Орозо айында Съездбек Искеналиевдин үйүнө жарамазан айтып барганбыз. Келинчеги кош бойлуу экенин көрүп “ак кочкордой уулдуу бол” деп бата берсек, “айтканыңар келсин” деп маңдайы жарылган эле. Ал эми Акбар Сүйүнбаевге “ушу сен уулдуу болосуң го” десек: “Үйдө жалаң эркекпиз, эки агамдын балдары да эркек. Бир күнү базардан жөжө сатып келсем, элестет, баары короз болуп чыкпадыбы. Мейли эми, орун басарлуу болсом сонун да”,- деп күлгөн болчу.
Ошентип, жогоруда сөз болуп жаткан эки ырчынын келинчектери балканактай уул төрөп берип кубантышты. 27-октябрда, бир күндө, бир төрөт үйүндө Съездбектин Бай-Амири, Акбардын Акбатасы ааламга келди. Ошондой эле ырчы Эрлан Андашев 3-ноябрда Раяна аттуу кыздуу болуп кубанууда. Ырчы мырзаларга бешик боо бек болсун дейбиз!