БАШ СӨЗ ОРДУНА
3-ноябрда ЖКнын кезектеги отурумунда спикер Ахматбек Келдибеков: «Светти үнөмдөөчү лампочкаларды колдонуудан улам рак оорулары көбөйүп жатыптыр»,- деп коңгуроо какты. Мындай лампочкалардын зыяны эмнеде? Бул жаатында окумуштуулардын изилдөөлөрүнө кайрылалы.
БАШКЫ КҮНӨӨКӨРҮ СЫМАППЫ?
Энергияны үнөмдөөчү лампочкалар электр энергиясын кадимки лампочкаларга караганда 3-5 эсе үнөмдөйт. Ушуга карап дүйнөнүн көп эли, анын ичинде кыргызстандыктар да колдоно баштаган. Маалыматка караганда, эң заманбап түрлөрүнө да 5 миллиграммга чейинки буу түрүндөгү сымап колдонулат.
Сымап адам өмүрүнө коркунуч туудурган эң уулуу заттардын катарына кирет. Кадимки лампочкалар сыяктуу эле булар да ток көп келгенде ысып, жарылып кетет. Жарылганда айланага деңгээли тиешелүү өлчөмдөн 20 эсе ашыкча болгон сымаптын уулуу буусу тарайт. Бул болсо, окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, борбордук нерв системасын жана жүрөк-кан тамыр системасын жабыркатат. Ушундан улам талма оорусу барлардын оорусу кармап, баш оорулар (анын ичинде шакый) козголуп чыга келет. Бул жаатында Кыргызстандын Санэпидемкөзөмөл департаментинин директорунун орун басары Людмила Давыдова: “Мындай лампаларды чыгарууда ар бирине 5 миллиграммга чейин сымап колдонулат. Анын буусу уулуу. Нерв системасын жабыркатып, жүрөк-кан тамыр системасына терс таасир этет”,- деп айтып чыккан.
ЭКЗЕМА, ПСОРИАЗДЫ ЖАРАТАТ
Канада окумуштуулары “энергияны үнөмдөөчү лампочкалар ультрафиолет нурларын бөлүп чыгарат. Мындай нурлар теринин рак оорусун жана башка тери ооруларын жаратат” деп дүйнөгө жар салышууда. Булардын айтканын коштогон башка көптөгөн окумуштуулардын да “мындай нурлардын таасиринен улам экзема, псориаз, рак, бөрү жатыш дегендер келип чыгат. Ал эми кимде аталган оорулар бар болсо, алар күчөп, адамды азапка батырат” деп айткандары бар. Көз ооруларын күчөтүп, ашказан-ичеги, боор, бөйрөк ооруларын да чакырат делет.
ЭМЧЕКТИН ЖАНА УРУК ЧЫКТАГЫЧ БЕЗДИН РАГЫН ПАЙДА КЫЛАТ
Израилдин окумуштуулары “энергияны үнөмдөөчү лампочкалардан чыккан ультрафиолет нурлар адамдагы мелатонин гормонуна терс таасирин тийгизет. Тактап айтканда, анын тиешелүү өлчөмдө иштелип чыгышына жол бербейт. Ушундан улам билинбей аялдарда эмчектин шишигин, ал эми эркектерде урук чыктагыч бездин шишигин жаратат” дешет.
ТАШТАНДЫГА ЫРГЫТПАГЫЛА!
Таштандыга же жөн эле туш келди жерге ыргытылган лампочкалар сынып, андагы уулуу сымап абага тарайт. Ошол жер да, өсүмдүк-жаныбарлар да сымаптан жабыркайт. Демек, адам организмине гана эмес, экологияга да зыяндуу болгондуктан, керектен чыккан электрди үнөмдөөчү лампочкалар атайын жайларга гана өткөрүлүшү керек жана ал металл контейнерлерде сакталуусу кажет. А бизде кандай? Эл жарактан чыккан лампочканы жөн гана таштандыга ыргытып салат. Буга Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Сабиржан Абдикаримовдун “Кыргызстанда бүгүнкү күнү колдонулган энергияны үнөмдөөчү лампочкаларды чогултуу жана утилизацияга (таштандыны колдонуу) чыгаруу механизми иштелип чыга элек” деген сөзү далил.
Демек, бул жаатта өкмөт атайын чара көрүүсү зарыл. Ал эми эл мындай лампочкаларды колдонордон мурун зыян жактарын эске алып, өз саламаттыгын ойлонсо жакшы болот эле демекчибиз.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg