“30-октябрь күнү ажылыкка барган улгайган аял көз жумду”,- дейт муфтий Чубак ажы Жалилов. Анын айтымында, жан берген аялдын туугандары сөөгүн Сауд Арабияда көмүүгө макулдугун беришкен. Ошол эле учурда дагы бир аял ажылык сапар учурунда ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы жакшы экенин, дарылануусу Сауд Арабиянын эсебинен камсыздалып жатканын муфтий билдирет. Быйыл Кыргызстандан Меккеге 5072 адам сапар алган. Алардын көпчүлүк бөлүгү же 3098и Ош аэропортунан учушуп, калганы Бишкектен сапар алышкан. Зыяратчылардын 1700үн этникалык өзбектер түзгөнүн ажы белгилеп өттү. Ажылык сапар 10-декабрда аяктайт.