2-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КРнын маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанат болуп өттү. Салтанат белгилүү Алыкул Осмоновдун “Музыка” аттуу ыры менен ачылды. Маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев баш болгон бир топ мамлекеттик чиновниктер чыгып сүйлөп, маданият кызматкерлерин майрамы менен куттукташты.
Ушул күнү кыргыз элине эмгеги сиңген маданият кызматкерлерине наамдар ыйгарылды. Алсак, белгилүү драматург Султан Раев “КРнын Эл жазуучусу” деген наамга ээ болсо, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен ырчы Салима Балтаева, Сырга Жапар кызы, төкмө акын Азамат Болгонбаев сыйланышты. Ошондой эле жети дубандын маданият чөйрөсүндөгү инсандары да түрдүү сыйлыктарга ээ болушту.