушундай тартипте машыккандыктан, адат болуп калды. Тескерисинче, сергек болуп, өзүмдү жеңил сезип жүрөм. Эртең менен да кыйналбай эле өзүм турам.
– Мектепте кандай окуучусуң? Кайсы сабактар жагат да, кайсылары жакпайт?
– Орто эле окуйм. Мелдеш болбосо, сабак деле калтырбайм. Азия чемпиондугуна даярданып, чет өлкөлөрдө машыгуу сборун өткөрүп жүрүп, 1-чейректе бир эле апта сабакка барыптырмын. Эми ошонун баарын кууп жеткенге аракет кылып жатам. Сабактардан тарых, география жагат. А жактырбаган сабагым – химия. 
– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Жок, хе-хе.
– Өзүң теңдүүлөргө эмне дейт элең? Өткөөл куракта жаман жолго түшүп кеткен өспүрүмдөр бар эмеспи...
– Спорт менен машыгууга чакырмакмын. Мисалы, сууда сүзсөң, дем алууң кадимкидей жакшырып, таң эрте таза абадан рахат аласың. Андай жаман адаттар жакшылык алып келбейт дейт элем.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Кыргыздын кичинекей Марадоннасы Эрбол Атабаев
Блиц маек - Сууда сүзүү боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону Султан Букеев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
akylai7
2011-11-07 18:21:33
Erbol menen Sultan azamat baldar eken . Jashtayinan ele Kyrgyzstandyn jelegin dyinodo jelbiretip keleberiwin kaalaim. Den sooluk jana iygylik. Algaaaaaaaaaaaaa
0
Аида
2011-11-08 21:10:04
Анкайган саясатчылар элдин канын соргондон коро ушундай жеткинчектерди колдоп ,спортко -маданиятка салымдарын кошушса болмок Эрболду коруп алып толкунданып кеттим,омуру узун Кыргыздын чыгаан уулу болсун.
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан