Жаңы ажонун аты аталгандан бери Ак үй менен Көк үй биригип, жаңыдан жилик бөлүшмөй, «бапке» соода башталды. Алмазбек мырза го президент болот, эми анын ордуна ким барат? Убактылуу өкмөт башчысынын «креслосуна» кожоюндук кылган Бабанов канчалык тырышып иштебесин, аны Бишкек шаарынын мэрлигине барат деп жатышат. КСДПнын бараандуу «көзүрлөрүнүн» бири Иса Өмүркулов андан ары көтөрүлөт имиш. “Ак шумкардын” лидери Темир Сариев шайлоодон баш тартканында мандем бар да, андыктан аны вице-премьерлик же Каржы министрлигине «кудалап» отурушат. Ушул эле кызматка Марат Султановдун да барып калышы ыктымал. Аликбек Жекшенкулов ТИМдин тизгинин тартса, Өмүрбек Текебаев спикерликти мелжеп жатыптыр. Баткендин губернаторлугун чанган Адахан Мадумаровго Ысык-Көл же Чүй облусунун губернаторлугу сунушталат имиш.