МЕТАДОН ТУЗАКПЫ ЖЕ БАҢГИЛЕРДИ АЙЫКТЫРУУНУН ЖОЛУБУ?

Жакында режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “Тузак” (“Ловушка”) аттуу тасмасынын бет ачары болуп өттү. Тасмада өлкөбүздүн түрмөлөрүндө баңгилерди дарылоодо пилоттук долбоор катары метадон каражаты колдонулуп жаткандыгы жөнүндө айтылган. Анда баңгилер жана метадондон каза болгон адамдардын туугандары бул каражат тууралуу өз ойлорун билдиришкен.

МЕТАДОН ТУУРАЛУУ
Метадон баңгизатка көз каранды болуп калгандарды дарылоодо колдонулат. Соода-сатыктагы аталышы: амидон, аданон, фенадон, долофин, физептон, гептадон. Ал “оор” баңгизаттарын колдонуучуларды дарылоодо героиндин ордуна пайдаланылып, "метадон программасы" деп аталат. Метадон дозасына жараша 24 сааттан 72 саатка чейин таасир берет. Анын күчтүүлүгү жана эйфориялык таасири морфин менен бирдей.
Метадон алгачкы жолу 1937-жылы немис изилдөөчүлөрү Макс Бокмюль жана Густав Эрхарт тарабынан синтезделген. Алгач “долофин” деп аталып, 1954-жылы “метадон” деп өзгөртүлгөн. Баңгизатка көз карандыларды дарылоодо метадонду колдонуу тууралуу маселе БУУнун Баңгизат каражаттары боюнча комиссиясынын жыйындарында бир нече жолу каралган.
Алгачкы жыйындарда кээ бир өкүлдөр метадон баңгизат болуп эсептелбейт дешсе, 1961-жылы метадондун морфин жана героин сыяктуу эле коркунучтуу баңгизат экендиги билинген. Ошондуктан метадон БУУнун баңги каражаттары тууралуу Биримдик Конвенциясынын баңгизаттары боюнча тизмесинин №1-катарына (бул тизмеде героин, апийим сыяктуу күчтүү баңгизаттары бар) киргизилген. БУУнун Баңгизат каражаттары боюнча комиссиясында метадонду колдонуу – дарылоо эмес, жөн гана бир баңгизатын экинчисине алмаштыруу катары каралат. Баңгизатынан биротоло баш тарттыра албайт деп да айтылып келет.
2002-жылдан бери метадон терапиясын колдонуу баңгизатка каршы күрөшүү боюнча улуттук программанын алкагында бизде тажрыйбалана баштаган. Метадон дарыканаларда сатылбайт. Медициналык мекемелерде врачтын катуу көзөмөлү аркылуу гана берилет. Учурда метадонду миңден ашуун дарыланып жаткан адам колдонууда.

ПАЙДАЛУУ ЖАКТАРЫ
Мыйзамсыз баңгисооданы, ийне сайынган баңгилердин ВИЧти жуктуруп алуу коркунучун азайтат.

ЗЫЯНДУУ ЖАКТАРЫ
ECAD`дын (Европа шаарлары баңгизатына каршы) маалыматында, Швецияда "метадон программасын" 9 жыл колдонууда анын 33 пайыз катышуучусу өлүп, 69 пайызы кылмыш кылуусун уланта берген.
Литвада "метадон программасын" колдонууда баңгилердин саны сегиз эсеге өсүп кеткен.
2008-жылы Улуу Британияда 16-24 жаштардагы адамдардын баңгизаттарынан каза болгондорунун 27 пайызы метадонду колдонуудан болгон.

БАҢГИЛЕР СҮЙЛӨШӨТ...
"Тузак" тасмасы чыгары менен ага каршы пикирин билдиргендер да болду. Фильмдеги каармандардын сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндү келтирдик.
Сергей: – Баңгизатын жыйырма жылдан бери колдонуп келем. Ошончо жылдан бери апийим жана героин колдонсом да, метадон колдонгондон кийин пайда болгондой ооруну сезген эмесмин. Бул – атайылап, акырындап жана кыйнап жок кылуу. Метадон менен героиндин айырмасы жок, менин оюмча, метадонго башка баңгизаттарындай эле мамиле кылуу керек.
Чыңгыз: – Эң башкысы, баңгизатын татып көрбөө керек. Метадондун дозасын көбөйтүп бер десең, ошол замат дагы 50 граммды кошуп коё берет. Героин колдонуп жүргөндө мынчалык эмес эле. Метадонду узак убакытка колдонгондон кийин иммунитетиң алсыз болуп калат экен, этиңди тилдирип алсаң да бүтпөйт, айыкпайт. Буттарымдагы жаралар метадонду кабыл алгандан кийин пайда болду. Мен эми араң отузга толдум, жашагым келет. Силер да өкүнүп калбагыдай болуп, эч качан метадонду колдонбогула. Бул – уу, өлүм.

“МЕТАДОН КОЛДОНГОНДОРДУН КЭЭСИ ӨЛҮП КАЛАТ ЭКЕН”
Кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровго жолугуп, төмөнкү суроолорду бердик.
– Метадон терапиясы тууралуу тарткан тасмаңыз бир тараптуу болуп калган деп жатышат. Бул тасма аркылуу элге эмнени көрсөткүңүз келген? Бейөкмөт уюмдар сотко беребиз деп да жатышыптыр...
– Биздин өлкөгө метадон кирип алды, аябай таркап жатат, ушул көйгөйдү көтөрбөйлүбү деп мага адамдар кайрылып калышты. Метадон тууралуу алгач сурамжылай баштаганда "жакшы турбайбы" деген ойго келдим. Себеби СПИДдин, баңгисооданын көйгөйү, милиция менен баңгилердин ортосундагы мамиле жана үйдөн акча уурдап чыгуу дегендер чечилет экен дедим. Бул боюнча тасма тарта баштаганда метадон колдонгондор менен сүйлөштүк. Ошондо метадонду көп колдонгон адамдардын ден соолугу кескин түрдө бузулуп, көпчүлүгү өлүп калары маалым болду.
Тасманы тартып баштаарда Жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчилигинен уруксат алганбыз. №47-колониядан эки киши макул болуп, алар метадонду макташкан. Ал эми №31-колониядан метадонду жамандагандарды уктук. Мындан сырткары Элмира Исмаилова деген медик кызыбыз достору менен Кара-Балта, Кант, Токмок шаарларында метадонду кабыл алгандардан интервью алып келип беришкен.
Каза болгон баңгилердин ата-энелеринен жана метадонду кабыл алып жаткан адамдардын өздөрүнүн пикирлерин уктук. Кээси айыгып кеткенин айтышса, айрымдары мунун героинден айырмасы жок экенин, ден соолукту бузарын айтышты.
"Тузак" – жалаң гана баңгизатка көз карандылардан алынган интервьюлардан куралган тасма. Ошон үчүн эч кандай менин бурмалоом болуп эсептелинбейт. Тескерисинче, сот иши козголуп калса, бул тасма күбөлөрдүн көрсөтмөсү катары пайдаланылат. Метадон бизге керекпи же кереги жокпу, мамлекетибиз, коомубуз, элибиз өзү чечим чыгарышы керек. Изилдөөмдүн негизинде Кыргызстанда, дүйнөдө баңгилерди туура жолго сала турган, реабилитация кыла турган мындан башка деле көп программалар бар экенин билдим. Бирок биз болбой эле метадонду киргизип жатабыз.
Тасма чыгарда “Сорос” фондусуна, Глобалдуу фондго, Жаза аткаруу башкармалыгына жана Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигине кайрылдым. "Метадондун Кыргызстанга таркатылып жатканына 10 жыл болду. Ушул жылдардын ичинде анын жардамы менен канча адам айыкты? Баңгизат менен байланышкан кылмыштар канчага азайды? СПИДдин өсүшү канчалык деңгээлде токтоду? Баңгибизнесинин мизи канчалык майтарылды? 2002-жылдан баштап "метадон программасына" 2657 адам катышкан. 2010-жылы алардан 966 адам гана катталган. Калгандары эмне болгон?" деген суроолорду бердим. Бирок бул суроолордун бирине да азырынча жооп ала алган жокмун. Ошондуктан бул программаны киргизген уюмдар отчётун бере турган учур келди го деп ойлойм. "Бул тасманын артында саентология турат" деп да айтып жатышат, бирок экөөнүн ортосунда эч кандай байланыш таба алган жокмун.

“РЕЖИССЁР ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВДУ СОТКО БЕРЕЛИ ДЕП ТУРАБЫЗ”
Аталган тасмага сын айтып, "режиссёрун сотко беребиз" дегендердин бири, “Өнөктөштүк түйүн” (Партнёрская сеть) коомдук фондунун директору Айбар Султангазиевге кайрылдык.
– "Метадон программасын" ким каржылайт? Канча жылдан бери Кыргызстанда аталган программа тажрыйба катары колдонулуп келүүдө? Анын кандай артыкчылыктары бар? Канча киши айыкты?
– Метадон биздин өлкөдө 2002-жылы “Сорос” фонду аркылуу пилоттук программа катары башталган. 2004-жылдан бери Глобалдуу фонд каржылап келе жатат. Ошол жылдары 100-150 киши "метадон программасына" катышкан. Азыркы күндө 16 пункт ачылып, анда миңден ашуун адам бул программа менен дарыланууда. Глобалдуу фонд каржылап, Республикалык наркологиялык борбордун дарыгерлери аркылуу таратылат. Баңгизатына көз каранды болуп калгандар күн сайын ичишет, бул каражатты. Биздин өлкөдө баңгизатын чегип, жыттагандардан сырткары 40-50 миң героин сайынган адам бар.
Героинди таштаганга болот деген менен, тажрыйба көрсөткөндөй, 10 пайызы гана таштайт. 90 пайызы айыга албайт. Биздин программалар зыянды азайтуу максатында иштейт. Бардык баңгизаттары эле зыяндуу, бирок кайсынысынын зыяны азыраак? Героинди эл сайынып пайдаланат, ошондуктан кургак учук, гепатит, ВИЧ сыяктуу ооруларды жуктуруп алат. А метадонду ичүүдө ооруларды жугузуп алуу коркунучу азыраак. Эгер героин колдонгондордун баары башка жол менен дарылана турган болсо, жыл сайын 50 миллион доллар сарпталат экен. Ал эми метадонду биздин өлкө жылына 30 килограмм алып жатат, ал 30 миң долларды гана түзөт. Глобалдуу фонд 2016-жылга чейин каржылайт, ал аяктагандан кийин башка деле фонддор каржылашы мүмкүн. Эч болбосо бул каражатты мамлекет деле анчалык кыйналбай төлөй алат.
Казакстан, Орусия "метадон программасына" тыюу салган. Америка, Кытай жана Батыш Европа өлкөлөрү бул программаны пайдаланышат. Көптөн бери пайдаланып келе жаткан өлкөлөрдө ВИЧти жуктуруп алуу жокко эсе. Ал эми Кытайга барганда өзүм көрдүм, эртең менен полициясы автобус менен баңгилерди чогултуп алып барып, метадонду ичиргенден кийин үйлөрүнө кайра жеткизип коёт экен. Тигилер ишин уланта беришет.
Бул программаны 5-10 жылга чейин пайдаланып, анан таштаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дарыланып жаткандардын 20 пайызы түз жолго чыгышты, кээ бири дагы деле метадон кабыл алышса, кээси кайра эле героинге өтүп кетишти. Менин билишимче, метадон бүгүнкү күнгө чейин 2 миң кишинин жашоосун сактап калды. Ал эми биздин өлкөгө метадон чыгаруучу завод курулат деген сөз – ушак. Дүйнө жүзү боюнча мындай эки эле завод бар, алардын чыгаргандары эле бүт дүйнө жүзүнө кеңири жетет. Кыргызстан жылына ашып кетсе 80 килограмм колдонушу мүмкүн. Завод курбай эле аны бир баштыкка салып алып келсе болот. Мен 5 жыл баңгилерди реабилитациялоо боюнча иштедим. Билгеним боюнча, баңгилердин он кишиден бирөөсү калат, калганы өлөт. Ал эми метадон аларга узагыраак жашоого мүмкүндүк берет.
Кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровду сотко берели деп турабыз. Себеби, биринчиден, ал тасмага тартылган балдардын атын жазбай, баңги деп койгону – шылдыңдагандык. Экинчиден, тасмага тартылган адамдарга эмне үчүн тартып жаткандыгы тууралуу ачык айткан эмес.

Мындай талаш маселеден туура чечим чыгарына ишеним арта туралы. Ал эми мекендештерге эч качан баңгизатынын даамын татып көрбөй эле койгула демекчибиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Метадон тузакпы же баңгилерди айыктыруунун жолубу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mahmud
2011-11-24 16:09:23
жаман нерселерди кулагыбыз укса да козубуз корбосун
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан