Легендарлуу Чубак Сатаевдин канынан жаралып, анын жолун жолдоп атын өчүрбөй ырдап келаткан Кубаныч Сатаев 24-ноябрда 30 жашка толот. Буга карата концерт берип элге да кубаныч тартуулай турганын айтып, катуу даярдык үстүндө. “30 жашты баары эле белгилейт экен го. Мен да эл катары белгилеп коюуну чечтим”,- дейт ырчы.