ТҮРКИЯДА КЫРГЫЗ УЧАГЫ ГРУЗИН УЧАГЫН СҮЗҮП АЛДЫ

30-октябрда Түркиянын Эрзурум шаарындагы аэропортко кыргыз учагы ИЛ-76 конгон. Андан кийин аэропорттогу түрк диспетчерлердин буйругу боюнча учак туруучу жерге карай бара жатып, канаты менен грузиялык учакты сүзүп кеткен. Жыйынтыгында грузиялык учактын алдыңкы айнеги, кыргыз учагынын канаты зыянга учурады. Жүргүнчүлөр жабыр тарткан жок, анткени эки учак тең Түркияда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гумжардам алып барган жүк ташуучу учактар болчу.
“Бул окуяда Грузиянын учагы күнөөлүү, анткени алар белгиленген жайдан 6 метр артка жылып алышкан. Ошондон улам кыргыз учагы чийин менен келгенине карабай канаты тийип кетти”,- дейт кыргыз учагынын командири Дмитрий Палашкин. Ал эми Эрзурумда териштирүү иштери түрк, кыргыз жана грузиялык эксперттердин жардамы менен жүргүзүлмөкчү. Кыргызстандан барган жардам тамак-аш, жылуу кийим, жууркан, чатырлар 30 тоннаны түзгөн. Жүктү Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев коштоп барган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
honestbek
2011-11-08 18:02:59
ой эми самолетко кеп жок биякта машина башкара албай жатканда кайран кыкендер аякта да жон журбоптурбуз даа окунучтуу
0
aigulai
2011-11-10 14:48:37
ушинтип гумжардам алып келбей эле койбойсунарбы деп турктор капаланып жатыптыр дейт го
0
№ 470, 4-10-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан