Кыргыз эстрадасынын дагы бир апакай ак куусу Айжамал Кабылова Москвадан келип, туулган жерине, элине жана сахнага болгон сагынычын таркатып жүргөн кези.
– Айжамал, Кыргызстанга биротоло качан келесиң?
– Жакында кайнимди үйлөп, той бердик. Анан той бүткөндөн кийин Азамат “элиңди-жериңди сагындың, жаңы жылга чейин бул жакта жүрө тургула. Жаңы ыр жаздырып, клиптерди тарттырып ал” деп калтырып кетти. Бул жакка биротоло келем деп айта албайм. Ырыскыны кайсы жакка чачса, ошол жакта жашайт экенсиң. Анын үстүнө Азаматтын Москвадагы жумушу жакшы. Өзүнө да жагат. Ошол себептен азырынча Кыргызстанга келе турган ою жок. Анын үстүнө 11-классты бүткөндөн тарта эле чет жерде жүрүп калып, бул жакка иштегенден канааттанбайт.
– Жумушу жакшы дегениңе караганда, жолдошуң чоң кызматта го?..
– Америкадан колго жасалган, кымбат баалуу эмеректер келет. Ошолорду документтештирүү менен иштейт. Жолдошум иштеген фирманын эмерек саткан дүкөндөрү бар. Аларды кыдырып жүрүп, бизде да жакшы идея жаралды. Бишкекке балдарга арналган бир дүкөн ачсакпы деп жатабыз.
– Чыгармачыл адамды бала менен үйдө отуруу бир топ эле буулуктурат болуш керек...
– Ой, көзүмдөн жаш тегеренген учурлар көп эле болот. Чынында, бала менен үйдө отуруш кыйын экен. Анын үстүнө мен балдарымды бала багуучуга ишенип таштап кете албайм. Аябай баласаакмын, бирөөгө каратыштан кызганам. Болгону, уулум Темирланды төрөгөндө апам эки айга келип каралашты. Ошондон бери эле эки баланын түйшүгү мененмин. Бук болгондо Азаматка тултуңдап, балдарды урушуп калам. Мындай учурда жолдошум шаар айлантып, көңүлүм эмнени каалап турса, ошону жасоого аракет кылат.
– Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт. Силердечи?
– Тфү-тфү-тфү, ушуга чейин казан-аяк кагыша элек. Болгону, экөөбүз балдар үчүн чыртылдаша кетебиз. Кызым Жыпара менен Темирлан бир нерсе талашып чырылдашып калса эле Азамат уулуна болушуп, Жыпараны урушат. Мен болсо “кызыма тийишпе, кызым да мен үчүн кичинекей, өзүм тарбиялайм” деп болушам.
– Москвада батирде туруп жатасыңарбы?
– Азырынча кайнежем болуп эки бөлмөлүү батирде турабыз. Үй сатып алалы деп издештирип жатабыз. Москвадан үй алыш оор. Анын үстүнө Азаматка оңой менен бир нерсе жакпайт.
– Жолдошуңдун бул жакка келейин деген ою жок болсо, чыгармачылыгың кантет?
– Эми шарт ошондой болуп жатат. Жолдошум “сени деле түшүнүп жатам. Кичине чыдап тур, бутубузга турушубуз керек. Өзүң башында айткансың, биринчи орунда үй-бүлө деп” деп айтып калат.
Жылына бир жолу келип, чыгармачылыкка кайрылып турсам деле мен үчүн чоң “заряд” болот. Бирок ушул жолкусунда келгенде чыгармачылыкта чогуу иштешкендерге абдан таарынып, нааразы болуп турам. Адамгерчилик жоголуп бараткандай сезилди. Себеби Москвадан бул жакка келерде “жакында барам, жакшы ыр болсо жазып берсеңиздер” деп чыгармачылыкта чогуу иштеп жүргөн бир топ адамдарга кайрылгам. “Болуптур” дешкен, келсем, эч нерсенин дайыны жок. Мына, келгениме эки ай болуп жатат. Телефон чалып байланышып, жолугалы десек жолуккулары келбей же мага ыр жазып бергилери келбей жатабы, билбейм.
– Мындай мамиледен улам сага бут тосуу болуп жатат деген ой келген жокпу?
– Анысын айта албайм. Азыр бардыгы келип эле акчага токтолот экен. Антейин десең, менде акча маселеси жаралган жок. Ошол эле мурда-кийин жакшы иштешип келген аранжировкачы Мирлан Ниязовго “мага бир жакшы ыр жазып берчи” десем, эч эле шашпайт. “Сен мени жарга такап жатасың, мага убакыт керек” деген шылтоо айтып туруп алды. Билбейм, балким, илхамы, көңүлү келсе жазып калар. Таарынып, кайра Москвага кете берсемби деп, бирок сахнага болгон сагынычым токтотуп калды. Өзү да эки жылдын жүзү болуп кетпедиби, “Жыпарым” деген ырды ырдагандан бери чыгармачылыгым токтоп турат.
– Ортодо Гүлшайыр эже менен кичине таарынышып жүрдүңөр эле, азыр мамилеңер кандай?
– Жакшы элебиз. Келгенден кийин учураштык. Бизди жакшы кабыл алды. Ортобузда эч нерсе болбогондой эле. Эми баягы кыргызда “туубаса да тутунган” деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай, баары бир балдарыбыз да.
– Бул жактагы ырчылар Орусияга гастролго көп чыгышат. Алардын концерттерине барып ырдап турасыңбы?
– Ал жакта бир гана жолу концертке чакырылдым. Анын да аягы шылуундардын айынан комедияга айланып кетти. Силердин гезит деле жазып чыкпадыбы, Омардын Москвада болбой калган концертин. Концертке эки күн калганда Акжол деген бала чалып, “сизди таппай жүрүп араң таптык, концертке катышып бериңизчи” деп ой-боюма койбой суранганынан баргам. Омар, анан Эрнис Бөрүбаев эле келиптир. Баягы афишадагы жайнаган ырчылардын бири жок.
– Сахна сулуулукту, жаштыкты талап кылат эмеспи. Ошол нерселерди сактап калууга кандай далалат кыласың?
– Ий, түшүнүп турам, эмнени кыйытып турганыңды. Мени көргөндөр “толуп кетиптирсиң” деп айтып жатышат. Үйдө, балдардын түйшүгү менен жүрсөң, форманы сактоо деген нерселер унутула түшөт экен. Сахна үчүн өз калыбыма келүүгө чамам жетет. Сахна чындыгында жаштыкты талап кылат, бирок Пугачёва деле ырдап жүрбөйбү.
– Фонограмманы жоюу тууралуу мыйзам долбоору каралган турат, жандуу ырдагандан коркпойсуңбу?
– Бул идея мага да жакты, коркпойм, тескерисинче, колдойм. Ырчы болгондон кийин жок дегенде той-топурларда жандуу үн менен ырдап турсаң кандай жакшы?! Азыр биздин эстрадада жылдыздар өтө көбөйүп кетиптир. Таланты бары деле, жогу деле жүрөт. Мурда “өзбектерде эмне көп, ырчы көп” деп айтылып келсе, азыр биз ошол кейипти кийип калыппыз. Фонограмма жоюлса, чыныгы таланттар иргелмек.
– Сапар менен «Күттүм сени» аттуу ырды жакшы ырдаптырсыңар...
– Бирок бул ырга менин ичим толук чыккан жок. Клипке да аябай даярдангам. Анан мына Москвага учам деп жатканда студияга барып, калп айтпасам, 15 мүнөттүн ичинде өзүмдүн куплеттеримди ырдап салып кеткем. Сапарга “чыгарбай тур, мен келгенде кайра ырдайын” десем, “жакшы чыгыптыр, чыгара берели” деп шаштырып туруп алды. Билбейм, элге билинбеши мүмкүн, бирок ырчыга өзүңдүн кетирген кемчиликтериң билинип калат.
– “АГК” тобунун жеке концертин берейин деген пландары барбы?
– Жакынкы пландарыбызда жок. Бирок концерт тууралуу ойлорубуз бар. Буюрса, жаңы ырлар менен жаңы жылдык кечелерге катышабыз. Азыркы учурда баарыбыз эле бала кучактап, кичине колубуз байланып, убакыт тар болуп турат.
– Бала-чака демекчи, дагы төрөйсүңбү?
– Эки балам удаа төрөлдү. Кичине эс алайын деп жатам. Кудай берсе, дагы уул-кыздуу болгум келет.
– Алыс жерде жүрүп, шоу чөйрөдө жортуп жүрчү ушактардан да алыс болуп калсаң керек?
– Ушак кайсы жерде болбо, айтыла берет. Азыркыга чейин “күйөөсү түрк экен” деген ушак уланып эле келе жатат. Ооба, Азаматтын генинде түрк каны бар. Ошонун ийне-жиби чубалып бүтпөй койду.
– Маегиңе рахмат. Сахнаны көп сагынтпай тез-тез чыгып тур.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg