ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАР ӨМҮРДҮ КЫСКАРТАТ

Учурда энергетикалык суусундуктар жаштар арасында өзгөчө популярдуулукка ээ. Көчөдөн колдоруна бирден “Ягуар” кармап бараткан окуучуларды да көрүү жаңылык болбой калды. Бирок алар мындай суусундуктардын зыянын билеби? Кеп ушул тууралуу болмокчу.

КАЙДАН КЕЛГЕН?
Энергетикалык суусундуктардын алкоголсуз жана алкоголь аз кошулган түрлөрү бар.
Дитрих Матешиц аттуу жеке ишкер 1982-жылы Азия өлкөлөрүн кыдырып чыгып, кофе, матеин (ачкалык сезимден арылтат), гуарана (көбүнчө дары-дармекке колдонулат) сыяктуу энергетикалык өсүмдүктөрдүн көп экенин көрүп, байкаштырып кетет.
Австрияга кайткан соң Таиланддан эң белгилүү “Кызыл бука” (“Krating Daeng”) ичимдигинин рецебин жана укуктук лицензиясын сатып алат.
1984-жылы Матешиц мекениндеги Фушль-ам-Зее шаарында “Red Bull GmbH” аттуу компания ачкан. Рецеби үч ирет иштелип чыгып, кошумча кофеин жана таурин заттары кошулган. Ошентип, энергетикалык суусундук 20-кылымдын акыркы чейрегинде пайда болот. 1987-жылы «Red Bull» ичимдиги сатыкка чыккан. Кийинчерээк «Burn» жана Орусияда «Adrenaline Rush» аттуу энергетикалык суусундуктар да пайда болгон. Ал эми бүгүнкү күндө мындай суусундуктардын 50дөн ашуун түрлөрү бар.

МЫЙЗАМДЫ ЧЫГАРДЫК, А БИРОК...
Учурда Жогорку Кеңештин чечими менен энергетикалык суусундуктарды алып кирүүгө лицензия берүүнү убактылуу токтотту. Бул мектеп жашындагы өспүрүмдөрдүн арасында алкоголизм күчөп бара жаткандыгына кабатырланган ата-энелердин арыз-даттанууларынан улам келип чыкты десек болот.
"Калаабызга энергетикалык суусундуктар буга чейин кайдан келген, баасы канча?" деген сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн "Ош базарынын" тегерегинде жайгашкан дүңүнөн соода кылуучу дүкөндөргө сапар алдым. Беш-алтоосуна баш багып, энергетикалык ичимдиктер кыйла азайып, кээ биринде такыр эле жок калганын байкадым. Сатуучулардын бирин кепке тарттым.

Каныбек, сатуучу:
– Бул ичимдиктер сатыкта канчадан бери “жашап” келет?
– Бизге сатыкка акыркы үч жылдан бери тынбай келип жаткан. Тыюу салынгандан бери келбей калды.
– Кайсы жактан келет?
– Орусиядан келет. Вагон-вагон болуп жүктөлүп келип, анан шаар ичиндеги базар жана дүкөндөргө таратылат. Аны кыргызстандык бир фирма колго алып, шаар боюнча таратат. Сатуучулар ал фирманы “Ягуар” деп атап коёбуз.
– Жалпысынан сиздерде канча түрү бар эле?
– Ондон ашык түрү бар. “Чёрный русский”, “Манчестер”, “Казанова”, “Ред Булл”, “Троффи” жана башкалар.
– Баасы кандай, үстүнө канча сом кошосуздар?
– “Ягуарлар” 56 сомдон келет, ал эми “Ред Булл” кымбатыраак, 78 сомдон. Дүкөндөрдө баалары 65 сомдон, “Ред Булл” 80-85 сомго чейин. Негизинен, бизге ушул ичимдиктерди алып кирүүгө тыюу салса жакшы болмок. Анткени азыркы жаштар бул ичимдикти кадимки суусундук катары эле алчу болушкан.
– Көптөн бери иштейт экенсиз, көп кызыктарды көрсөңүз керек?
– Ооба, ар кандай кызыктарга күбө болом. Кээде карап туруп жүрөгүм түшүп кетет. Бир жолу бир бала келип бир "Ягуар" алды. Дүкөнүбүздүн эле маңдайындагы бактын жанына отуруп алып иче баштады. Көп өтпөй дагы келип, дагы бир "Ягуар" алды, анан дагы келди. Бир маалда өзү менен өзү сүйлөшө баштады. Тажап кетти окшойт, бир маалда бакты карап алып аны менен да сүйлөшө баштады. Ошондо жакамды кармап тобо дегем.

“КУРАМЫНДА ВИТАМИН БАР ЭКЕНДИГИ ДАЛИЛДЕНЕ ЭЛЕК”
Арадан эки жума өткөн соң ири соода түйүндөрүндө “Бёрн”, “Раш” жана башка аталыштардагы энергетикалык ичимдиктер пайда боло баштады. “Тыюу салынганы кайсы, булар кайдан алынып келинип жатат?” деген суроо пайда болду. Кээ бир маалыматтар боюнча, булар мурунку алынып келинген суусундуктардын калдыктары экен.
Энергетикалык суусундуктар чындыгында зыянбы? Болсо, канча даражада организмди жабыркатат? Бул тууралуу өспүрүмдөр боюнча врач-психолог, нарколог Варвара Батурина бизге маек куруп берди:
– Азыркы учурда жаштар арасында энергетикалык суусундуктар лимонад катары кабыл алынып калган. Өспүрүмдөрдүн ата-энелери өздөрү акча берип көндүрүп жатышат. Өспүрүм суусунун кандырам деп ойлойт. Анткени сыртында бир канча витаминдин түрү бар деп жазылууда. А бирок алардын курамында витамин бар экенин бир да медик далилдеп чыга элек.
– Алардын терс таасири жөнүндө кеп кылсак...
– Энергетикалык суусундуктар организмге киргенде баш кеңгирей түшөт. Жүрөк мүнөтүнө норма боюнча 60-63 ирет соксо, энергетикалык суусундук ичкен соң 100гө чейин жетет, кандын басымы көтөрүлөт. Беттеги кан тамырлар кеңейгенинен бет да кызара баштайт. Каректер коюулана түшөт. Ичкен адамдын психикасында өзгөрүү болуп, адам активдүү боло баштайт, айткан сөзгө маани бербей калат. Мындай абалда өспүрүм эч нерсени түшүнбөйт, ишине, аракеттерине жооп бербей калат. Экинчи фазада суусундуктун таасири менен алсызданып, кийин кабыл алуусу төмөндөйт. Уйкусурап, депрессияга учурайт.
– Бул суусундук кайдан келген? Сиздер көзөмөлдөйсүздөрбү?
– Кээ бир маалыматтар боюнча, энергетикалык суусундуктар Вьетнамдагы согушта америкалык аскерлердин коркунуч сезимин жоготуу үчүн колдонулчу экен. Кийинчерээк ал согушка катышкан аскерлердин көпчүлүгү мээнин шишиги, боордун циррозу менен жабыркашкан. Бул оорулар дароо эле пайда болгон эмес, 4 жылда барып өөрчүгөн.
Орусиядагы Медициналык академиянын профессору В.Анищенко энергетикалык суусундук аракечтикке жолдомо экендигин аныктап чыккан. Ал эми Кыргызстанга келген суусундуктардын курамын эч ким көзөмөлдөбөйт. Баары алгач жөнөкөй нерседен башталат. Мисалы, 10 жаштагы бала дүкөндөн бир жолу энергетик алды дейли. Ал акырындан күнүмдүк адатка айланат. 14 жашында андан да күчтүүрөөк суусундуктарга азгырыла баштайт. 16 жашында сыра, кийин ага да канааттанбай, арак иче баштайт. Ошентип, өспүрүм аракечке айланат. Кофеин менен глюкозанын айкалышы баланын организми үчүн уу.

Көчөдөгү аракечтерди көрүп иренжийбиз, а бирок өз балдарыбыз ошол жолду жолдоп баратканы эч кимди кабатыр кылбагандай. Энергетикалык суусундуктун бир банкасында 50 грамм арак бар, демек, жаш муун да аракечтик менен алектенүүдө. Учурда энергетикалык суусундуктарды алып кирүүгө лицензия берүү убактылуу токтоп турат, бирок акыры кандай чечилери белгисиз.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
monchok
2011-11-07 15:00:32
жакшы эмес экен
0
Таллас
2011-11-08 13:32:22
Ушул макаланы эң туура жазыпсыздар! Эл шоу дүйнөдөн башка кызыктуу жана өздөрүнүн ден соолугунун душмандары жөнүндө маалымат алып турса да пайдалуу го..
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан