Мерген Турган: «Бактыгүл, кечирип кой. Муну кылган мен эмес»


– Бактыгүл, жаштар арасында уюлдук телефондордо Мерген байкенин сени туурап ырдаган видеоролиги тараптыр. Андагы сөздөрдү уксаң, өзүң уялат экенсиң...
– Аны мага биринчи болуп жигитим айтты. Жини келгенинен “мен аны атып салам” деп жарым саатын ичинде кайсы жерде жашап, азыр кай жерде жүрөрүн билип алыптыр. Кайра мен аны алдап жатып, араң токтотподумбу! Мерген байкеге чалсам, “ошонун кантип тарап кеткенин мен да түшүнбөй жатам. Мени кечирип кой” деп кечирим сураган. Ошентсе да, мени мынчалык уят кылган кесиптешиме бетме-бет жолуксамбы дедим эле.
– Жок дегенде телефон менен байланышып көрөлү анда.
– Саламатсызбы, Мерген байке? Биз “Супер-Инфодон” чалып жатабыз. Сиздин Бактыгүлдү “Сүйүү тамгасы” деген ыры аркылуу уят сөздөр менен туураган видеоролигиңиз бар экен. Ошол тууралуу суроо берели дедик эле.
Мерген: – Билбейт экем. Ошондой бар бекен?
– Бар экен. «Роликти качан тарттыңыздар эле» деп суроо узатайын дегем.
Мерген: – Ал жагын да билбейм. (Ушул жерден сөзүбүзгө Бактыгүл да кошулду).
Бактыгүл: – Ушу­нуңуз уят да, Мерген байке. Мени эл-журтка уят кылып жатпайсызбы. Буттарым талтайып, ... саксайып, деген сөздөр сиздин оозуңуздан чыга турган сөз беле?
Мерген: – Ой, кан­дай­сың, алтыным Бактыгүл. Ал мен эмес. Бул ролик аркылуу журтка мен да уят болуп жатам. Өткөндө сен айткандан кийин көрдүм аны. Чын эле уят болуптур. Азыркы техниканы билесиң да. Менимче, сени көрө албагандардын колунан келген иш. Мени кечирип кой, жаным. Мен кантип эле ушундай ишке барайын?
– Балким, жабык кечеде отуруп аткарып койгонуңузду бирөөлөр тартып алышып, таратып жиберишкендир?
Мерген: – Андай болушу да мүм­күн. Бактыгүл, эми сен мага таарынба. Муну ким кылганын мен дагы изилдеп жатам. Өткөндө интернетте да жүргөн экен. Ким таратып жибергенин билбей жүрөм. Сени кантип эле ушинтейин?! Сен деген бардык жактан төп келишкен удачная певицасың да. Сен эми шоу-бизнеске жаңы келбедиңби. Мен канча жылдан бери жүрүп билип калдым. Мындай нерселер боло берет. Али да көп болот. Буга көп деле маани бербей койгонуң оң.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 319, 12 - 18-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан