БАЛА КАЙСЫ МААЛДА БОЙГО БҮТСӨ, ОШОЛ МААЛДА ТӨРӨЛӨТ

Иш пациенттерди текшерүүдөн башталат

Эшиктен баш бакканыбызда эле төрөт үйүнүн кабылдамасында кезек күтүп турган бир топ кош бойлуу айымдарга туш болдук. Аларды айланчыктай тууган-туушкандары, күйөөлөрү жүрүшөт. Алгач кош бойлуу айымдардын ал-акыбалын сурап, баарлаша кеттик. Көбү толгоосу башталгандыктан келгенин айтышса, бир тобу бойдон түшүп калуу коркунучу, анемия жана башка оорулардын айынан дарыланганы келишиптир. Бирок, баарынын эле максаты бир – аман эсен көз жарып алуу. Биз да ал тилектерге кошулуу менен жолубузду уладык. Алдын-ала жетекчилик менен сүйлөшүп койгондуктан, түз эле Тимур агайдын кабинетине кирдик. Көп өтпөй жогорку категориялуу акушер-гинеколог, медицина илимдеринин кандидаты Абушахманов Тимур агай өзүнүн опурталдуу жумушунун бир күнүнө бизге жол баштады.
“Чү” дегенде эле ишти кош бойлуулар жаткан палаталарды кыдыруудан баштадык. Тимур агай ар биринин акыбалын сурап, текшерип, ара-чолодо биздин суроолорго да жооп берип жатты.

– Агай, эмне себептен бул кесипти тандап калдыңыз?
– Ар бир кесип өзүнө дилгир адистерди талап кылат эмеспи. Мен бала чагымдан эле доктур болууга кызыкчумун. Мектепти бүткөн соң чын эле медицина институтуна тапшырып, өтүп кеттим. Медицина илими менен таанышып жүрүп, наристелердин жарык дүйнөгө келиши өзүнчө эле укмуш керемет экенин туюп, кызыга баштадым. Кыскасын айтканда, эркектерге көп коошпогон бул кесипти тандап алганыма дайыма өзгөчө нерселерге кызыгуум түрткү берди болуш керек.
– Канча жылдан бери бул жерде эмгектенип келе жатасыз?
– 1993-жылдан баштап. Жалпысынан 15 жыл болду. Башында ушул эле жерде “Кош бойлууларга кеңеш берүү” бөлүмүндө иштечүмүн.
– Сөзүңүзгө аралжы, кош бойлуу кезде аялзаты көбүнчө эмнелерге көңүл буруусу зарыл?
– Кош бойлуулардын биринчи оорусу эле анемия (кандын азайып кетиши). Мындай маселеге чалдыкпас үчүн тамактанууга жакшы көңүл буруу керек. Көңүл буруу керек десе эле жалаң эт, май эмес, тескерисинче, жаңы бышкан жашылча-жемиштерди, курамында темир, кальций, белогу бар азыктарды тамак рационуна кошуу керек. Кош бойлуу аялдар колдон келишинче тамак-аштын түрлөрүнөн өздөрүн чектебеши керек. Бизге кош бойлуу кезинде катталбай, базарларда иштеп жүрүшүп, толгоосу башталганда гана келгендер аз эмес. Андай учурда урушканда эмне пайда? Тезинен тиешелүү чара көрүп, энени аман-эсен төрөтүп, эне-баланы сактап калуу керек болуп калат. Бирок, өз баласынын, өзү­нүн ден соолугуна, өмүрүнө кайдыгер мамиле жасаган мындай энелерге, алардын күйөөлөрүнө таң калбай коё албайсың.
Бул кептин аягына чыккыча палаталарды да кыдырып бүттүк. Биз менен сүйлөшүү менен катар кош бойлууларга көңүл бөлгөн Тимур агай көпчүлүгүн: “Керебетте тоголонуп жата бербей ары-бери баскыла!”- деп ордунан тургузуп, бастырып жатты.

“Кыздуу болдук!”

Аңгыча болбой жаш келиндин толгоосу башталып калды. Мындай кабарды угар замат биздин «жол баштоочубуз» ал келин жаткан төрөт бөлмөсүнө жөнөдү. Бөлмө бир топ кенен келип, бардык шарттары бар экен. Азыр кош бойлуу кааласа креслодо же керебетинде, болбосо, тикесинен тик туруп төрөгөнгө да уруксат бар тура! Мурдагы союз учурундагыдай беш-алты айымды бир төрөт бөлмөгө киргизип койгон учур азыр жок. Албетте, ошонусуна жараша акысы төлөнсө... Муну “эркин төрөт ыкмасы” деп коюшат экен. Кош бойлуунун каалоосу боюнча жолдошу же жакын адамы төрөт учурунда катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындай ыкма бизде колдонула баштаганына көп деле убакыт болбосо да, жубайларынын толгоосун кошо тартышкан эр жигиттер аз эмес. Тимур агай улам саатын карап коюп турду. Бир маалда келиндин кан басымын текшерди. “Аялзатынын бир өлүмү төрөттөн” деп бекер айтылбаса керек. Жаны ооруй кыйналып жаткан келинге кеп-кеңешин берип, биздин каарман дале камаарабай турат. “Бир жардам бербейби? Ушинтип тура береби?”- деп тынчыбыз кете баштады. Көрсө, келиндин толгоосу бышып жете элек экен. Бир кезде акушер өз алдынча кобурап: “Буюрса, бала оңунан түшүп келе жатат”,- деп калды. Мен чыдабай кетип суроо берип кирдим.

– Оңунан түшүп келе жатат дей­сизби?
– Кээде бала буту менен түшүп же моюнуна киндиги оролуп калышы мүмкүн. Бул учурда эне да, бала да кыйналып калат. Бирок, кандай болгон учурда да операция жасаганга шашылбоо керек. Таптакыр эле эне кыйналып баштаганда аргасыздан кесарево сечение жасалат.
– Мындай операциянын зыяндарын көп эле угуп калабыз...
– Азыр медицина бир топ өнүккөн. Операция керек болсо тигилген жиптин изи калбагандай кылып жасалат.
Менин суроолорума эми эле бе­рилүү менен жооп берип жаткан акушер толготуп жаткан келинге бу­рулуп, биздин бар экенибизди да унутуп салгандай болду. Эң эле жоопкерчиликтүү көз ирмемдер алдыда турганын туюп, мындан ары тоскоол болбош үчүн жыла басып төрөт бөлмөсүнөн чыгып кеттик. Биз чыгарыбыз менен кулагыбызга наристенин ыңаалаган үнү жаңыра түштү. Кудум биздин жакын адамыбыз төрөгөн сымал жеңилдене дем алып, көздөргө кадимкидей жаш айланып, шалдырай отуруп калдык.
Аңгыча “кыздуу болдук!” деп жылмайган Тимур агай сүйүн­чү айтып, бөлмөдөн чыгып келди. Билинбегени менен, келиндин төрөтү бир саатка созулуптур. Эми калганы дарыгер айымдын колуна өткөзүлүп берилди.

“Миң беш жүзүнчү кызым төрөлдү”

Бети-колун жууп, төрөт бөл­мө­сү­нөн чыккан соң биздин каарман бая­тан бери коридордо күтүп турган келиндин апасы менен жолдошуна “кыздуу болдуңар!” деп сүйүнчүлөдү. Жетине албаган келиндин апасы беш жүз сомдук кагазды “рахмат, тим эле коюңуз” деген­ге болбой акушердин чөнтөгүнө салып койду. “Сүйүнчү алуу – корруп­ция эмес” деп тамашалаган Тимур агай менен бир чыныдан кофе ичүү­гө бастык.

– “Төрөт учурунда врачтар кыйкырып урушат” деген кептерди укчу элек. Сиз болсо эркелетип, жылуу-жумшак сөздөрдү айтат экенсиз. Бул сиздин ык­маңызбы?
– Бул ыкманын деле минустары бар. Мисалы, эркелетип койсоң таптакыр эле обу жоктонуп кеткен айымдар деле кездешет. Же “күйөөм кирсин” деп суранып туруп алышат. Анысы кирер замат өзүн таштап жиберишет. Төрөт учурунда шалдырап, өзүн бош коё берүү коркунучтуу. Андайда биз айымдын каалоосуна карабай, жолдошун чыгарып салууга мажбур болобуз.
– “Күйөөсү төрөт учуруна катышса, аялынан иренжип калат” деп да айтып калышат го...
– Болушу мүмкүн. Көрдүңүздөр го, төрөт маалында аялзатынын кебетеси өзгөрүп, катуу кыйналат. Атүгүл заң чыгып кетиши мүмкүн. Мурда сөзсүз түрдө клизма жасачубуз. Азыр башта айткандай, ”эркин төрөт” болгондуктан, алдын-ала тазаланууларга да катуу карабайбыз. Баары кош бойлуунун каалоосу менен. Мына ушундай көрүнүштөр эркектин психикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Айрымдар аялынын кыйналганын көрүп, коркуп да калышат. Албетте, дагы бирөөлөр эне болуунун кыйынчылыгын көрүп энесин, аялын абдан сыйлап да калышат.
– Бир күндө эң көп бала төрөт­көн күнү­ңүздү эстеп көр­сөңүз...
– Бир жолу 8 баланын төрөлүшүнө катышкам. Ии, баса, мына азыр туура миң беш жүзүнчү кызым төрөлдү. Мен төрөткөн балдардын баарын “уулум, кызым” деп атоону адат кылып алгам. Анткени, ушунча баланын киндик атасымын да.
– Ай-ий, жаңылбай санап да жүрө­сүзбү? Жубайыңыздын тө­рөтүнө да катыш­тыңыз беле?
– Сөзсүз да. Мына 8-ноябрда эле балалуу болдум.
– Бешик бооңуз бек болсун!

Денени кыскан кийимдердин зыяны төрөттө билинет

Аркы-беркилерди сүйлөшүп, жа­ңы эле түшкү тамактанууга камданып жатканда кайрадан чакыруу келип, эми каарманыбыз эгиздерди төрөтүүгө камданып калды.
Бул айымдын төрөтү да кыйын болду окшойт. Бир топко чейин ыңаалаган баланын үнүн качан угабыз деп кулагыбызды түрүп отуруп чарчадык. Бир маалда тердегенинен халаты денесине чапташып Тимур агай чыга келди. “Жамбашы кууш экен. Бүгүн эмнегедир жалаң эле “первородкалар” туш болуп жатышат”,- деп чарчаганын билгизбемиш болуп жылмайып койду. “Негизи, бою узун, жамбашы жазы аялзаты көп кыйналбай төрөйт. Анын үстүнө, азыр мода деп эле өспүрүмдөр денесин кыскан кийимдерди кийип жатышпайбы. Ошондон да мүчө жакшы өнүкпөй калат. Мына ошонун кесепети кыз балдар үчүн төрөттө билинет”,- деп кейип да алды.
Акушерлердин арасында “бала качан бойго бүтсө, ошол маалда төрө­лөт” деген тамаша кеп бар экен. “Бул кептин чындыгы жок эмес. Чынында эле балдар күндүзгүгө караганда түнкүсүн, таңга маал көп төрөлүшөт”,- деп жылмаят биздин каарман. Биз кыдырып көргөн бул төрөт үйүндөгү ар бир төрөт бөлмөдө бирден акушер, дарыгер айым күзөткө турушуп, түнү бою ушул жакшы жаңырыктардын күбөсү болуп, уйку көрүшпөйт экен. «Түн уйкудан калсак да биз бактылуубуз. Анткени, бул дүйнөдө баланын төрөлүшүнөн өткөн жагымдуу кабар жок»,- дейт Тимур агай.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 320, 19 - 25-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан