«БИ МУВИ: ААРЫЛАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ»

Жанры – Комедия
Режиссёрлору – Саймон Смит, Стив Хикнер
Продюсерлери – Жерри Сайнфелд, Кристина Стейнберг
Сценарийин жазгандар – Жерри Сайнфелд, Спайк Ферестен
Үн коштогондор – Стинг, Опра Уинфри, Жерри Сайнфелд, Рене Зеллвегер, Мэттью Бродерик, Жон Траволта
Композитору – Руперт Грегсон-Уильямс
Өлкөсү – АКШ
Тартылган жылы – 2007
Узактыгы – 1 саат 18 мүнөт
Бет ачары – 2-ноябрь, 2007-жыл
Бюджети – 150 миллион доллар

ААРЫЛАР АДАМЗАТЫН СОТКО БЕРИШЕТ
Барри Би Бенсон – аарылар өлкөсүнүн тургуну. Ал колледжди аяктап, аарылардын түбөлүк кесиби болгон бал чогултуу ишин уланткысы келбей көңүлү чөгөт. Бал чогултууга чыккан алгачкы күндөн баштап эле Барри баш аламан уча баштайт. Ошондой күндөрүнүн биринде нью-йорктук гүл өстүрүүчү Ванесса менен таанышып калат. Экөө дүкөндү кыдырып жүрүшүп, Барри текчеде алар чыгарган бал да сатыларын билип, ачуусун тыя албай Ванессага: “Силер эмнеге биз эмгек менен чогулткан балды жейсиңер?! Биз бал чогултуу үчүн өмүр бою тынымсыз иштейбиз! Бул глобалдык уурулук жана мыйзамсыз тоноого кирет!”- деп албууттанат.
Барри Бенсон адамзатын сотко берип, адилеттүүлүктү талап кылган алгачкы аарылардан болчу. Ошондуктан аны колдоп миллиондогон аарылар сотко келишет. Сот ишинде атайын контейнерлерде аарыларды кармап бал өндүргөн Монтгомери мырза жеңилип, мыйзамсыз жумушун токтотууга аргасыз болот. Аны менен кошо адамдар аарыларга балдарын кайтарып бере башташат. Бирок Барринин өлкөсүндө жумушсуздук күчөп, бир кездеги эмгекчил аарылар бекерпоз жалкоолорго айланышат.
Мультфильмдин соңунда жер жүзүндө аарыларсыз өсүмдүктөр соолуп, дарактардын жалбырактары кургап баратканын көргөн Барри жердештери менен кайра аларга өмүр берүүнү туура көрөт. 

«ШРЕКТЕН» ДА ПОПУЛЯРДУУ БОЛОТ ДЕП...
“Шрек”, “Мадагаскар” сыяктуу хит мультфильмдердин жаратуучулары “Би Муви: аарылардын көтөрүлүшү” мультфильминин үстүндө 4 жылга жакын иштешкен. 4 жыл ичинде режиссёрлор менен сценаристтер аарылардын жашоосун ийне-жибине чейин изилдеп, атайын курстарга да барышкан. Жадакалса продюсери – Жерри Сайнфелд «Канн» кинофестивалында мультфильмдин жарнамасы үчүн кинотеатрдын чатырынан секирип, көпчүлүктү таң калтырганы бар. Авторлор аталган мультфильмди “Шрек” менен “Оюнчуктар тарыхынан” да мыкты болот деп күтүшкөн. Анткени мультфильмдин атагын ашырчу жагдайлар көп эле. Мисалы, сценарийин жазган америкалык белгилүү комик – Жерри Сайнфелд беделдүү сценаристтердин бири болсо, үн коштогон Голливуд жылдыздары: ырчы –
Стинг, телеалпаруучулар – Ларри Кинг, Опра Уинфри, актёрлор – Жон Траволта, Рей Лиотталарды өзүнчө сөз кылууга арзыйт эле. Бирок мультфильм сатыктан ийгиликтүү болбой, режиссёрдун ишеними таш капкан.

Жерри Сайнфелд:
“БИ МУВИ ӨЗҮМӨ ОКШОШ”
Фильмдин продюсери жана сценаристи – Жерри Сайнфелд аарылар жөнүндө: «Адамдар эмне иш кылышпасын, сөзсүз ал нерседен кынтык таап, башка нерсе менен алектенүүнү кыялданышат. Мисалы, айлык акы аз, кесиптештер арасындагы түшүнбөстүк сыяктуу шылтоолор болушу мүмкүн. Ал эми аарылар – алар башкача. Алар бар нерсеге шүгүр деп жашашат. Аябай эмгекчил жана өзүнүн ишин сүйгөн курт-кумурскаларга кирет. Мен аларды сүйөм, өзүмдүн да аарыларга окшоштугум бар. Аарылардын жашоосун комедиялуу кылып тартуу да аябай күлкүлүү болду. Андыктан биздин тартуучу топ такыр эриккен жок»,- дейт.

БАЛДАРГА ЭМЕС, ЧОҢДОРГО АРНАЛГАНБЫ?
Кино сынчылар тарабынан «мультфильмде Американын учурда жүргүзгөн саясаты чагылдырылган. Аары менен алардын балдары – араб шейхтери жана алардын кара майы (нефти). Аарылардын мурунку жашоону кайра тандап алышканы – АКШнын чыгыш өлкөлөрүндө жүргүзгөн саясатын туура багыт деп эсептегени. Анан да сценарийдеги сатира такыр кичинекейлердин талабына жооп бербейт» деген сындар айтылган.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Каармандардын сүрөтүн тартууга 4 жыл кеткен.
  • Мультфильм 3350 метр плёнкага тартылган.
  • Адамдарга жана аарыларга 103 түрдүү чач жасалганы колдонушкан.
  • Фильмдин продюсерлеринин бири Кристина Стейнбергдин аарылардан аллергиясы бар.
  • «Bee movie» деген сөз англисчеден «аарылар жөнүндө кино», ал эми «b movie» – «экинчи сорттогу кино» деп которулат.

Лунара Бекиева
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
azamat44
2011-11-08 16:57:44
сонун мультик мага жагат
0
Bekboy
2011-12-11 00:29:16
Ото манилуу! Айрыкча мага томондогу жери жагат: Аары менен кыз романтикалык жолугушууда журушкондо кыз аарынын козунчо чиркейди кагаз менен бир чаап олтуруп койгондогу аарынын реакциясы.
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан