Быйылкы жылдын эң чоң окуясынын жыйынтыгы чыкты. Өлкөнүн төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаев деп тандалды. КСДПнын лидери Кудайды көп оозанат эмеспи, анын сыңары, биз да буюрса дейли, жаңы жылга чейин алты жылдык чылбыр Атамбаевдин колуна карматылат.
11 ЖЫЛ МУРУНКУ ТӨЛГӨ
Эки мөөнөтүнө алымсынбай 2000-жылы Аскар Акаев үчүнчү мөөнөткө жүткүнгөндө, Алмазбек Атамбаев биринчи ирет ат салышкан. Шайлоонун жыйынтыгында, туңгуч президент жана депутат Өмүрбек Текебаевден кийинки үчүнчү орунду алган. Мына ошол 2000-жылы 22-сентябрда жарык көргөн жергиликтүү басылмалардын бир материалына көзүм түшүп калды. Анда ысымын атагысы келбеген көзү ачык: “Адам ысымдары тагдыр сызыгын чиет. Аскар – бийик, зор деген мааниде. Кыргыз эли Аскардын тушунда азаттык алып, өзүнчө журт катары түндүк көтөрдү. Алмаз – курч, тайманбас, өткүр дегенди билдирет. Алмаз өзү – таш. Демек, жерге жакын. Мындай адамдар басмырт, бирок калыс, иштерман, элге-жерге боору тарткандардан”,- деп айткан экен.
Ушуга улай эле Алмазбек Атамбаевдин кыска маеги да урунат. Журналисттин он бир жыл мурун берген “Эгер президент болуп калсаңыз, ишти эмнеден баштайт элеңиз?” деген суроосуна ал мындай жооп узатыптыр: “Биринчиден, саясатты азайтат элем. Экономикага көбүрөөк көңүл бөлмөкмүн, аны жөнгө салмайынча элдин жашоо-турмушу оңолбойт. Чет өлкөдөн келген инвестициялар, кредиттер өз максатына пайдаланылбай, таланып-тонолуп кетти. Ал карызды эми биз эле эмес, биздин балдарыбыз да төлөп кутула албайт, сыягы. Мындай баш аламандыкты токтотуш керек”.
ТИЗМЕДЕН ӨЗҮН ТАППАЙ УБАЙЫМ ЧЕККЕНДЕР
30-октябрь – шайлоо күнү адаттан өзгөчө болду. Өткөн парламенттик шайлоодон айрымдар күйүп калышкандыр, бул сапар алар айранды үйлөп ичкендей болушту. Шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдөн көбү кабарсыз калганы, айрыкча добуш берүүчүлөрдүн өзүн тизмеден таба албаганы менен оркоюп чыкты. “Эмдиги шайлоодо азыркы катачылыктарды эске алабыз” деп БШК кутулганы менен, болор иш болду, боёсу канды. Анан да сыясы дароо өчпөгөн белгилөөнү баш бармакка сүртүү Оштун мэри – Мелис Мырзакматов сыяктуу өкмөттүн аткаминерлерине да жакпады.
Ушул убакытка чейин бир да шайлоону унутта калтырбай активдүү катышып келген Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун добуш берүүчүлөрү эмнегедир “уктап” калышты. Курманбек Бакиевдин кезинде Баткен 90 пайыздык көрсөткүчтү жөн эле “тээп” койчу, ал эмес, былтыркы элдин жүрөгүнүн үшүн алган Июнь окуясынан кийин референдумда 60 пайызды көрсөтүүгө тоскоолдук кылбаган. Бул шайлоодо Талас менен Чүй облусу болуп көрбөгөндөй активдүүлүгү менен азамат болушту.
ТЫНЧЫБАСТАР МИТИНГ БАШТАШТЫ
Президенттик жарышта негизги атаандаштык “Ата Журттун” лидери – Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандын” башчысы – Адахан Мадумаров менен КСДПнын лидери – Алмазбек Атамбаевдин ортосунда болору белгилүү эле. Шайлоонун жыйынтыгы күтүлгөндөй эле чыкты. Бийликтин тиранына айланган Курманбек Бакиевди тагынан алып түшүү оппозициячыларга оңой болгон эмес. Бакиевдин бийлигине каршы баш көтөргөндөр көз көрүнөө унаасында өрттөлүп, анча-мынчалары түрмөгө кесиле баштаган. Эгерде Атамбаев утулуп калса, анда баарынан мурун 7-апрель окуясынын маңыздуулугу түп-тамыры менен жоголуп кетмек. Референдумдан кийин президенттик бийликтин статусу ылдыйлап, илгеркидей эки чылбыр бир колдо эмес деп жарыялашса да, президент деген президент экен, жарышта утуп чыгууга жан далбас кылышты.
Баарынан кызыктуусу, добуштардын бөлүнүшү болду көрүнөт. Атамбаев 60 пайыздан ашып түшсө, Мадумаров менен Ташиев 15 пайыздын тегерегине араң жетишти. Калган 13 талапкердин 8и керек болсо “баарына каршы” добуш бергендерге да жетишкен жок. Сөз кылууга арзыйт деп Темирбек Асанбековдун “көлөкө” талапкерлердин ичинен суурулуп чыкканы айтылууда. Саясий чөйрөнүн жаңы өкүлү үгүт иштерине миллиондорду сапырбай туруп төртүнчү орунду алып койду.
Эми күмүш менен коло медалдын “кожоюндарына” келсек, эки сөз менен айтканда, экөө тең шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын тааныбайт. “Жаңы шайлоо жарыялашмайынча тынчыбайм” деген Ташиевдин сөзүнө акыркы күндөрдөгү Ош менен Жалал-Абаддагы митингдер далил. Буга Мадумаровдун адамдары да кошул-ташыл. 31-октябрдан тарта башталган түштүк жергесинде түрдүү аймактарында БШКнын жыйынтыгына нааразы болгондор шайлоонун кайрадан өткөрүлүшүн айтышууда. 3-ноябрь күнү Ош облустук администрациясына митингчи аялдардын тобу басып кирип, губернатор Сооронбай Жээнбековдун сүйлөшүүгө чыгышын талап кылышкан.
Айтмакчы, бир топ мамлекеттер жана эл аралык уюмдар шайлоону таза өттү деп билдиришти. Бул жаңылык деле эмес. Баса белгилөөчү жагдай, Адахан Мадумаровдун аларды калпычы деп айыптаганы болду. Мадумаров кезинде “Ак жол” “Ата Мекендин” добуштарын “олжолоп” алып Жогорку Кеңешке өткөндө, эмнеге азыркыдай чуу салбады экен?
“МАДУМАРОВ МЕНЕН ТАШИЕВ ЖАКШЫ БАЛДАР”
Бийликтин даамы таттуу белем, Алмазбек Атамбаев БШКнын алдын ала жыйынтыктарын угары менен маалымат жыйын уюштуруп, кечээки оппоненттерин мактады. “Менин атаандаштарымдын арасында жакшы саясатчылар бар, бирок алардын ичинде жаман балдар да жок эмес”,- деди ал. “Жаман” деп атын атабай кыйытып жаткан талапкердин ким экенин билиш деле кыйын эмес. Ал өзүнө каршы ачылган кылмыш иштерин токтотууну суранып, соодалашууга аракет кылган имиш. “Ал өзүн чалгынчымын деп эсептейт, бирок бардык кесиптештери аны саткынчы дешет”,- деп салды Атамбаев.
Мадумаров менен Ташиевге токтолуп, алардын кырдаалды курчутууга барарына ишенбей турганын айтты. Андан сырткары Атамбаев алар менен тил табышарын, шайлоого чейин эле бир канча ирет жолугушканын да жашырбады. Бирок азырынча бул экөөнө кандай кызмат сунуштай тургандыгы табышмак. Мадумаровго Атамбаев кышында Баткендин губернаторлугун сунуштаган экен. Бирок ал баш тартып коюптур. Баса, Ташиев “эч кандай кызматка макул эмесмин” деп көшөрүүдө. Албетте, саясаттан өткөн туруксуз нерсе жок, кечээ касташып, бири-бирин сөгүүгө, мушташууга чейин баргандар эртеси кучакташып, өбүшүп, мамыр-жумур эле болуп кетип жатышпайбы... Бирок Камчыкенин бир айтканынан кайтпаган өжөрлүгүн жакшы билишсе керек.
КЕЛДИБЕКОВ ӨЗҮН ОРТОМЧУ СЕЗИП...
Бул аралыкта ЖКнын спикери Ахматбек Келдибеков өзүн креслосунан жылмышып баратканын сездиби, анын үстүнө статус бар эмеспи, парламенттик өлкөнүн парламентинин башчысы деген... Кыскасы, таарынгандарды, тагыраагы, шайлоодон кулагандарды чакырып, БШКнын адамдарын төш кылып жыйын уюштуруп жиберди. Атамбаевге спикердин бул аракети жакпады көрүнөт, ангинасына шылтоолоп жыйынга келбеди. Жаңы шайланган президенттин басма сөз катчысы Ташиев менен Мадумаровго жолугушуу үчүн шеф ортомчуларга муктаж эместигин балп эттире айтып салды.
Төрагага арызданып келгендер “биз Атамбаевдин жеңишине макулбуз, бирок алар шайлоонун тегерегиндеги бардык маалыматтын таза жана калыс жарыяланышын талап кылабыз” дешиптир. Алар деле өлкөдөгү туруктуулукту сактоо үчүн жан үрөп жаткан экен.
Бул аралыкта Жогорку Кеңештин ичинде кезектеги жаңы коалициянын курамы кандай болору сөз болуп жатат. Анткени Алмазбек Атамбаев президент болуп бекилери менен премьерликтен бошойт. Демек, муну менен коалиция ыдырайт. Андыктан ЖКнын депутаты Равшан Жээнбековду жаңы коалициянын конструкциясы тууралуу кыска маек курдук.
Равшан Жээнбеков:
“АТА ЖУРТ” ЖАҢЖАЛЫ ҮЧҮН КОАЛИЦИЯДАН ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН”
– Бул сапар “Ата Журттун” “борттон” сыртта каларын айтыптырсыз. Буга эмне негиз болууда?
– Парламенттин ичиндеги кызуу процесстерге катышып, түрдүү саясатчылардын алакасына күбө катары ушундай божомолду айттым. Анткени КСДП жана “Республика” менен “Ата Журт” акыркы учурда тил табыша албай жаңжалдашып жүргөнү даана байкалып турат. ММКлар аркылуу Атамбаевдин бир Келдибеков менен, бир Ташиев менен конфликттерге барып жатканы чагылдырылууда. Мунун баары “Ата Журттун” кезектеги коалициянын курамынан орун таба албай калышы ыктымал дегенди билдирет.
– Азыртадан коалицияга “Ата Журттан” башкасы кирери жана спикерликке Текебаевдин дайындалары айтылууда. Бул тууралуу ЖКнын ичинде кандай күбүр-шыбырлар бар?
– Ооба, мындай сөздөр жүрүп жатат. Бирок ага байланыштуу бир “момент” бар. Ал – Орусиянын позициясы. Анткени Атамбаевдин орусиячыл маанайдагы саясатчы экенин билебиз жана мындан башкалар да кабардар. Өмүрбек Чиркешовичтин ЖКнын төрага болуп калышы же калбашы Орусиянын позициясынан көз каранды.
Айта кетчү жагдай, “Ата Мекендин” лидери шайлоодон баш тартуу менен сөз жүзүндө болбосо да, иш жүзүндө Атамбаевдин бир тур менен утуп чыгышына чоң колдоо көрсөттү. Кандайдыр бир деңгээлде Текебаев үчүн добуш берүүчү электорат Атамбаевди шайлашты десе болот.
Ал эми коалиция эгерде “Ата Журтсуз” түзүлсө, анда үч же төрт партиянын эсебинен жаңы коалиция куралышы ыктымал.
– Учурда Жогорку Кеңеш президенттик шайлоого өз баасын бериш керек деп жатышат, сиз буга кандай карайсыз?
– Туура. Менин көз карашым боюнча, парламент бул шайлоого өз баасын бериши зарыл.
АТАМБАЕВ ӨЗҮ АЙТКАН АЖЫДААРГА АЙЛАНБАСА ЭЛЕ БОЛДУ...
2006-жылы болуп өткөн ноябрь митингдеринин жүрүшү Алмазбек Атамбаевдин белгилүү жомогу менен эсте калган. Узун сөздү кыскартып, анын болгон мааниси “Ажыдаарды жеңген баатыр ак сарайга кирет. Ал жактагы алтынды көрүп, өзү ажыдаарга айланып кетет” дегендин тегерегинде. Ал муну менен Курманбек Бакиевди айткысы келген болчу. Аскар Акаевди кууп чыгып, кайра өзү үй-бүлөлүк-коррупциялык башкарууну орнотуп алды деп чыккан. “Дүйнө – бумеранг” дешет. Мына эми, Бакиевди кууп чыгып, Алмазбек Атамбаев өзү президент болгону турат. Өзү айткан ажыдаарга айланбай, ажыдаарды жеңген баатыр бойдон калышын тилейли. Кантсе да, ага жакынкы алты жылдын тагдыр таразасы күбө болот.
Эльвира Караева
politika@super.kg