Эркин Мукашев машинасы менен Жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлеринин машинасын сүзүп кеткен. “Эркин Мукашев рулда мас абалында болчу” деген маалыматты төгүнгө чыгарып, “мен мас эмес болчумун” дейт. Анын айтымында, МАИ кызматкерлери туура эмес жерге туруп алышкан. “Шарт боюнча, алар кесилиштен 20 метр алыстыкта турушу керек эле. Тормозду бастым, бирок кеч болуп калган. Эгер мен күнөөлүү болсом, менин айдоочулук күбөлүгүмдү алып коюшмак да”,- дейт ал. Кырсыктан кийин Мукашев ооруканага жатып чыкканын билдирди.