КӨЧӨЛӨР КИМДИН АТЫН АЛЫП ЖҮРӨТ?

Көчөлөрдүн аттары көбүнчө атактуу адамдардын ысымдарын алып жүрөт. Бирок айрым ысымдар өз доорунда белгилүү болуп, кийин көчө катары гана кабыл алынып, ал эми ал адам тууралуу кийинки муундун маалыматы жок болгон учурлар арбын. Ушундан улам борбор калаабыздагы көчөлөргө аттары берилген инсандар тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

ЮЛИУС ФУЧИК АТЫНДАГЫ КӨЧӨ
Узундугу 3 чакырым 860 метрди түзгөн Юлиус Фучик атындагы көчө Бишкектин түштүк-батышынан орун алган. Анын түштүк башы Москва көчөсүнөн бир аз өтүп барып токтойт да, аягы Чоң Чүй каналына чейин созулат. Чүй, Рыскулов, Жибек Жолу, Профсоюз, Кронштад көчөлөрү менен кесилишет. Чоң Чүй каналынан тартып “Манас” аэропортуна чейин Дорожная көчөсү болуп аты өзгөрөт. Ю.Фучик көчөсүн бойлоп баратканда Ю.Фучик атындагы парк жайгашкан (Кумарык жана Димитров көчөлөрүнүн ортосунда).
1957-жылга чейин аталган көчө Мясокомбинатская деп аталып келген.
Юлиус Фучик ким болгон?
Юлиус Фучик – чех коммунисттер кыймылынын ишмери, журналист, жазуучу, адабий жана театр сынчысы болгон. Чехословакиянын улуттук баатыры.
Ал Экинчи дүйнөлүк согушта антифашисттик кыймылга мүчө болуп кирип, Чехословакия немистер тарабынан басып алынган мезгилдерде псевдоним менен көптөгөн патриоттук макалаларды жана эсселерди жазат. Мына ушул себептен 1942-жылы Юлиус Фучик гестапо тарабынан тузакка түшүрүлөт. Анын ысымы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн шаар көчөлөрүнө ыйгарылган. Мисалы, Москва, Ташкент, Казань, Ереван, Санкт-Петербург, Тула, Фрунзе (азыркы Бишкек) жана башка шаарлар да Фучик атындагы көчө болгон.

ЯКОВ ЛОГВИНЕНКО АТЫНДАГЫ КӨЧӨ
Яков Логвиненко атындагы көчөнүн узундугу 4 чакырымды түзөт. 1934-жылдан тарта мурдагы Болничная көчөсү Логвиненко атын алган. Ал Бишкек шаарынын борбор бөлүгүнөн орун алып, түштүк башы Кулатов көчөсүнөн башталат да, түндүгү Фиолетовая көчөсүнө барып такалат. Бул көчө Баялинов, Мичурин, Жибек Жолу, Фрунзе, Киев, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев, Толстой сыяктуу ири көчөлөрдү жана темир жолду кесип өтөт. Борборубуздун Логвиненко көчөсүндөгү №41-үйдө азыркы учурда да мындай жазуу илинип турат: “Бул үйдө1919-жылы Я.Н.Логвиненконун Пишпектик 1-полкунун штабы жайгаштырылган”.
Я.Н.Логвиненко ким болгон?
Яков Никифорович Логвиненко 1896-жылы 23-октябрда Украинанын Полтава провинциясында туулган. Ал үй-бүлөсү менен бирге 1912-жылы Пишпекке (Бишкек) көчүп келген. 1914-жылы империалисттик согуш учурунда падыша тарабынан армияга чакырылып, фронтко жиберилген. Октябрь төңкөрүшү аяктагандан кийин кайра Пишпекке (азыркы Бишкек) келип, полкту жетектеп калат.
Ал жетектеген полк 1918-жылда болгон Беловодск айылындагы анти-советтик козголоңду баса алган. Ал түгүл Я.Н.Логвиненко Пишпектеги горнизондун жетекчиси болуп да дайындалат. Кийин Ташкенттеги Айыл-чарба университетин аяктайт. Билим алган соң Кыргызстанга кайтып келип, агроном болуп кызмат өтөгөн. Ал 1933-жылы 9-апрель күнү көз жумган.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
snejinka
2011-11-10 13:41:04
кызыкту маалмат -уландысын да кутом
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан