Мусулмандардын ыйык майрамы – Курман айт 6-ноябрда белгиленет. Бул жекшемби күнгө туш келгендиктен, андан кийинки иш күнү эс алуу күнү болот. Бирок дүйшөмбү 7-Ноябрь – Улуу Октябрь революциясынын күнү болгондуктан, жылнаамада бул дата кызылга боёлгон. Ошондон улам дем алыш 9-ноябрга чейин узартылды. “Беш күндүк график боюнча иштегендер 5-8-ноябрь күндөрү бош болушат”,- деп билдирет Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы.