Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият тармагына 800 миң доллар карызын төлөй албаганы үчүн мүчөлүктөн чыгарылуу коркунучу алдында турат. Бул карыз Кыргызстан 1992-жылы аталган уюмга киргенден берки жыл сайын төлөнүүчү 1,5 миң долларлык мүчөлүк акысы жана башка төлөмдөрдөн топтолгон. Кыргызстанды былтыр эле чыгармак болушкан, бирок Июнь окуяларынан улам мөөнөтүн дагы бир жылга узартышкан. “Карызды төлөбөө “Манас” эпосун кыргыз элинин маданий мурасы катары киргизүүгө тоскоолдук кылат”,- дейт Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу экс-аткаруучу катчысы Нур Керим.