Айбек Карымовдун көрөр көзү Гүланда “мен кыз багып алдым” деп бизди таң калтырды. Көрсө, алар 9-класста окуган Орозгүл аттуу кызды багып алышыптыр. Орозгүл өзү Оштон келип, Гүланданын үйүнө барган экен. Эми ырчы айым ага чыгармачылык жактан жардам берип, сахнага чыгарам деп камынууда. Орозгүл азыр мектепте окуп, Гүланданын кызы Раянаны карап, Карымовдун үйүндө жашап жаткан чагы. “Сахнага алып чыкканга азырынча эрте. Биринчи мектепти бүтсүн. Анан музыкалык билим алганда гана сахнага чыгарам”,- дейт Айбектин жары Гүкүш.