Жомоктор дүйнөсүндө
Илгери-илгери бир бай жашаптыр. Анын Адыл аттуу жалгыз уулу болгон экен. Бай карып, төшөк тартып жатып калганда гана баласынын эмгек кылууга эч каалоосу жок, жалкоо болуп чоңойгонун туят. Бир күнү абышка “өлгөнүмчө уулумду эмгекке үйрөтүүгө жетишишим керек. Болбосо, ичер суум түгөнгөн күндөн тартып мен топтогон байлыкты жоготот да, бир жыл өтпөй бирөөнүн кулуна айланат” деп ойлонот. Анан Адылды жанына чакырып:
– Уулум, эми сен азыркыдай эркелигиңди токтотуп, өз келечегиң үчүн кам көрүшүң керек. Болбосо, жакын арада эле бир байдын кулуна айланып калышың мүмкүн,- дейт. Анда жалкоо Адыл:
– Эмнеге? Сенин топтогон байлыгың менин өмүрүмдүн акырына чейин кенен жетет. Керек болсо ошол байларыңдын бирин алып келип кой кайтартам,- деп корс этет. Айласы кеткен абышка:
– Мейли, балам, өз тагдырың өз колуңда,- деп тим болот. Ошол түнү ойлонуп-толгонуп уктабай чыгат. Акыры бир акылга токтоп, эртеси эртең менен Адылды жанына чакырып:
– Менин сага бир гана суранычым бар. Мына бул менин жаздыгымды ал да, эч кимге бербей өзүң жазданып жүр. Кыйынчылык башыңа түшсө, ушул жаздыкты мен деп бил. Башка эч кимге кайрылбастан, менин жаздыгым менен сырдашып, кеңеш же жардам сурасаң болот. Мындан ары сени туңгуюктан алып чыкчу бир гана жардамчың – ушул жаздык,- дейт. Абышка ошол күнү көз жумат.
Адыл жалгыздыктан, атасына болгон сагынычтан бир аз кыйналганы болбосо, турмушу мурдагыдай эле. Жалкоо баланын жашоосу мурдагыдан да шаңдуу боло баштайт. Атасынын жыйган дүйнөсүн чачып, көңүл ачуу менен күндөрү өтө берет. Ошентип, бир жылга жетпей байлыктын түбүнө жетет.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg