Ак үйдүн тушунда биринчи ирет жагымдуу маанайдагы акция уюштурулуп, ал президент Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирүү үчүн жасалды. 1-ноябрда өткөрүлгөн бул акциянын уюштуруучусу – Сергей Макаров аттуу адам. Президент айымды өлкөдөгү катаал кырдаалда татыктуу бийлик башчы боло алгандыгын сыйлаган жарандар Ак үйдүн алдына бир күн бою роза гүлүн алып келип жатышты.