Бир бүркүм... «КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» МЕНЧИККЕ БЕРИЛСЕ, ЭЛ БАЙЛАНЫШСЫЗ КАЛАТ...

  • Президент Роза Отунбаева “КРнын аймагында кумар оюн-зоокторуна тыюу салынат” деген мыйзамга кол койду. Ал 2012-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
  • “Кыргызтелеком” жеке менчикке берилсе, өлкөнүн тургундары байланыш кызматынан айрылып калышы ыктымал экенин Мамлекеттик мүлк министринин орун басары Нурдин Абдылдаев маалымдады.
  • "ММК аркылуу Кочкор-Атада 200 үй-бүлө 4 күндөн бери жарыксыз отурарын уктум. Тез аранын ичинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылышыбыз шарт", - деп өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Энергетика министрине тапшырма берди.
  • 2012-жылы 1-4-класска чейинки мектеп окуучуларынын тамагына 475 миллион сом бөлүнүп, ар бир окуучу үчүн күнүнө 10 сомдон туура келет. Бирок бул 10 сом эч нерсеге жетпейт”,- дейт депутат Гүласал Садырбаева.
  • “Быйыл түрмөлөрдө кургак учуктан каза тапкандардын саны 2010-жылга караганда 92 кишиге көп”,- деп билдирди депутат Камила Талиева.
  • “Кыргызстанда Кыргыз-Казак университетин ачалы, анткени учурда Кыргызстанда 50 миң казак бар”,- деп Казакстандын депутаты Амангелды Момышев өлкөнүн премьер-министри Карим Масимовго сунуштады.
  • Ошто Июнь окуясынан жабыр тартып, “Жаштык” лагеринде жашаган 15 үй-бүлөнүн кыш мезгилинде жашоого шарты жок.
  • Кыргызстан эл аралык бизнести өнүктүрүү боюнча тизмеде 2010-жылы 67-орунда болсо, 2011-жылы 70-орунга түштү. Казакстан болсо 58-тепкичтен 47ге көтөрүлдү.
  • Кыргыз айыл чарба министри Төрөгул Беков Казакстандын Айыл чарба министрлигине сүттү импорттоого коюлган тыюуну алып салуу өтүнүчү менен кат жиберди. Анткени сентябрь айында казак тарап кыргыз малында шарп оорусу бар деп, эт жана сүттү киргизүүгө тыюу салган.
  • 2014-жылы АКШ “Манас” аэропортунан аскер майданын алып чыгып кетиши керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.
  • 2011-жылдын 10 айынын ичинде 24,5 миллион сом салык чогултулган. Бул белгиленген ченемден 9,5 миллион сомго көп”,- деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
  • Ноябрь айынын аба ырайы климаттык нормага ылайык болот. Кээ бир аймактарда жаан-чачындын көбүрөөк жаашы күтүлөт. Бул айдын эң ысык күнү 1980-жылдын 10-ноябрында катталып, анда 25,6 градус ысык болгон. 1952-жылы 30-ноябрь күнү 32,2 градуска чейин суук болгон.
  • Тиши менен 13 тонналык унааларды сүйрөгөн Ташчайнар лакап аттуу Нурлан Алишеров деген жараныбыз Орусиянын “Даңк мүнөттөрүнө чакырылды.
  • “Кыргызстан 11 жыл ичинде 7,7 миллиард 697,8 миллион м3 газ сатып алган”,- дейт “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы.
  • Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан "Торугарт" жана "Эркештам" автоунаа өткөрүү пункттары Курман айт майрамына карата 7-ноябрдан 9-ноябрга чейин жабылат.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Тиши менен 13 тонна унааны сүйрөгөн Ташчайнар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mirlanbek1405
2011-11-09 17:40:47
Азаматсыз!!!
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан