Кытайда жугундудан алынган уулуу майдан түшкөн кирешенин өлчөмү 1 жылда 2 миллиард доллардан ашат. Кызыгы, андай майлар Кытайдан сыртка чыгарылган кукси жана башка тамак-аштарга кошулууда.
Кытайдын “Кытай жаштары” деген басылмасы:
“Кытайдын уятсыз өндүрүшчүлөрү мыйзамсыз түрдө тамак-аш калдыктарынан май чыгарып пайда табышууда. Андай майлардын сыртына “Өсүмдүк майы” деп жазылат жана өндүрүшчүлөр андан 1 жылда 2 миллиард доллардан ашык пайда көрүшөт. Тактап айтканда, 1 жылда 2-3 миллион тонна май жасалат. Мындай май, албетте, ден соолукка абдан зыяндуу. Май өндүрүүчүлөр шаардык канализацияларды, жугундуларды акча табуунун жашыруун булагына айлантканына баш-аягы 10 жылдай болуп калды. Бийлик зыяндуу тамак-аштарды чыгарып кармалгандарга карата 10 жылдан ашык түрмөгө же өлүмгө буйруган өкүм чыгарган. Бирок май жасоочулар акча табууну улантышууда. Бул көрүнүш акыркы 2 жылда абдан көбөйүп кетти.
Алар ар күнү шаардык канализациялардан май сыяктуу кир суюктуктарды тосуп, чогултуп алышат. Андан кийин аларды атайын технология менен иштетип, “жаңы майга” айлантышат. Аларды арзан баада ресторандарга, кафелерге, базарларга өткөрүшөт. Ресторан-кафелердин ээлери майдын зыяндуу экенин билип туруп эле колдонууга уруксат беришет. Мунун баары майга аз акча коротуп, пайда табуу үчүн жасалат.
Май жасоочулар мындан тышкары күнүгө ресторан-кафелерди кыдырып, жугундуларды чогултушат. Андан жогоруда айтылгандай эле май сыяктуу булганч суюктуктарды бөлүп алып иштетишет. Ошентип, “жаңы май” жасалып, сатылып, акыры дасторконго барат.
Айтып кетсек, кытайлар көп түрдүү жана майлуу тамак-аштарды жегенди каалашат. Андыктан айтылгандай майлардын көп чыгарылышына толук шарт бар”,- деп баяндайт.
Айрым маалыматтарда жугундудан алынган майлар өз алдынча май катары да, азык-түлүктөргө да кошулуп сыртка чыгарылып жаткандыгы жазылууда. Андай азыктардын ичинде кукси да бар экени айтылат. Демек, өзүңө сак бол, коңшуңду ууру тутпа демекчибиз.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg