Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. НОЛАН БУШНЕЛЬ

ОЮН ДЕСЕ ЧУ КОЙГОН
Нолан Бушнель 1943-жылы 5-февралда АКШнын Юта штатынын Клиарфилд шаарында төрөлгөн. Катардагы эле үй-бүлөдө туулган инноватор кичинекейинде теңтуштарынан көп деле айырмаланган эмес. Атасы таштан түрдүү нерселерди жасаган уста болуп, баласын эмгекти сүйүүгө үйрөткөн. Анын “көп иштесең, көп нерсеге жетесиң” деген сөзү Ноланга катуу таасир берген. Бушнель эмгекти сүйүүнүн артынан техниканы мыкты өздөштүрүп, мектепте окуп жүргөндө радио жана сыналгыларды оңдоп акча таба баштаган.
Бир жолу колледждеги окуусу үчүн төлөй турган акчасын карта ойноп уттуруп жиберет. Анан акча табыш үчүн “Көңүл ачуучу лагуна” деген жерге ишке орношот. Ошондон баштап бош убакыт болду дегиче ошол оюндар жайгашкан сейил бакка шашчу болот. Убактысын оюндар менен өткөрүп жүрүп, колледжден кийин ЖОЖдун электроника факультетине өтүп, окуусун эң начар баалар менен аяктайт. Ага карабастан, кумарпоз Нолан дал ушул технологиялар тармагында көрүнүктүү из калтыра алды.

ВИДЕООЮНДАРДЫН “АТАСЫ”
Диплом алгандан кийин Калифорния штатындагы “Ампекс” фирмасына инженер болуп ишке кирет. Алгачкы ойлоп чыгарган оюну “Компьютер Спейс” деп аталат. Бирок аны инженерлерден башка жөнөкөй адам түшүнө алган эмес. Ошондо Нолан карапайым калкка түшүнүктүү “Понг” (стол теннисинин автоматтагы видео түрү) аттуу оюнун ойлоп таап, жумуштан чыгып, өз алдынча иш баштоого белсенет. Жаңы эмгегин "Бэйли Мидуэй" аттуу чоң компанияга сунуштайт. Тилекке каршы, ал күткөндөй жооп албайт. Мындай учурда көбүнүн шагы сынып калмак, бирок Бушнель андайлардан эмес эле.
1972-жылы Тед Дебни менен “Атари” компаниясын негиздейт. Алгач тажрыйба жана каражат жок болгондуктан, бир топ эле кыйналышкан. Өз күчүнө, акылына ишенген өнөктөштөр биргеликте бардык кыйынчылыктарды жеңишкен. Бушнель адамдарды ишендирүү сапатын көрсөтүп, бир банк менен сүйлөшүп, тийиштүү инвестиция тартууга жетишет. Ошентип, акчалай колдоо табылып, акырындык менен иши башталып, көп өтпөй бул жаңы оюндун миллиондогон күйөрманы пайда болот.
“Понг” видеоавтоматтык оюну салондордо гана орун албастан, ар бир америкалык үйүндө ойной ала турган деңгээлге жетет. Ал массалык түрдө калың элге биринчи жолу таралган жана бул тармакта революция жасап, жаңы видеооюндардын индустриясына негиз салган. Бул эмгеги менен ал адамдардын жашоосуна көрк кошуп, видеооюндардын “атасы” катары тарыхта жашап келет.
Кийин Нолан “Пицца Тайм Фиате” ресторандарын каржылайт. Ал жайлардын ичинде видеооюн салондору, жаш балдар көңүл ача турган жайлар, ошондой эле атайын пицца тараткан жаныбарлардын образындагы каармандар болгон. Ноландын бул жаатта тапкан кирешеси “Атариден” тапкан 15 миллион долларынан да ашып түшкөн.
Нолан эки жолу үй-бүлө күткөн. Эки жубайынан 7 баласы бар. Атактуу инноватор учурда 68 жашта. Ачылыштары үчүн көптөгөн наамдар менен сыйланган.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Cyldyzka
2011-11-15 11:59:20
kanday akılduu adam
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан