1-ноябрда мукам үндүү Гүлнур Сатылганова шаңдуу кеченин күнөөкөрү болду. Күнөөкөр дегенибиз, ушул күнү дос-курбулардын коштоосунда 43 жашын белгиледи. Аскат Мусабеков, Тынай Алыбаев, Чолпон Алсеитова, Роза Шакирова, Ырыскелди Осмонкулов баш болгон 70ке чукул конок чакырылыптыр.
Келген коноктордун атынан бул кечтин күнөөкөрүнө “Кыргыз эстрадасынын примадоннасы” деген наам ыйгарылды. Муну коноктор торттун үстүнө да жаза келишкени кызык болду. Гүлнур айым да конокторго сюрприз тартуулоону унутпаптыр. Ал "Асмандын" клибин жакын санаалаштарына тартуулады. Жакында бул ырдын клибинин бет ачарын өткөрмөкчү.