Динара Жусаева: «МЕН ЖАКТЫРГАН АДАМ КАЗА БОЛУП КАЛГАН»

Бир кезде “Энекем” деген ырды гитара менен ырдап чыккан назик үндүү Динара эже көпчүлүктүн эсинде. Ошол эжекебиз көп көрүнбөй кеткенинен издеп барып, маек курдук.

БЫЖЫНЫ ЖАКШЫ КӨРГӨН ДИНАРА ЖУСАЕВА
Туулган жылы – 1969-жылдын 17-декабры.
Зодиак белгиси – Жаачы.
Бою – 151 сантиметр.
Салмагы – 48 килограмм.
Жактырган гүлү – Роза.
Жактырган тамагы – Быжы менен йогурт.
Жактырган дарагы – Балаты.
Жактырган жаныбары – Жылкы.
Жактырган киноактёру – Жонни Депп.
Баалаган ырчысы – Майкл Жексон.
Баалаган композитору – Микаэл Таривердиев.
Баалаган акыны – Акбар Рыскулов.
Жумуштан тышкары – Чакан бизнеси бар.
Учурда “Түнкү белес” жана Кыргыз радиолорунун баяндамачысы.

“ЭҢ СОНУН КЫШ НАРЫНДА”
– Мен Нарын жергесинде соодагерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам менен апам дүкөндө сатуучу болуп иштешчү. Ошол себептен бала чагым бардар турмушта өттү. Тогуз бир туугандын жетинчисимин. Менден улуу да, кичүү да бир туугандарым болгондуктан, абдан шаңдуу болчубуз. Анан да баарыбыз биздин үй-бүлөнүн мыйзамы менен жалаң “5” деген баага окучубуз. Күндөрдү бөлүштүрүп алар элек. Бир күнү адабият күнү болуп, баарыбыз отуруп алып китеп окусак, экинчи күндү орус тил күнү деп, бири-бирибиз менен орусча сүйлөшчүбүз.
Нарындын кышы эң сонун кыш эмеспи. Өзөндөгү суунун бети кышында тоңуп, көк жылгаяк муз болуп калат. Ал жакка барып муз тебебиз. Анан да кыздар менен чогулуп алып күнү-түнү велосипед тебер элек. Айтор, балалыгым кызыктуу өттү.

“ДИСКОТЕКАЛАП ЖҮРГӨН СТУДЕНТТИК КҮНДӨР”
– Мектепте окуган кезде эле ырдаганды, музыкалык аспаптарда ойногонду жактырчумун. Ошол себептен 8-классты аяктаганда борборго келип, филармониядагы эстрадалык студиянын гитара классында окуп калдым. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун гитара бөлүмүндө билимимди уланттым. Студенттик күндөрүм эң сонун өттү. Бардык студенттердей эле ачка, ток күндөр болгон. Ошентсе да ал кез кыйкырып ырдаган шаңдуу курсташтар, дискотекалар менен эсимде калды. Студент кезде Майкл Жексондун күйөрманы элем. Анын пластинкаларын чогултуп алып укчумун.

“ЖҮРӨГҮМ ЫРЧЫЛЫКТЫ КААЛАБАГАН КҮНҮ САХНАНЫ ТАШТАДЫМ”
– Бала кезимден эле ырчылыкка жакын болдум. Райондук, облустук деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып жүрчүмүн. Кийин Искусство институтунда окуп жүргөндө ал жерде баары эле таланттуулар ырдашат да. Ошолорго кошулуп жүрүп Бакыт Айтболсуновдун “Энекем” деген ырын жаздырып, ырдап чыккам. Бул ыр биздин жатакананын гимни болуп калган эле. Мен ырды чегине жеткире жакшы ырдаганымдан элге сиңди деп айта албайм. Менимче, элден өзгөчөлөнүп гитара менен ырдап чыккандыгым үчүн эл башкача, жакшы кабыл алды окшойт.
Менин он-он бештин тегерегинде эле ырым болду. Сахнага деле ырчы болуу үчүн чыккан эмесмин. Ырчылык мен үчүн хобби катары гана кала берди. Ырдаганды жүрөгүм каалабай калган күнү сахнаны таштап кеткем. Акыркы ырымды 2002-жылы жаздыргам. Анын үстүнө апамдан тартып бир туугандарымдын баары намаз окуган дин жолундагы адамдар. Ырдоо мусулманчылыкта күнөө катары саналгандыктан, баары тыюу салышты. Азыр буга эч өкүнбөйм. Ырдоо мен үчүн эмес. Анын үстүнө ашып-ташкан деле бийик үндүү таланттуу ырчы болгон эмесмин. Азыр керек болсо үйдө да кыңылдап ырдагым келбейт.

“РАДИОГО КӨП ЖЫЛДАРЫМДЫ АРНАДЫМ”
– Институтту аяктаарым менен эле Маданият министрлигинде эки жыл иштедим. Ошол эле учурда Кыргыз радиосуна келип, азыноолак берүүлөрдү даярдап жүрчүмүн. Кийинчерээк биротоло баш-отум менен радиого киришип кеттим. Бир аз убакыттан кийин “ХХI кылым” радиосу түзүлүп, жетекчилик мени радиого башкы продюсер кылып дайындады. Ошол күндөн тартып менин жашоом “ХХI кылым” радиосу болуп калды. Радионун угармандарын көбөйтүш керек, радионун берүүлөрүн кызыктуу чыгарыш керек деген маселелер менин мойнумда эле. Жумуштан тамактанып, жумушта түнөп калган күндөрүм көп болчу.
Баса, ошол кезде түз эфирде иштей баштаган элек, элден ар кандай сын-пикирлерди укчумун. Бири “шашып сүйлөйсүң” десе, бири “сенин үнүң таптакыр жагымсыз, ичке, анан да чыйылдап чыгат” дейт. Менимче, үн деген табияттан. Кулагы чоңдор кулагын кесип сала алабагандай эле, мен дагы үнүмдү өзгөртүп сала албайм да. Менимче, кеп үндө деле эмес. Айтайын деген оюң болсо, ал элге шыбырасаң да жетет. Жашоомдо мен көп эле катуу-катуу сүйлөгөн, катуу-катуу баскан адамдарды көрдүм. Бирок алардын бири да эсимде калган жок. "Көңдөй челек катуу калдырайт" деген сөз чын окшойт. Менин үнүм сүйлөгөндө назик болгону менен, ачуум келсе, балакеттей эле катуу чыгат (күлүп).
Ошентип, “ХХI кылым” радиосунда 10 жыл башкы продюсер болуп иштедим. Бир топ эле жакшы иштерди жасадым деп ойлойм. Албетте, угармандарыбыз көп болчу, бирок түбөлүктүү эч нерсе жок да. Бардык нерсенин башталышы менен бүтүшү болот. Акыры реформалардан улам "ХХI кылым" радиосунун ордуна "Түнкү белес" радиосу ачылып, учурда иштеп жатат.

“АТЫР МЕНЕН КАПЧЫК КОЛЛЕКЦИЯЛАЙМ”
– Мүнөзүм ар кандай. Өтө ишенчээкмин, анан да мени жакшы тааныгандар өтө жөнөкөйсүң деп айтышат. Көп нерсеге көтөрүмдүүмүн, бул сапат мага апамдан өтсө керек. Апам өтө сабырдуу, көтөрүмдүү, акылдуу жан.
Үй тиричилиги менен алектенгенди жакшы көрөм. Көркөм, сулуу, кооз нерселерден рахат алам. Хоббим – дизайн. Негизинен, үйдү жасалгалаганды жактырам. Атыр менен капчык коллекциялайм, андан тышкары кооз идиштерди да чогулта бермейим бар. Конокко барганга караганда конок тосуу менин жан дүйнөмө жакын. Ошондой эле автомобиль – менин стихиям. Эркек болгонумда автожарышчы болсом керек эле. Машина айдоодо тездикти, ылдамдыкты жактыргандыктан, Нарынга эки жарым, үч саатта эле кирип барам. Муну билген досторум мени “Шумахер местного значения” деп коюшат. Мага атымдан эмес, Шумахер деп кайрылгандар да бар.
Кичинекей, арык болсом эле мени көптөр ак кол деп ойлошот экен. Ашканада менин колумдан даам сызгандар мактап эле келишет. Андан тышкары эркектердин жумушун жакшы жасай алам. Мисалы, тез эле короону иретке келтирип, бактарды кыркып, отун жарып, мык кагып, дегеле бардык сырткы жумуштарды аткаруу колумдан келет. Кир болуп чачылып жаткан иретсиз нерселер ачуумду келтирип жиберет. Эң жаман көргөнүм ошол.

”ТУРМУШ КУРУУГА АЗЫР ДЕЛЕ КЕЧ ЭМЕС”
– Турмушка чыга элекмин. Мындан үч-төрт жыл мурун мен жактырган адам каза болуп калды. Убакыт билинбей өтө берет экен. Маңдайыма жазган болсо, үй-бүлө күтөрмүн, болбосо, арга жок.

”ЖАШОО, ӨМҮР ЖӨНҮНДӨ”
– Менимче, бул жашоонун максаты тиги дүйнөгө даярдануу болсо керек. Мени өлүмдөн кийинки жашоо коркутат. Аркы дүйнөдө бизди эмне күтөт, анын баары азыркы иш-аркетибизге, жүрүм-турумубузга байланыштуу. Ошондуктан бул жашоодогу эң башкы нерсе – ыйман деп айтар элем. Ал дагы өзүбүздүн колубузда.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Менин дүйнөм - Динара Жусаева: "Мен жактырган адам каза болуп калган"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Zarina.S.1998
2011-11-08 14:32:39
42де экен бирок жапжаш корунот.бактылуу болунуз!
0
janet
2011-11-08 19:06:43
Апеей, ботом! Бүлөң жокпу дагы эле? Бала деле багып алсаң болмок экен, эми кудайым бактыңды берсин.
0
Love_kg
2011-11-13 12:23:18
janet, зачем так осуждать, у нее своя голова на плече, сделает так как она сама захочет, значит еще не встретила достойного себе мужчину, встретила но он к сожалению ушел из жизни, буюрса встретит и будет у нее дети!!!!
0
ulan.zhoroev
2011-11-08 22:24:14
Ооо Динара эжеке дагынделе жылдызду суйукту и татынакайсыз бактылуу болун бар болун ардайым
0
ainura220888
2011-11-09 02:07:30
динара эже Кадыраалы Артыков менен жашаганынызды унутунузбу после этого кадыраалы байкем уй булоосу менен ажырашып кеткен Айгерим менен Исхактын коз жашынан коркбогонсузбу. кийин Кадыраалы байкем катуу ооруп уйундо айылда журуп калды азыр аялы жок эми жашасаныз болот себеби бишкекте жалгыз жашайт.Улуттук университетде иштейт
0
Love_kg
2011-11-13 12:25:17
ainura220888, не мне судить конечно, но зачем так открыто все объявлять. надо было ей в личку написать..
0
Love_kg
2011-11-13 12:29:29
ainura220888, мы конечно не знаем что творится у нее на душе, но она же говорит что вся ее семья религиозные... так что, она на такие грехи неспособна.
0
adel.
2011-11-09 02:28:22
bul eje lizbiyanka,owogo turmuw kurvait dep ukkan bolchum...ot mujchin u nee allergiya.bir eje bar novosti vela davnooo ewe takaya s korotkoi strijkoi,owol ekoo lizbiyanki
0
Batken
2011-11-11 17:58:42
adel., анын аялдар менен болгонун коргон 4кубон болбосо антип айтып куноо кылып не кыласын ,эркектер менен эле жашап журуптурго
0
Love_kg
2011-11-13 12:26:57
adel., ну а ты что с ними вместе была когда они встречались? ;))) может ты сама такая и тебя они отшили ;))))
0
Tynka
2011-11-09 09:06:58
кудайым сизге бакыт нурун чачсын! бактылуу болун
0
Alvina
2011-11-09 09:50:40
Динара эже аялдык бакыт каалаймын сизге!
0
Rahman
2011-11-09 10:14:31
Bul duynonun maksaty tigi duynogo dayardanuu degeni jakshy eken. Tigi duynodon korkkonu da en tuura. Dinden kabary bar pende eken. Azyrky jashoo 1-2 kunduk ubakyt. Chynygy jashoo aldyda.
0
Asus84
2011-11-09 13:19:46
Мага да ушул эженин уну Энекем деген ыры жагат, ушул ырды мен коп ырдайм, бактылуу болунуз!!!
0
baiysh
2011-11-09 14:28:10
анча мынча орусча кошсо да аябай жагымдуу кооз суйлоптур тиги орусчаны чала билген айжамал кабыловаларга окшоп жасалмаланбай.чыныгы интелигенттуу билимдуу жана назик айым
0
Bayseyit
2011-11-09 23:42:03
ушул маек болуп атканда фондо ырдап аткан ырын медиа порталга жуктоп койгулачы сураныч
0
saltane
2011-11-10 10:21:26
сагындырып копко чыкпай кеттиниз эле 10 минут болсо да унунузду угуп эс алып калдым, сиздин унунуз менен чонойгон элек да Динара эже.Ишинизге ийгилдик, ден соолук, уй булолук бакыт каалайм!!!
0
altynkamikola
2011-11-11 15:39:20
Бир сөз менен чыныгы аялзат!назиктиги,өзүн алып жүрүшү,аруу жан дүйнөсү!арбаңыз Динара эже,дүйнөдөгү эң жакшы нерселердин баарын каалайм!бактылуу болуңуз!
0
Bakulia
2011-11-11 18:15:07
Dinara eje 21 kylym radiosunda ishtep jurgondo , men kipkichenekei kyz bolchumun, akem ekoobuz kundo radionun tubundo jatyp alyp ukchubuz.airykcha "chak tush " beruusun jaktyrchubuz. Oshondonbu azyr Dinara ejenin unun uksam balalygymdy, jaidyn ysyk kundorun , esteim. Ishterinizge iygilik Dinara eje. Rahmat 21 kylym radiosu uchun..... je ununiz uchun desembi :))).
0
kuba7888
2011-11-12 06:53:24
супер
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан