Тасма ааламы укмуштуу трюктар менен коштолот. Монтаж менен деле ар кандай укмуштарды жасап койсо болот, албетте. Бирок жандуу трюктарды аткарып, тасма дүйнөсүнө көрк жана жаңылык алып келген адам бул – Жеки Чан. Бул актёрду сүйгөндөр көп. Жеки Чан – жаракаттарга карабай тасманы сүйгөн өзгөчө жан.
ЖЕКИ ЧАН
Төрөлгөндө коюлган аты – Конг Санг Чан (которгондо “Гонконгдо төрөлгөн” деген мааниде).
Туулган жери – Кытайдын Гонконг административдик району.
Туулган жылы – 1954-жыл, 7-апрель.
Бою – 174 сантиметр.
Салмагы – 62 килограмм.
Үй-бүлөлүү, аялы – Фэн-Цзяо Линь – актриса, уулу – Жейси Чан 28 жашта. Никесиз төрөлгөн кызы – Этта 12 жашта.
Билими – Драмалык искусство боюнча Кытай академиясын бүтүргөн (Пекин операсынын алдындагы мектеп).
Билген тилдери – Кытай, англис, корей, тай жана бир аз япон тилин билет.
Бош убактысында – Аңчылык кылууну, балык уулоону, боулинг жана кумар оюндарын ойноону жактырат.
КАРЫНДАГЫ БАЛАНЫН КАН БОЛОРУН КИМ БИЛЕТ?..
Гениалдуу адамдар төрөлбөй жатып эле өзүнүн өзгөчө экендигин көрсөтүшөт. Жекини апасы 12 ай көтөргөн соң гана операция жолу менен араң төрөгөн. Ошентип, 5 килограмм 400 грамм салмактагы бала жарык дүйнөгө келген.
Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. 1970-жылдардын ортосунан баштап чоң ролдорду аткарууга киришет. Кийин өзү тасма тарта баштайт. Бара-бара жалгыз өзү гана аткара ала турган жаңы киножанрды жаратат. Анткени Жеки Чан гана трюктар үчүн өз өмүрүн тобокелге сала алат.
Жеки – боевиктердин атактуу каарманы. Ал – акробатикалык-согуштук стиль менен комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу азиялык актёр.
Жеки башка жылдыздарга салыштырмалуу жеке жашоосун элден жашырып келет. Үйлөнгөндөн 5 жылдан кийин гана коомчулук анын Фэн-Цзяо Линь аттуу аялы жана Жейси аттуу баласы бар экенин билген. Кийин Элен Нг (“Азия сулуусу-1990”) Жеки Чандан кыз төрөгөнүн журналисттер айтып чыгышты. Элен ал учурда бойдок болчу жана аны Жеки Чан менен көп көрүп калышчу. Буга Жеки “мен баарынан аялымды жана баламды жакшы көрөм. Элен Нг экөөбүздүн кызыбызды да багып, тарбия бергенге даярмын” деп жооп кайтарган.
КАЙРЫМДУУ ЖЕКИ
Кайрымдуулук иштерин көп жасайт. Каражат таба баштагандан баштап эле Балдар үйүнө белек, акча берип жүргөн. Кийин “Жеки Чандын фонду” деген фонд түзүп, ар кандай адамдарга жардам берип келет. Ошондой эле 10 жетимди бакканы, чет жерде жашаган 50 кытай баланы камкордукка алып, студенттерге стипендия бергени, бир канча баланын дарылануусун камсыз кылганы, 2004-жылы Инд океанындагы цунамиден жабыр тарткандарга жардам бергени белгилүү. 2006-жылы байлыгынын жарымын кайрымдуулук үчүн мураска калтырарын билдирген.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Перизат Музуратбекова
star@super.kg