Кагазды эң биринчилерден болуп кытайлар ойлоп табышкан. Алгач бак-дарактардын кабыгынан жасалса, кийинчерээк кабыгын сыйрып таштап, жыгачтын өзүнөн даярдай башташкан. Негизи, кайың, кызыл карагай, ошондой эле терек, эвкалипт дарактарынан жасалат. Ал тургай азыркы күндө керексиз кагаздар кайрадан иштетилип чыгып, экинчи ирет пайдаланууга берилет.
Менин атым алма болот,
Эгер жесең, курсак тоёт.
Темирге бай бүт денем,
Ден соолугуң чыңдап коёт.
Алмурутмун, өрүкмүн,
Бөбөктайлар, билсеңер.
Жашыл, сары – өң-түсүм,
Витамин көп, жесеңер.
Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg