«Чуркап келип, өпкүлөп кирген...»
– Бир жолу Канат байке, досторум менен кечки тамактануу үчүн шаарыбыздагы кафелердин бирине барып калдым. Анан жаңы эле кафенин босогосун аттаар замат бир кыз келип кучактай калып: “Мирбек, кандай?”- деп бети-башымдын баарын өпкүлөп кирсе болобу! А Канат байкелер болсо атайын бизге даярдалып турган кафедеги башка бөлмөгө кирип кетишкен болчу. Тигил кыз мага сөз бербей ал-жайымды сурап, өпкүлөгөнүн токтотпойт. Анан бир аздан кийин: “Мен сенин фанаткаңмын”- деп айтты. Мен жылмайып гана: “Чоң кыз, мен кетейин”,- деп кетип калгам.
«Ырымдап кичинекей баланын оозуна түкүргөм»
– “Не моя” аттуу концертим менен Кыргызстандын бардык аймактарына гастролго чыккан элем. Анан Өзгөн районуна барып калдык. Концертим аншлаг менен өтүп, аябай кубанып жүргөн болчумун.
Бир күнү эле адаттагыдай концертте ырдап жатсам, кичинекей бала келип, “оозума түкүрүп коюңузчу” дейт оозун ачып. Мен түшүнбөй туруп калсам, “түкүрүп койбойсузбу эми” деди ал кайра. Аңгыча апасы келип: “Мирбек, бул жакшы ырым. Баламдын оозуна түкүрүп койчу. Сендей мыкты адам, жакшы ырчы болсун”,- дегенде гана түшүнүп, оозуна түкүрүп бердим. Ошентсе да, бул мен үчүн аябай ыңгайсыз болгон.
Кызыктуу статистика
“Кумирге кат” бөлүмүндөгү билдирүүлөрдөн...
honey, 12.02.2007. Бир жолу 2007-жылы 31-январда «Браво» телеберүүсүнөн «Мирбек Атабеков сахнадан кетти» деген кабар уктум. Ушул төрт сөздү уккандан кийин эч нерсени түшүнбөй туруп калдым. Бир аздан соң өзүмө келип, алпаруучу айткан сөздөрдү кайрадан эстедим. Ошондо көзүмөн жаш тегеренип, «МИРБЕК» деп согуп жаткан жүрөгүмдү бирөө тартып жулуп салгандай болду.Ошол учурда Мирбектин жанына учуп кетким келди. Ошондогу жан дүйнөмдө от болуп жанган сезимимди сөз менен айтууга мүмкүн эмес эле...
А-как хочется поцеловать,
Т-ак крепко тебя обнять.
А-потом никому не отдать,
«Б-еги к нему!» сердце велит.
Е-сть реальность, она о другом говорит,
К-ак мне жить? Как тебя забыть?
О-днажды когда-нибудь исполнится мечта моя,
В-ерю и ты полюбишь меня.
PrinCeSsa GLAMOURA, 05.03.2008. Ким Мирбек Атабековдун телефонун биле-е-ет? Мага бергилечи, PLEASE!!!
Jakshu bala, 12.11.2008. Азамат! Бардык жагынан жарашып турат! Арыктыгы эле болбосо...
Жагымдуу SMS билдирүүлөр
Өзүмчүл күйөрманың
Тапчы, мен киммин?
Айжан
Гүлкайыр
Айгүл
Гүлгина: «Мирбектин күйөрмандары интеллигенттер»
– Мирбек сахнага алгач “Сени гана” аттуу ыры менен чыкканда эле мага үнү жагып калган. Кийин ар бир ыры хитке айлана баштады. Чындыгында, Мирбектин талантын баалайм. Ошондой эле башка ырчылардын күйөрмандары чегинен ашкан ыксыз жоруктарды жасашса, Мирбектин фанаттарынын көпчүлүгү интеллигент адамдар!
Салима: «Үйбүлөбүз менен Мирбекти жана анын ырларын жакшы көрөбүз»
– Негизи, үйбүлөбүз менен Гүлнур эженин жана жаш ырчылардан Мирбектин ырларын жакшы көрөбүз. Айрыкча мен. Мирбектин ар бир ыры уккулуктуу, мазмундуу. Өзүмдүн бөлмөмө анын сүрөттөрүн илип алгам. Ошондой эле концерттеринин бирин да калтырбай барып турам. Мирбек менен чыныгы жашоодо жакындан жолукпасам да, кыялымда күнүгө жолуга берем.
Мирбек Атабеков: «Фанат болуп көргөн эмесмин»
– Негизи, бир ырчыны кумир тутуп жана ага арнап ойго келбес жоруктарды жасап көргөн эмесмин. Болгону, кээ бир ырчыларды чыгармачылык жактан сыйлайм. Ошентсе да, менин талантымды баалагандары үчүн өзүмдүн күйөрмандарыма чоң ыраазычылыгымды билдиргим келет. Анткени, алардын менин ырларымды жакшы көрүп угушканы дагы жаңы хиттерди жаратуума түрткү болуп турат.
Даярдаган Бактыгүл Абдыкадырова