КӨЧӨЛӨР КИМДИН АТЫН АЛЫП ЖҮРӨТ?

ЖУКЕЕВ-ПУДОВКИН
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ
Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн түндүк башы темир жол бекети жайгашкан Л.Толстой көчөсүнөн башталып, түштүктү көздөй созулат. Аягы Токомбаев көчөсүнөн бүтөт. Толстой, Кулатов, Горький, Медеров, Скрябин, Суваналиев, Жантөшев, Ахунбаев, Койбагаров, Сүйөркулов көчөлөрү менен кесилишип өтөт. Бул көчө мурда Дубовая көчөсү деп аталып келген.
Жукеев-Пудовкин ким болгон?
Табылды Жукеев – кыргыздан чыккан революционер-большевик жана интернационалист. Жашыруун аты – Александр Александрович Пудовкин болгон. Ал 1882-жылы Кыргызстандын Каракол уездиндеги Жети-Өгүз болушунда (азыркы Жети-Өгүздүн Көк-Мойнок кыштагында) туулган. 1899-жылы 17 жашар Табылдыны кожоюну Анжияндын мал базарына өзү менен кошо ала келип, таштап кетет. Ошондон кийин Ташкентте көп жылдар бою темир жол салып иштеп жүрөт. 1905-1907-жылдардагы биринчи орус буржуазиялык-демократиялык революциясы учурунда Ташкент, Кызыл-Арбат, Красноводск шаарларында жумушчу кыймылына катышат. 1907-жылы октябрда Ташкентте шаардык полициянын начальнигине кол кайрыгандыгы үчүн камалып, өлүм жазасына өкүм чыгат. Ошол эле жылы өлүм жазасы 30 жылдык сүргүн менен алмаштырылган. Февраль революциясында боштондукка чыгып, 1918-жылы өз ыктыяры менен Кызыл Армиянын катарына өтөт. Ошол күндөн тарта революцияга каршылар менен күрөшүү жаатында уюшулган атайын комиссияда иштейт.
1919-жылы түштүк фронтундагы 22-аткычтар дивизиясынын 197-мусулмандар полкунун комиссары болуп дайындалган. Крым менен Кавказды ак гвардиячылар менен интервенттерден бошотууга катышат. 1920-жылы июлдан Түркстан фронтунун ыкчам иштөөчү жашыруун бөлүмүндө, 1924-жылдан тарта Кыргызстанда советтик, чарбалык жана башка кызматтарда иштеген. 1930-жылы дүйнөдөн кайткан.

ПАТРИС ЛУМУМБА
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ
П.Лумумба көчөсү Бишкек шаарынын түндүк-батышында жайгашкан. Анын түндүк башы Чоң Чүй каналынын жээгиндеги Талды-Суу көчөсүнөн башталат. Кубаныч, Ильменская,Троицкая, Волкова, Очаковская, 9-январь, Дэн Сяопин проспекти, Арзамас, Мукаш Абдраев, Бегималы Жамгырчинов көчөлөрүн кесип өтөт. Түштүк башы Орск көчөсүнө барып такалат.
П.Лумумба ким болгон?
Патрис Эмери Лумумба 1925-жылы 2-июль күнү Конгодо (Африкадагы өлкө) төрөлгөн. Ал – коомдук жана саясий ишмер. Конго Демократиялык Республикасынын биринчи премьер-министри, улуттук баатыр, акын, Африка элдеринин боштондук күрөшүнүн символу.
Боштондук үчүн болгон аракеттеринин кесепетинде камакка алынат. Түрмөдө жатып, саясатка мыйзам жолу менен аралашууну ойлойт да, бошонгондон кийин “Конгонун улуттук кыймылы” аттуу партиясын негиздейт. Шайлоодо партия жеңишке жетишип, ал Конгонун биринчи премьер-министри болуп дайындалат. 1960-жылы 7-июлда П.Лумумба СССР менен дипломатиялык мамиле курууга жетишет. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бекемдөө үчүн Москвада анын атын жаңы ачылган Эл аралык достук университетине жана көптөгөн шаар көчөлөрүнө ыйгарууга чечим чыгарылат. 1960-жылы өлкөсүндөгү баш аламандыкка жол бергендиги үчүн Лумумба жумушунан бошотулуп, үй түрмөгө камалат. 1961-жылы 17-январда каза тапкан.

(Уландысы кийинки сандарда)

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан