Өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыров Жалал-Абад шаарынын соту тарабынан Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылдын июнунда 436 адам каза тапкан окуяга күнөөлүү деп табылды. Анын негизинде Батыров өмүр бою эркинен ажыратылды. Ушундай эле өкүмгө экс-депутат Иномжан Абдурасулов да кабылды. “Улуттар аралык чыр-чатакты чыгарган” деп Абдрахман Абдуллаев, Махаматрасул Абакжанов, Халилжан Худайбердиев жана Жавлон Мирзаходжаев 6 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылды. Мындай өкүм кагаз жүзүндө гана калууда. Анткени күнөөкөрлөр Кыргызстандан эчак эле чыгып кетишкен.