Мырзалардын күчү, акылы, тапкычтыгы, ал тургай капчыгынын калыңдыгынан башка айымдарды багындырчу дагы бир куралы бар. Негизги курал десе да болот. Ал – мырзалардын сексуалдуулугу. Бүгүн шоу-бизнестеги айымдардын жардамы менен учурдагы сахнанын секс-символун аныктоого аракет кылдык.
Аида Кулуева:
– Сексуалдуулуктун талабына толук жооп берген мырза – Актан Исабаев. Бой десең бой, өң десең өң бар. Анан да оригиналдуу чач жасалгасы менен өтө сексуалдуу көрүнөт.
Назира Жетигенова:
– О-у... Менин кыялымдагы эң сексуалдуу мырза – Жан-Клод Ван Дамм. Ал эми биздин калпакчан жигиттерибиздин арасынан бирөө бар, Эрмек Нурбаев деген. Баскан- турганы, сүйлөгөнү, айымдарга кылган мамилеси, анан да бетиндеги уячасы аябай сексуалдуу.
Айжан Газиева:
– Шыңга бойлуу,чымыр денелүү, көз карашы курч Актан Исабаевге сексуалдуулук боюнча эч ким жетпейт. Айрыкча аппак кийинип алганда өтө сексуалдуу.
Роза Шакирова:
– Мен биздин шоу-бизнестеги сексуалдуу мырза деп Ырыскелди Осмонкуловду айтам. Бул мырзаны тармалдашкан чачы сексуалдуу көрсөтөт. Анан да өзүнө жарашыктуу кийинет.
Назик Исраилова:
– Эрмек Нурбаевдин көз карашы, зыңкыйып жүрүшү аны сексуалдуу мырза деп тандоого татыктуу.
Кенже Дүйшеева:
– Негизи эле кара торулар сексуалдуу келишет. Биздин шоу-бизнестин жигиттеринин ичинен кара торунун сулуусу жана сексуалдуусу Актан Исабаев. Жеке эле кара торулугу эмес, келбети менен да сексуалдуу деп атоого арзыйт.
Гүлнара Калдарова:
– Апей, мен муну айта албайм!
Жанэль:
– Мен Арсенди баритон үнү, кең далысы менен сексуалдуу мырзалардын башкы сабына коём.
Жаным Айзат:
– Бакыт Байсариевдин бийлегени эле бир тайлык. Сөздүн кыскасы, төгөрөгү төп келген, кыздардын кыялындагы сексуалдуу мырза.
Асема:
– Сексуалдуу мырзаны тандоодо актрисалык көз караш менен байкаштырып көрөйүн. М-м... Мирбек Атабеков ушунчалык берилүү менен жүрөктөргө жеткире ырдап, өзүнө арбап алат.
Гүлнур Сатылганова:
– Билбейм, кимисин айтарымды...
Гүлзинат Суранчиева:
– Арсендин үнүндө сексуалдуулук бар. Үнү каргылданып кызыктуу... Өзүнө тартат. Олбурлуу келген келбети да үнүнө жарашат.
Назира Айтбекова:
– Негизи, шоу-бизнесте үч мырзаны сексуалдуу деген топко киргизмекмин. Алар: Гүлжигит Калыков, Даниель анан Ома (Өмүрбек Андарбеков). Мен үчүн булардын ичинен кең далылуу, ойноктогон көздөрү жана коңур үнү менен эң сексуалдуусу – Ома.
Сайкал Садыбакасова:
– Мирбек Атабековдун көз карашы сексуалдуу. Адамды бир тиктеши менен тартып алат. Ал эми Арсенди келбети үчүн сексуалдуу деп айтам. Кандай кийим кийбесин жарашат. Менин көз карашымда, сексуалдуу мырзанын көзү Мирбектикиндей, дене мүчөсү Арсендикиндей болушу керек.
Замира Молдошева:
– Биздин шоу чөйрөдөгү мырзалардын ичинен эң сексуалдуусу жана стилдүүсү эле Самат Дөөлөтбаков.
Динара Эсенгулова:
– Шоумен Бакыт Байсариевдин көздөрү, мурду, сакалы, шыңга бою, деги эле бүткүл тулку бою сексуалдуу.
Айчүрөк Иманалиева:
– Мен биздин үч мырзага сексуалдуу деген наам бере алам. Бирок үчөө үч башка критерий менен. Кең далылуу, кер мурут, баатырлардай сүрү бар Бек Борбиев чыныгы кыргыз табитиндеги сексуалдуу мырза. Кара торусунан келген кең далылуу, бойлуу Актан Исабаев батыштын сексуалдуу мырзаларынан кем калбайт. Мирбек Атабековдун үнү сексуалдуу.
Зари:
– Сырдуу көз карашы, капкара кайраттуу чачтары менен Гүлжигит Калыков мен үчүн сексуалдуу жигит.
Гүлзада Рыскулова:
– М-м... Бул суроого жооп бере албайт экенмин.
ОШЕНТИП...
Көпчүлүк ырчы айымдардын көз карашында сахнанын секс-символу Актан Исабаев экен. Андан соң Арсен, анан Мирбек Атабеков.
АНАН ДА...
Сексуалдуулук тууралуу талкууларда таң калтыргандар да болбой койгон жок. Кээ бир айымдар жытынан сексуалдуулук таап, бирок аны элге айтуудан тартынып, тамашага салып "аны билүү үчүн төшөктө байкаш керек" дешти. Дагы бири тамак жасаганынан да сексуалдуулукту таап чыкты. Жалгыз бойлор "сексуалдуу мырза издеп калыптыр деп ойлоп калбасын" деп кыйпылыкташты.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg